1990-ЖЫЛДАРДЫН ЖЫЛДЫЗЫ НУРЛАН ТИЛЕБАЕВ КӨЗ ЖУМДУ

№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж

Бүгүн Нурлан Тилебаевдин колунда ойнолуп обон жараткан гитарасы, эл оозунда калган чыгармалары, тууган-уругу, жубайы, эки кызы жетимсиреп каңырыгы түтөп турган кез. 17-октябрь күнү таңга жуук обончу, ырчы Нурлан Тилебаев 4 жыл алпурушкан боор оорусунан улам дүйнө салды.

Нурлан Тилебаев 1967-жылы Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 3 эркектин улуусу. 1990-жылдары «Оо, жаным», «Назира», «Унутам деп», «Туулган күн», «Сүйүү кечи», «Эненин арманы», «Эңсөө бийлеп» сыяктуу ошол жылдардын бир топ хит ырларын жаратып калың журтка аты таанылган. Ошол эле учурда КТРде алгач оператор катары, кийинчерээк режиссёр болуп эмгектене баштаган. Кийин 2010-жылдан тарта ЭлТРде да режиссёрлук кызматын улап, баш-аягы өмүрүнүн 25 жылдайын теле тармагына арнаганын айтып берер эле.

Уулжан, Нурлан Тилебаевдин жубайы: «АКЫРКЫ СӨЗҮ «КЫЗДАРДЫ ЖАКШЫ КАРА» ДЕГЕНИ БОЛДУ»

– Бул куураткан боор оору менен 4 жыл алпуруштук. Кайдан, кантип жуктуруп алганын да билбейбиз. Нурлан ооруп жатканда колумдан келишинче жакшы караганга аракет кылдым. Акыркы күндөрү өзү да баарын сезип жатты. “Кыздарымды жакшы кара, урушпа, татыктуу тарбиялап, тууруна кондур, сага абдан ыраазымын. Эгер бирдеме болуп кетсем, сөөгүмдү айылга алып барып апамдын жанына койгула” деген (ыйлап).

Бейшенбек Бекешов: «НУРЛАН ШОРДУУНУН БИР ЖАНАР ТООСУ АТЫЛБАЙ КЕТТИ»

– Нукем экөөбүз КТРде чогуу иштегенбиз, ал режиссёр болчу. Кийин ЭлТРге да мен аркылуу келсе керек эле. Жакшы санаалаш достордон болуп кеттик.
Шордуу Нукем "куурадым, Бейшеке, аябай куурадым" деди мындан бир жумача мурда. Араң сүйлөйт. Баса албайт, тура албайт. Демейде сайраган тилим буулат. Эптеп тантырап, "баарыбыз Кудайдын колундабыз" демиш болом. Мурдагы күнү жубайы Уулжан чалат, «Москвада операция жасаган Капранов деген доктур Бишкекке келиптир, ошого да алып барайынбы? Бул жердеги врачтардын баары эми бизден пайда жок дешти» деп. «Алып бар, баягыны жасабай калдык эле деген өксүк калбасын» дедим мен. Түштөн кийин кайра чалды. «Алып бардым. Мен жасаган операциянын бул жерде ролу жок экен деди» деп. Куураган Нукем кечээ күнү тилден калып, айылына алып кетишкен. Айылына деле жетпептир. «Таңкы азан айтылып жаткан учур болчу» дейт жубайы. Кудайдын аты жаңырып жаткан кезде кетиптир жаны. Нурлан шордуунун бир жанар тоосу атылбай кетти. Адамдын чучугуна жеткидей укмуш керемет обону бар эле. Ошону жаздырып калууга үлгүрбөдүк, шартын келтире албадык. Мейли эми, нечен муун кыргыз ырдай турган ырлары калды, буга да шүгүр. Кан досум, бул өмүрдө туубай тапкан бир тууганым Нурлан шер чынында эле жакшы адам болчу.

Абдышүкүр Нарматов: «ООРУНУН КЕСЕПЕТИНЕН АПАСЫНА ТОПУРАК САЛА АЛБАЙ КАЛГАН»

– Нурлан Тилебаев артист болуп жүргөндө аны менен тааныш эмес элем, сыртынан гана тааныганым болбосо. Бирок кийин ал ЭлТР каналында иштеп жүргөндө мен дагы «Жума баяны» деген берүү менен иштеп калдым, ошондо таанышканбыз. Шарият боюнча бирөөнү жакшы билиш үчүн анын кошунасы болуп, кирген-чыкканын билиш керек, же аны менен аласа-бересе кылып карыз берип, карыз алып көрүш керек, же бирге сапарга чыгыш керек. Ошондо адамдын ким экенин билет экенбиз. Мен Нурлан Тилебаев менен жөн гана сапарга чыкпастан, исламдагы 5 парздын бири болгон ажылык сапарга чыктым. 30 күн бирге болдук. Ажылыктан келгенден кийин үй-бүлөбүз менен катташа баштадык. Кыздуу болгондо кызынын ысымын мен койгом. Пайгамбарыбыздын Африкадан келген Билал деген азанчысы болгон. Мен Нурланды кыргыз Билал деп коёр элем. Себеби намаз окуган кесиптештерин ар дайым жакшылыкка үндөп, «намаздын убагы келди, намаз окудуңузбу?» деп эскертип турчу.
Катуу ооруп калганында апасы өтүп кетти. Ушул оорунун кесепетинен апасынын жаназасына бара албай, топурак сала албай калган.

Бактылуу күндөрдөн бир элес.


Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(10)
24.10.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаткан жери жайлуу болсун
24.10.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми Аллах ошол жактан айтсын.
Бейишин берсин!
24.10.2016. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыйманы саламат болсун, жаны Жаннаттан орун алсын! Үй-бүлөөсүнө көңүл айтабыз!
24.10.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун, жакшы киши эле...
24.10.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2 эмес 3 кызы бар.
24.10.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун ылайым... жакындарына сабыр кылыныздар демекчимин
24.10.2016. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун.((
25.10.2016. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uwul boor oorusu kaiaktan kelip chykty eken??? biroo boorunan ketiptir degen sozdu uksam ele ichim achywat! Allaxym kimge ooru berseda wypaasyn kowo berse kana))) beiywten jai bergen bolsun echkimdi jakynynan airybasynchy!
26.10.2016. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Күнөөлөрүн кудай кечирсин.
27.10.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
90 жылдары хит болчу Таалай Бектурганов экоонун ырлары менен сыздачу элек....топурагын торко болсун!!калган омурунду кыздарына берсин....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо