"РЕФЕРЕНДУМ ЖӨНҮНДӨ" МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ЭКИНЧИ ОКУУДА ЖАКТЫРЫЛДЫ

№728 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж

Жогорку Кеңеш "Референдум жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун 12-октябрда экинчи окууда жактырды. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев талкуу учурунда Баш мыйзамдын өзгөртүлгөн ар бир беренесине өзүнчө добуш берүүнү сунуштады, бирок КСДПнын башчысы Иса Өмүркулов "элдин башы айланат" деп каршы чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да убакыт аз калганын бетке тутуп, Төрөбаевдин сунушун четке какты.
11-октябрда Конституциялык палата да Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин мыйзамдуу деп тапты. Конституциялык палатанын өкүлү Назгүл Нурбекованын айтымында, судьялар маселени карап, өзгөртүүлөрдү киргизүү азыркы Баш мыйзамга каршы келбейт деп жыйынтык чыгарышкан. Жалгыз гана судья Эмил Өскөнбаев 2020-жылдын 1-сентябрына чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө болбой турганын айтып каршы чыккан.
Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхында, Акаевдин учурунда деле, Бакиевдин башкаруусунда деле Конституциялык сот бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин "мыйзамсыз" деп каршы корутунду берген эмес. Конституцияны өзгөртө берүүнүн кесепети өлкөдө бийлик алмашуунун бирден-бир себепкери болуп, убагында "мыйзамдуу" делген чечимдер кийинчерээк мыйзамсыз болгонун тарых тастыктап келет. Жогорудагы Конституциялык палатанын корутундусуна да тарыхый баа берүүгө мезгил жетет.
8-октябрда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга каршы Элдик курултай болуп өттү. Жыйынтыгында кыймылдын Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин билдирген жана бир нече саясий талаптардан турган резолюция кабыл алынды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо