Ырыс Жоомартова, режиссёр: "БИР ЖЫЛДА 2-3 КИНО ТАРТА АЛАМ"

№730 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж

Соңку жылдары кыргыз киносу өнүгүү жолунда баратканын эч ким танбаса керек. Жаңы тартылган тасмалардын саны арбып, иргелип мыктылары гана эл сүймөнчүгү болуп жатканын билебиз. Бул көрүнүшкө тасмалардын сатыктагы ийгилиги далил. Режиссёр Ырыс Жоомартова да көпчүлүктүн катарында кыргыз киносунун өсүүсүнө салым кошуп келет. Режиccёр айымдан кесибинин күнгөй-тескейи, анын жеке жашоосуна тийгизген пайдасы-зыяны тууралуу сурап көрдүк.

– Куш келипсиз, Ырыс айым. Көп жылдан бери продюсерлик, режиссёрлук менен алпурушуп жүрөсүз. "Кино – кыйноо" деп коюшат эмеспи, кино деп жүрүп кандай кыйынчылыктарды баштан өткөрдүңүз?
– Рахмат! Өз кесибин сүйгөн адам жумушундагы кыйынчылыктарды сезбей деле калат. Анткени бүт дитин кино тартууга коюп, баштан өткөргөн ар бир кыйынчылыгы ырахаттай эле сезилет. Өзүм кино тартууда көп деле кыйынчылык тарткан жокмун. Болгону кино тартам деп тоо-ташта, үйдөн алыс жүргөндө үй-бүлөңө жетишерлик көңүл бөлө албай каласың. Аялмын да, менин милдетим – балдарыма тарбия берүү менен бирге жумушту айкалыштырып кетүү. Бир кино тартуу үчүн 4-5 ай кетет. Кээде айлап уулум менен кызымдын жанында боло албайм. Чынында "балдарыма кандай тарбия берип жатам?" деп жүрөгүм эзилип кетет.

– Байкасам сиз тарткан көпчүлүк тасмалар комедия жанрында экен, мындай жанрга болгон сүйүүңүз эмнеден башталган?
– Бул жашоодо ар бир адамда арман, ыза, өксүк бар. Анан да бизде адамды терең ойго салып, ыйлата турган тасмалар жетиштүү эле тартылып жатат. Менин максатым – элге күлкү, позитив тартуулоо. Элдин көйгөйүн өздөрүнө күлкү аркылуу жеткирүү. Комедия бул элдин аң-сезимин күлкү менен өзгөртүүчү эң кыска жол. Андыктан учурда комедия жанрындагы тасмалардын көп тартылып жатканы да ушундан болсо керек.

– Бир жылда канча кино тарта аласыз?
– Бир жылда 2-3 кино тарта алам. Башталгыч режиссёрлор үчүн бул көп болушу мүмкүн. Бирок тажрыйба топтоп, кино тартуунун ыгын таап алгандан кийин жеңил болуп калат. Бизде бир жылда 5-6 тасма тартып жетишкендер деле бар.

– Продюсерлик, режиссёрлуктан сырткары өзүңүз да кинолордо роль аткарып жүрөсүз. Актрисалык талантыңыз режиссёр болуп жүргөндө ачылдыбы же мурун эле бар беле?
– Актрисалык талантым режиссёрлукка кызыгуудан мурда башталган. Алгачкы жолу "Министрдин кызынын махабаты" тасмасында роль аткаргам. Актриса болуп жүрүп продюсерликке, андан соң режиссёрлукка арбалып кеттим. Тасма талаасында жүргөн адам кино ааламынын ашканасын жакшы өздөштүрүп калат. Андыктан өзүн продюсерликте, режиссёрлукта, актрисалыкта сынайбы, бардык жактан ийгилик жарата аларына ишенем.

– Тарткан кинолоруңуз сатыкта өзүн-өзү актабай калган учур болду беле?
– Жок, менин практикамда андай боло элек. Тарткан тасмаларымдын баарына кинотеатрларда эл толо келип, мактоо алкышын айтып кетишет.

– Жогорку билимди кайсы жаатта алгансыз, өз кесибиңиз менен иштеп көргөнсүзбү?
– Өзүмдүн кесибим аябай көп. КОСУнун психология, КУУнун юридикалык факультеттерин бүтүргөм. Алматы шаарында технологиялык окуу жайда да окугам. Учурда Кыргыз улуттук университетинде студенттерге сабак берип, көп жылдан бери окутуучулук менен да алектенип келем.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетпейсизби, уулуңуз менен кызыңыз бой жетип калса керек?
– Өзүм үй-бүлөдө 8 бир туугандын кенжесимин. Уулум Айбек КУУда аспирантурада, кызым Наргиза КОСУнун журналистика факультетинде 2-курста окушат. Экөө тең бой жетип калды. Буюрса, мени неберелүү кылар күн да алыс эместир.

– Кино тартам деп сыртта, аймактарда көп жүрөт экенсиз, мындайда жолдошуңуз түшүнүү менен мамиле кылабы же казан-аяк кагышып кетеби?
– Кино тартуу менен жаңы алектенип жүргөндө мындай түшүнбөстүктөрдүн алдын алып, жолдошумду атайын кафеге чакырып, мага эркиндик берүүсүн сурангам. Ал сунушумду четке каккан жок. Үй-бүлөдө түшүнүү, колдоо болбосо сөзсүз аялы же күйөөсү кесибин курмандыкка чалыш керек болот. Биз экөөбүз тең сүйгөн ишибиз менен алектенип жүргөнүбүзгө, албетте, алдын ала келишип сүйлөшүп алганыбыз чоң жардам берди.

– Жакында дагы бир комедияңызды элге көрсөтөм деп камынып жүргөн кезиңиз экен.
– Ооба, "Шаардык келин Шарапат" деген комедия жанрындагы тасмам жакында борбордогу кинотеатрлардан көрсөтүлө баштайт. Менин түбүм Суусамырдан болот. Туулган жеримдин сулуулугун кыргыз элиме көрсөтүү максатында аталган комедияны Суусамырдан тарткам. Жыйынтыгына эл баа берсин.

– Сиздей жумушка да, үй-бүлөгө да, кошумча бизнеске да жетишкен айымдын ийгилик сыры эмнеде?
– Менде жалкоолук деген сапат жок. Таңкы саат 5-6ларда ойгоном. Тигүү цехим бар, аны тынымсыз иштетем. Анан абдан шашып жүрөм. Башка аялдарга окшоп ушак сүйлөбөйм, ага убактым да жок. Ар бир мүнөтүм, саатым ченелүү. План менен иштеген жагат. Бир күн жумуш бүтүрбөй үйдө отуруп калсам кызыктай боло берем. Көп эмгектенгенден ырахат алам. Арманым – ата-энемден эрте ажыраганым. Бакытым – бул балдарым. Сыймыгым – кино тартуу. Үйдө ызы-чуусу жок, тынчтыкта жашап көнүп калгам. Бирөөлөрдүн менин жашоомо кийлигишүүсүн каалабайм. Уулум менен кызымды да эмгекти сүйүүгө үйрөтүп келем. Мурда үйүбүздө үй кызматкери болсо, азыр үй жумуштарынын баарын кызым өзү жасайт. Күйөөгө тийсе "артисттин кызы эч нерсе билбейт, энеси эч нерсе үйрөтпөптүр" деген сөзгө калгым келбейт.
Тууган ичинде, достор арасында болобу жүрөгү кенен, арам ою жок адамдар менен мамиле түзөм. Пайдама карап мамиле кылгандарды жаныма жолотпойм. Менин мыкты сапатым жакшы адамдар менен жаман адамдарды айырмалай билгенимде болуш керек. Балким, ийгилигимдин сыры да ушундадыр.

"Шаардык келин Шарапат" тасмасына тартылган актёрлор менен тартуу талаасында".


Лунара Бекиева
star@super.kg


Ырыс Жоомартова: “5 миң доллар берип, "мени киного тарт" дегендер көп"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(27)
SUPER.KG видео
28.10.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактандыбы же мага сезилдиби.а так кинолору жагат.
SUPER.KG видео
29.10.2016. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы аял кучтуу аял экенсиз мактанбан бирок
SUPER.KG видео
29.10.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кинолордун сапаты жок. Акыркы киносуна озу тушкон жаккан жок. Динара эже менен Сакиш эже жакшы ойношкон. Негизи кыргыз киносунун баркы кетип калган
Медиа-портал
29.10.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыкты айтса эле мактанган болуп калабы
SUPER.KG видео
29.10.2016. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Тообо.тообо.сенин киноно тартылып 5000доллар гонорар ала алабы анан.мактангандын да чеги болот да.Кинолору эптемей да
Медиа-портал
30.10.2016. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
ушу аял жон эле койсо кыргыз киносуна чон салым кошот эле.
Медиа-портал
30.10.2016. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Aby,эн туура, кошулам созунузго. Жараланган турналар деген кинодо кыжырынды эле кайнатат. Ал фильм ди коргондордун баары эле бул созго кошулат деген ойдомун.
Медиа-портал
31.10.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
B.GULNARA, ХХХ жараланган турналар ушунукубу.
Модератор admin_media түзөттү 2016-10-31 13:15:54
Медиа-портал
30.10.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ushul ejenin je akterduk onoru jok je ozuno tarta turgan jyldyzy jok, but kinolorunda bir ele okshosh juz, kaarman. Anan kinoloru egiz kozudai biri-birine okshosh. Aby ga koshulam!
Медиа-портал
30.10.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Силердин эмненер кетип атат,жакпаса корбой койгула.Адамдын шагын сындырбай колунардан келеби силер жок дегенде супер инфо сынак жарыялады го ошого катышып коргуло 3минуталык бирдемке тартып тооба кылдым.Ар ким оюн жазганга укуктуу бирок бироого сын таккыча озунорду карагыла.Силердин созунор бул айымды ойлондурбаса керек.
31.10.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кой аксагы менен 100,кээбир киносу жагат кээ бири жакпайт. бирок аракет кылып дагын деле иштеп жатат. Кээ бирки кинолору жошоодон алынган мага аябай жагат
31.10.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайсы кинолор ушунуку экен айтып койгулачы туугандар
31.10.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир жылда сапатсыз он кино тарткыча сапаттуу бир кинону он жылда тартса ошол элге алынат.Булар азыр кино деп эле бирдемени тарта беришет денгээли орустардын Ералашына да тен келбейт.Сын айтсан эле коро албайсынар дегендер чыгат ыя айланайын коро албай ич ачыштыра турган кино тартса анан айтсанар боло.
31.10.2016. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жараланган турнада айгеримди кошогого отупгузуп жоолук сала албай жаткан жери кызык да. Тиги да горрилладай болуп отурат
31.10.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул эже эч жакбайт мага. Бир киносу учун продюсер менен талашыпда журду элего. Тарткан кинолору одноразовый бир коросун болду. Озу бизде баардык кинолор бир коргондон ашбайтко. Гайдайдын кинолоручу жылда корсонда тажабайсын. Дагы мисал "с легким паром" денен тасмасы да орустардын жылда жаны жылда былкылдабай отуруп кором. Укмуш кино. Ошондой кино тарталбагандан кийин мен андаймын мен сындаймын мындай адамдар менен суйлошбойм дебенизда. Сиз суйлошбойм дегендердинда озу жонундо оюу бийи
31.10.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч сапаты жок кино тартат
31.10.2016. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Көч бара-бара түзөлөт. Эже тарта бериңиз. Аракетиңиз бар. Бирок жанагы "Жараланган турналар", "Күйөө балам водовоз" деген кинолоруңуз мага жакса, мурдумду туурасынан кесип берейин....
31.10.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aikera1992,Дудук кызычы
31.10.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир да тарткан киносу жакбайт, тарткан адам эмес ошол кинону коруп отурган адам уялат....

31.10.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизди окуткан Ырыс эже 2006-2007 жылдары айткан эле Цехим бар деп ошондо машина айдачу, ишинизге ийгилик!!! Кучтуу аял!!!
01.11.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн тура куйоосу бар кызы баласы бар окуп атат ар кимиси Оз суйгон кесиби мн алектенет уй булоосундо тынчтык окум суруп турат кандай бактылуу уй булоо
02.11.2016. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото эле бой которгон аял!
03.11.2016. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы бир фильм тартуу бир жылдан коп, жок дегенде эки уч жылдык убакытты сарптайт.Бир жылда уч кино тартуу дегендин озу сапатсыздык.
03.11.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тасма жараттууну, бул соода кылгандай тармакка айландырып салыптыр! Бир жакшы омурлуу манызы терен ыр,чыгарма жазууга, канча убакыт кетет?Тасма тартууну айтпай эле койолу .........
SUPER.KG видео
03.11.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени да киного тарткылачы.Киного берилип акыркы кундору жинди болуп баратам(((
03.11.2016. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булардын кино тартуу ыкмасы базардагы соода кылуудай болуп калганго.Бирок бир кино тартуу учун менимче жок дегенде бир жыл кеттетго дейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо