БИР БҮРКҮМ

№728 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж

  • КСДПнын депутаты Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна ИРИНА КАРАМУШКИНА мандат алды. 5-октябрда Сатыбалдиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган болчу.

  • Кыргызстан АЛТЫНДЫН ЗАПАСЫ БОЮНЧА 100 өлкөнүн ичинен 83-орунга ээ болду. Рейтингди Эл аралык эксперттик уюм чыгарган.

  • Мамлекеттик ишмер ИСХАК РАЗЗАКОВГО "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы жана "Ак шумкар" төш белгиси берилди. Сыйлыкты кызы Элмира Раззакова алып, үй музейге өткөрдү.

  • Бишкекте 14-октябрдан тарта үйлөрдү ЖЫЛЫТУУ башталат. Былтыр жылытуу сезону 20-октябрда башталган.

  • "Save the Children" ("Балдарды коргоо") уюмунун маалымдашынча, 18 ЖАШКА ЧЫГА ЭЛЕК кыздардын турмуш куруусу боюнча Кыргызстан 144 өлкөнүн ичинен 59-орунда турат. Казакстан 30-орунда.

  • Улуттук банктын маалыматына караганда, ушул жылдын январь-август айларында МИГРАНТТАР Кыргыз мамлекетине 1 миллион 260 миң доллар которушту. Бул көрсөткүч былтыркыдан 143,6 миң долларга көп.

  • Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматы боюнча, Кыргызстан КООПСУЗ 141 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

  • Депутат ЖАНАР АКАЕВ педагогикалык адистиктерде окуп жаткан студенттердин стипендиясын 2 эсе көтөрүүнү сунуштады. Муну ишке ашыруу үчүн бюджеттен
    31 миллион сом кошумча каражат керек болот.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо