БАШКЫ ШТАБДЫН КЫЗМАТКЕРИ КЫЛМЫШКЕРГЕ КУРАЛ САТКАН

№728 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын айдоочусу курал-жарак сатууга айыпталууда. Аны менен Чек ара кызматынын прапорщиги чек ара кампаларынын биринен АКС-74 үлгүсүндөгү автоматты сатып жатып кармалган. Айдоочу уюшкан кылмыштуу топко 3 даана куралды сатып жатып кармалган жана үйүн тинтүүдөн өткөргөндө кампадан уурдалып кеткен ок-дары, куралдар табылган. Кылмышты Ички иштер министрлиги ачты. ИИМдин маалымат борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев бул кылмыш иши Аскер прокуратурасына өткөрүлө турганын айтып, калган маалымат алар тактагандан кийин гана берилерин маалымдады. Аскер кампасынан курал-жарак сатканы боюнча 2 аскер кызматкери кармалганын Башкы штаб тастыктады. Бул иш боюнча Башкы штабдын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаевге сөгүш жарыялоо менен чектелген. Бул ишке жалгыз айдоочунун кудурети жетмек эмес, башка чоң "фигуралар" болушу мүмкүн деген ой жаралат. Өлкөдө терроризм коркунучу кулач жайган тапта уюшкан кылмыштуу топторго курал сатуу жүрүп жатканы үчүн керек болсо бүтүндөй күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жазаланышы керек.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо