"Күйөөсүн жиликтеп өлтүрдү" деп айыпталган АЙДАЙ СУБАНОВА Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 16 жылга эркинен ажыратылды.
- 11-декабрь күнү өлкө боюнча 405 аймакта ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРГЕ шайлоо болуп өтөт. Анын 21и шаардык, 384ү айылдык кеңештер. Үгүт 11-ноябрда башталат.
- Интернетке тараган видеодогу кичинекей балдарын мушташтырган аталар 2 айга тергөө изоляторуна камалганын Ош ОИИБи билдирди. Алар ӨЗГӨН РАЙОНУНУН тургундары экендиги аныкталды.
- Кыргыз жарандары мындан ары КАЗАКСТАНДА 30 күнгө чейин каттоосу жок жүрө алышат. Бул документ эки өлкөнүн парламенти ратификациялагандан кийин гана күчүнө кирет.
- Ошто ИИМдин кызматкерлери БАҢГИЗАТТЫ көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын Н.Б. аттуу кызматкерин 1 килограмм баңгизатты 1000 долларга сатып жаткан учурунда колго түшүрдү.
- Ушул жылдын апрель айында Бишкек шаарынын "Аламүдүн" базарынын жанындагы үйдө 3 АЯЛДЫ ӨЛТҮРДҮ деп айыпталган адам 19-октябрда өмүр бою эркинен ажыратылды.
- Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча кызматтын төрагасы РАФИК МАМБЕТАЛИЕВ бошотулду. Жетекчинин милдетин аткаруу анын орун басары Сейитбек Эрматовго тапшырылды.
- Чүй облусунун ПРОКУРОРУ Руслан Нурбеков УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камалды. Ага карата пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
- 2016-жылдын 9 айынын ичинде 70 өспүрүм ӨЗ ЖАНЫН КЫЙДЫ, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 8 пайызга кыскарган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.
- 19-октябрь түнү Бишкек шаарында 3 үй-жайы жок адам ТОҢУП ӨЛДҮ. Бул тууралуу "Тез жардам" кызматы маалымат таратты.
- 1-октябрга карата өлкөдө 6,5 миңден ашуун ВИЧ ИЛДЕТИН жуктуруп алган адам, анын ичинде 579 жаш бала каттоого алынган.
- Кыргызстандын футбол курама командасы FIFA'нын рейтингинде 99-орунга илинип РЕКОРД койду. Буга чейин 100-орунга көтөрүлгөнбүз. Учурда Казакстан 90-орунда, ал эми Өзбекстан 48-орунда турат.
- Жаш балдарга ЗОМБУЛУК көрсөткөндөр 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Кылмыш кодексине киргизиле турган тиешелүү өзгөртүү Жогорку Кеңеште кабыл алынды.
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, БИШКЕК-ОШ унаа жолундагы жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынып салынды. Азыр бардык унаалар үчүн жол каттамы ачык.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg