МИНИСТР КЕЧИРИМ СУРОО МЕНЕН КУТУЛДУ

№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж

Кытайдын "Сhina Road and bridge" компаниясына тиешелүү Лексус LX 570 үлгүсүндөгү унааны пайдаланып жүргөндүгү үчүн транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров кечирим сурады. Бул иш ачыкка чыккандан соң автоунаа компанияга кайтарылган болчу. Ага чейин парламентте аталган министрди териштирүү иштери бүткүчө кызматынан убактылуу четтетүү керектиги айтылган. "Жол курууга байланыштуу миллиарддаган сомдук тендерлерди утуп алган компаниянын автоунаасын колдонууну коррупциялык схема деп баалоого болот",- дешкен депутаттар.
17-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында аталган министр компаниянын унаасын эмне үчүн айдап жүргөнүнүн себебин айтып берди. Анын түшүндүрүшүнчө, министрликте 2 эле унаа болгондуктан, компаниянын унаасын пайдаланып турууга мажбур болгон. Бул компания менен Айдаров министрлик кызматка келгенге чейин эле келишим түзүлгөнүн жана анын унааны пайдаланганы мамлекеттик бюджетке зыянын тийгизбегенин кошумчалады. Министрдин мындай актануусу коомчулуктун нааразычылыгынын түпкү себебине көңүл бөлбөгөнүн айгинелейт. Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров "эгерде Кытайда кайсы бир аткаминер ушундай ишке барса, аны атып салышмак" деп, 100 миң доллардын тегерегиндеги кымбат темир тулпарды министрге колдонууга берип турган компаниянын Кыргыз өлкөсүндө катышкан тендерлерди транспорт жана жолдор министрине текшерип чыгууну тапшырды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо