КЫРГЫЗСТАН КЫТАЙГА ЭШЕК ЭКСПОРТТОЙТ

№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж

Депутат Мирлан Бакиров 600дөй туюк туяктуу жаныбар Кытайга экспорттолду деген маалыматты укканын Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинде билдирди. Бул экспорттолгон жаныбарды ветеринардык коопсуздук кызматынан сурай келгенде алар "жогорудагы жаныбар – эшек" деген жообун беришкен. Эл өкүлү бул маалымат боюнча: "Эшек экспорттогонубуз бизге аброй алып келбейт. Биз кызматташып келген араб өлкөлөрү үчүн бул жагымсыз маалымат болот. Кытайга эмнеге бодо мал же кой-эчки экспорттолбойт да, эшек экспорттолот?"- деп кескин сынга алды. Айрым маалыматтар боюнча, экспорттолгон эшектердин саны мындан 3-4 эсе көп болушу мүмкүн. Бул жагдай тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кытай менен расмий макулдашуу бар экенин билдирди. Мындай окуя биринчи жолу катталган жок. Буга чейин Кыргызстанда иштеп жаткан "Монблан Трейд" жана "Во Ви Щы" ишканалары эшек соодасын жүргүзүп келген. Өлкө аймагынан бир нече ирет союлган эшек териси жана жүздөгөн эшек багылган жерлер белгилүү болгон эле.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -10 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо