БИР БҮРКҮМ

№730 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж

  • Бишкекте 3-ноябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын САММИТИ өтөт. Ага байланыштуу Бишкек шаарында 30-октябрдан 8-ноябрга чейин коопсуздук чаралары күчөтүлөт.

  • 21-августта жоголду деп ИЗДЕЛИП жаткан 15 жаштагы Айпери Сүймөнкул кызы Казакстандан табылды.

  • Кыргыз мамлекети кайрымдуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде 140 өлкөнүн арасынан 34-орунду ээледи. Жыйынтыкты британиялык CAF КАЙРЫМДУУЛУК фонду жарыялады.

  • Тергөө учурунда же үй камагында кармалган ДЕПУТАТТАРГА айлык берүүнү токтото турууга Жогорку Кеңеш макул болду.

  • БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен РЕФЕРЕНДУМДУ өткөрүүгө 135 миллион сомго чейин каражат сарпталат.

  • Өлкөдөгү дээрлик бардык КОЛОНИЯЛАР оңдоого муктаж. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров айтты.

  • Ош шаарында 26-октябрда КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК өкмөт өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жыйынтыгында эки тараптуу маданий-гуманитардык жана билим берүү кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюлду.

  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдиришинче, 7-ноябрь – Улуу Октябрь Социалисттик революциясы күнү болгондуктан, ЭС АЛУУ КҮНҮ деп жарыяланды.

  • ЭЛЬВИРА САРИЕВА өз ыктыяры менен Билим берүү жана илим министрлигинин башчылыгынан кетүү боюнча арыз жазды. Президент бул боюнча жарлыкка 27-октябрда кол койду.

  • Бишкектин базарларынан жалпысынан 108 ID КАРД, 2 айдоочулук күбөлүк жана 2 пенсиялык күбөлүк табылганын Бишкек ШИИББи билдирди. Аталган документтер Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүлүп берилди.

  • Жогорку Кеңештин депутаттары мурдагы президент КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН жана 2010-жылдагы Июнь окуясына себепчи болгон КАДЫРЖАН БАТЫРОВДУН мүлктөрүн улутташтыруу боюнча депутаттык комиссия түзүштү. Буга себеп 100дөн ашуун мүлктүн 47си гана улутташтырылганы болгон.

  • Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун изилдөөсүнө караганда, ГЕНДЕРДИК ТЕҢДИК боюнча Кыргызстан 81-орунда. Изилдөөгө 144 өлкө катышкан.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо