Элмирбек Иманалиев: "КАЛЕМПИРГЕ ШЕКЕР АРАЛАШТЫРЫП ЖЕГЕНДЕЙ БОЛУП ТУРАМ"

№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж

Жакында эле төкмө акын Элмирбек Иманалиев "Эл артисти" наамын, Гүлбү Ороскул кызы Ардак грамотасын президенттин колунан алып кубанып жатышкан. Жакшылыктын артынан жакшылык болуп, бул эки инсан 17-октябрда Бишкектеги ресторандардын биринде тун кызы, "Супер сулуу-2013" сынагындагы "Сымбаттуу сулуу" наамынын ээси Айзуураны турмушка узатышты. Кыргыз элинин маданият чөйрөсүнүн каймактары чогулган бул тойдун сценарийин режиссёр Сагын Ниязалиева түзгөн.


Тойду манас айтуу, арча түтөтүү менен баштап, минтип жеңелердин аркан тосуусу менен күйөө баланы тосуп алышты.


Умай эне сунган актан тилектерин айтып эки жаш ооз тийишти.


Бул эки таланттуу инсанды бүгүнкү күнү бириктирген, албетте, кыздары болду. Айзуураны тапкан ата-энесин чогуу көргөнүбүзгө жүрөк жылып, биз да кубандык.


Гүлсүн Мамашова, Роза Аманова, Гүлнур Сатылганова, Сыймык Бейшекеев, Осмонбек Артыкбаев, Бөдөш Мамырова, айтор, белгилүү инсандардын баары тойдун сыйлуу коногу болушту. Ага далил катары Топчубек Тургуналиев минтип ортодо бийлегенин айта кетсек болот.


Тойдун жүрүшүндө кыз-жигиттен сармерден уюштурулган соң балдызы Сезим чыгып жездеси Мирзаттын кулагын чоюп, жездесинин капчыгын жакшы эле жукартты көрүнөт.


Камдуу жүргөн Гүлбү айым кызын биротоло себи менен узатты.


Бүгүн Айзуура ата-энесине минтип болушунча эркеледи.


Айзуура кайнатасы Асан мырза жана кайненеси Каным айым менен. "Айзуураны келин эмес, кызыбыздай көрүп, көлдүн ак куусу кылып алабыз" деп келинине сөйкө салышты.


Тойдун соңуна жетип калганда ата-эне батасын беришти. Кыргыздын салты менен турмушка узап жаткан кыздын чачын өрүп, апасы даярдаган шөкүлөнү кийгизишти.


Өкүл ата, өкүл апалык милдет чыгармачыл үйбүлө Ишен Календаров менен Гүлзат Байзаковага ыйгарылган. Гүлзат айым коноктордун баарын ыйлатып "Кызыма" деген ырды ырдап Айзуураны көлдүктөргө келин кылып узатты.


БЛИЦ-МАЕК

– Элмирбек агай, той кут болсун! Кызыңызды узатып ичиңиз ачышып жатса керек?
– Албетте, ичим туз куйгандай ачышканы менен, кызым мен билген, эл тааныган адамга турмушка чыгып жатканына кубанып турам. Мурун көрүп-билбеген эле бирөө алып кетсе ичим катуураак ачышмак экен. Жана Садык Шер айткандай, калемпирге шекерди аралаштырып жегендей эле болуп турам. Мирзатты тааныйм, билем, тарбия көргөн, мыкты жигит. Экөөнүн келечеги кең, бактылуу болот деп балдарыма ишенем.

– Гүлбү эже, кыргыздын салтын чагылдырган өзгөчө тойго канча убакыт даярдандыңыз?
– Негизи кыздарым төрөлгөндөн баштап эле кооз буюм көрсөм кыздарыма деп чогулта берчүмүн. Сеп даярдай баштаганда сандыкты ачсак баары эле даяр экен. Апам "сен кичүү кызың Сезимдин да себин даярдап салгансың го" деп күлөт. Ошентип таенеси төшөктөргө пахта салып, көктөп берди. Кызыма деп чогулткан кийимдер да бир сандык болуптур, аны да сандыгы менен берип жатам. Ал эми тойдун даярдыгына кызын узаткан улуу эжекелерден кеңеш сурап 1 айдан бери даярданып келем. Кемчиликсиз той болбойт дейт го, 200 конок чакырганбыз, 70тей киши ашыкча келип кичине шашып калдык. Ал эми өкүл апа кылып баарыбыз кеңешип Гүлзат Байзакова эжени тандадык. Анткени ал Айзуураны кичинесинен бери жакшы билет, Мирзаттын жердеши. Эки жашка бирдей карап, экөөнү тең түшүнүп, колдоп кете алат деп ишендик.

– Мирзат, белгилүү инсандардын күйөө баласы болуу жоопкерчиликтүү бекен?
– Ооба, жакшы эле жоопкерчиликти сезип жатам, анткени ал адамдарга татыктуу күйөө бала болушум керек да. Негизи мен Айзуура менен сүйлөшө баштаганда атактуу адамдардын кызы экенин билген эмесмин. Бир айдан кийин досумдан угуп аябай таң калгам. Анткени Айзуура белгилүү адамдардын кызымын деп бой көтөрбөйт, жөнөкөй, акылдуу кыз. Ошондуктан жактыруу сезими дал ушул сапаты үчүн мурункудан да күчөп, буюрса, минтип үйлөнүү тойго жетип отурат.

– Айзуура, турмуш жолуна узап жатасың, толкунданып жатсаң керек?
– Аябай толкунданып жатам, өзүм бул жерде турганым менен, оюм башка жакта жүрөт. Эң негизгиси кыялымдагы мырзаны тапканыма сүйүнүп турам. Мирзат байкенин мүнөзү жөнөкөй, адамгерчиликтүү, атама абдан окшош.

Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg


Элмирбек Иманалиев менен Гүлбү Ороскул кызы Айзуураны турмушка узатышты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  24 
Комментарийлер(75)
24.10.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болушсун кармашкан колдору үзүлбөсүн.
24.10.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бактылуу болгула
24.10.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бироонун жашоосун сартировка кылганча озундун жашоонду упаковка кыыл дейт беле туугандар
24.10.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы эркектен аял эч качан качпайт, (От хороших мужчин, женщина не убежит). Эженин акылман, туз жургон аял экендигинде кумон жок. Кыргызда аялды куноолой бериш бул адат. Байкени жаман дештен алысмын, бирок Гулбу эженин кадырына жете албаганы айдан ачык корунуп турат.
24.10.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Суротто келиндин белин кайын атасы кармап алган го.
24.10.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruuke0000,ха-ха
24.10.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aruuke0000,кайнасынын колу келиндин белинен ылдый тушуп баратканын байкабай калганго
24.10.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nur123456, bel bolso da jakshy go, yldyyyi agyp ketip baratkanyn korup men uialyp kettim, anan da kuioosun Mirzat baike degeni jakkan jok, ozbekterge okshop
24.10.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаны келип аткан келинди кайын атасы белинен кармап алган го? Кыргызда качан ушундай болчу эле, ыйбаа кылып,кайын атанын алдынан кыя отпой туруш керек го?
11.09.2017. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arzu.kg,Колдун кайын аталары современный так что суротко тушуп атканда жакын тургула деди эч кандай терс корунуш жок..
24.10.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аиий Ош базарында журот окшойсунар ээ
24.10.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Укмуш элесинер эээ форумчулар!!!
24.10.2016. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Misi, сен деле укмуш
24.10.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болсун эки жаш.
Туугандар бироону сындагандын оордуна ар ким оз жашообузду билеличи.Бул деген ТУРМУШ.Ар бир адам бактылуу болсун.
24.10.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакыт каалайм
24.10.2016. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеосунда Гулбубу Ороскул кызы эмне деп суйлогонун озу тушунбой калган окшойт.
24.10.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула! Ата энеси эки бөлөк болсо дагы,кызынын жакшылыгында чыныгы маданияттуулугун көргөзүптүр. Ал эми эки бөлөк турмушуна бири бирин күнөөлөгөндөн алыс бололу. Анткени турмушта бул экөө эле эки бөлөк эмес. Андыктан ата энесине дагы Айзуураны тапкандагыдай сүйүү жана бакыт каалайм.
25.10.2016. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tolik,Бала учун ата эне эмнелерди кылбайт. Буларда кызы учун биригишти. Бактылуу болгула. Коз тийбесин тфу.тфу
24.10.2016. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болушсун
24.10.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай соонун ээ, эки жаш бактылуу болсун! Баарвна ушундай тойлор насип кылсын!
24.10.2016. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Элмирбек Иманалиев ким ырчыбы ?
25.10.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чынында ушул суурооно окуп алып аябай уялдым анда сага жооп КИРГИЗдесе.
кыргызда Женижок атан болгон анын айтылган созу бар:
Бул-бул учса тал калат,
Ак-куу учса кол калат.
Ак карлар кетет кыр калат,
Акындар кетет ыр калат.
Бетеге кетет бел калат,
Бектер кетет эл калат.
Алты кундук омурдо сыйлашып журуп отолу сыйдан башка не калат деген.
Элмирбек Агабыз белгилуу инсан канча иреет Айтыштан баш байгени татыктуу алган Казак-Кыргыз айтышында
25.10.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ Депутаттарга караганда сый урматка татыктуу кыргыздын инсаны. Элмирбек Агабызга ийгилик! балдарынызга кааларым ден соолукта, бактылуу кооп балалуу болушсун!
Модератор admin_media түзөттү 2016-10-25 13:40:32
25.10.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat9, курамы окшош сайттарга шилтеме калтырууга тыюу салынат!
24.10.2016. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
arzuuu, Билип билбейле бир нерсени жаза бербегилечи кошо жургонсубой,ар кимдин оз жашоосу озундо, Гулбу эже эн сонун журуш турушу.
25.10.2016. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mirzat "baike" joldoshubu? Emnege baike???
25.10.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнатанын колу каякта
25.10.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мирзат Түптүн кулуну, мен да түптүк авасы катары аны чын жүрөктөн куттуктайм, Мирзат азамат, биз түптүктөр сени менен сыймыктанабыз!
25.10.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элмирбек Иманалиевди тааныбагандарда бар экенда э?!
Токмо акын даалай ирет казактарды соз мн чоголотуп, кыргыздын намысын коргоп келет.
25.10.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула баш кощкон эки жаш...
27.10.2016. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайната молодец ХХХ ХХХ болуптурда хехе
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-10-27 10:28:03
27.10.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurrka, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
27.10.2016. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун....
27.10.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жакшы
27.10.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!! Мирзат биз сени менен сыймыктанабыз. Жердештерин.
28.10.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула! Кармашкан колунар эки дуйно узулбосун.
29.10.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула.
30.10.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне учун суротто гулбунун синдиси элмирбек экоонун ортосуна туруп алган?
27.11.2016. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(Ошентип таенеси төшөктөргө пахта салып, көктөп берди...) пахта дебей кебез десе туура болмок.
06.12.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rozaroza, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген, каралаган билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо