ЖАШТАРДЫН КЫЗЫГУУСУН АРТТЫРГАН «КУЛПУНАЙ ЖЫТЫ» СЕРИАЛЫ

№731 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж

Көпчүлүгүбүздө "түрк сериалдары үй кожойкелери үчүн гана кызыктуу" деген ой жашашы мүмкүн. Бирок мындай түшүнүктү "Кулпунай жыты" мелодрамасы четке какты. Сериалдын негизги аудиториясы жаштар экендигин белгилеген кино жаратуучулардын оюна кошулбай коюу кыйын.

Жанры
– Мелодрама, романтикалык комедия
Режиссёру – Филиз Гүлмез Пакман
Сценарийин жазгандар – Бану Зенгин Так жана Асли Зенгин
Башкы ролдордо – Демет Өздемир, Юсуф Чим, Экин Мерт Даймаз жана башкалар
Тарткан өлкө – Түркия
Жылы – 2015

БАНАЛДУУ СЮЖЕТ, ЖОГОРКУ РЕЙТИНГ

Жай, деңиз, кулпунай жыттанган бул сериалдын сюжети бир караганда чындыгында эле баналдуу көрүнөт. Карапайым үй-бүлөдөн чыккан сулуу "күлчү кыз" менен ата-энесинин эркеси, тентеги, көз күйдүргөн бойдок жигиттин ортосундагы махабат баяны. Анткен менен аталган сериал жаштар арасында кызыгуу арттырып, 3-сериясы экранга чыкканда эле жыл ичинде жарнама берүүчүлөрдүн көңүлүн бургандыгы боюнча алдыңкы орунга чыккан.
Алгач бардык талаптар боюнча эң жогорку сапаттагы сериал деп бааланган бул эмгектин рейтинги өсүүсүн токтотту деген себеп менен режиссёр акыркы серияларын кыскартып салганы айтылып келет. Бирок буга миллиондогон кино сүйүүчүлөр нааразычылыгын билдиришкен.

КЫСКАЧА СЮЖЕТИ

Баш каармандардын бири Аслы келечекте аты алыска тараган кондитер болууну самайт. Ал өзү иштеген кондитердик дүкөндүн кардары Волкан аттуу жигитке тымызын ашык. Бирок тагдыр жолу Аслыны капыстан Бурак менен жолуктурат. Аслы кардардын тапшырмасы менен торт жеткирүү үчүн жолдо баратканда кырсыкка кабылат. Буга себепкер Бурак кечирим сурабастан оройлук көрсөтүп, экөө уруша кетишет. Тапшырыкты убагында жеткирбегени үчүн Аслы жумушунан айдалып, курбу кызы экөө жумуш издеп Бодрумга жол тартышат.
Бурак менен Аслынын кийинки жолугушуусу учакта болот. Андан кийин түнкү клубда, мейманканада, көл жээкте, айтор, кайда барышпасын "бул кайра эле сенсиңби?" деген сөздү айтууга аргасыз болушат. Ал эми Стамбулга кайтышканда экөө бир үйдө жашап жатышканын бир нече күндөн кийин гана билишет.

ЭКИН МЕРТ ДАЙМАЗ (ВОЛКАН)

Экин Мерт Даймаз татына жүзү менен модель болбой коюуга мүмкүн эмес эле. Анткени Түркиянын бир канча моделдик агенттиктеринен байма-бай сунуш түшүп турган. Ага чейин актёр профессионалдык деңгээлде баскетбол менен машыгып, кийин алган жаракатынан улам башка иш менен алектенүүгө туура келген. Жыйынтыгында "Дүйнөнүн эң мыкты модели" наамына ат салышууга жетишкен. 2014-жылы өзүнүн актёрлук карьерасын "Блокнот" аттуу сериалга тартылуу менен баштап, 2015-жылы "Кулпунай жыты" сериалы менен атактуулукту багынткан. Актёр 1990-жылы 2-декабрда Нидерландыда төрөлгөн.

ЮСУФ ЧИМ (БУРАК)

1991-жылы 26-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында төрөлгөн. Жаштайынан эле эл алдында чоңойгон Юсуф учурда модель, ырчы, телеалпаруучу, актёр катары калың журтка таанымал. 2011-жылы "Түркиянын мыкты модели" наамына татыган. Ырчылык жаатында 2013-жылы "Бир ирет болсун" аттуу альбому жарык көргөн. Ал эми телеалпаруучу катары 2015-жылы жергиликтүү каналдардын биринде "Пирамида" аттуу шоу берүүнү алып баруу менен өзүн көрсөткөн. Юсуф Чим кайрымдуулук менен да алектенип, Даун синдрому менен ооруган балдарга көмөк көрсөтүп келет.

ДЕМЕТ ӨЗДЕМИР (АСЛЫ)

Демет Өздемир 1992-жылы 26-февралда Түркиянын Коджа эли деген жеринде төрөлгөн. Кичинесинен өнөргө жакын Демет мектепти аяктаган соң бий мектебине кадам таштайт. Кашы-көзү кара, арык чырай, сулуу бийчи кыз эл көзүнө көрүнө баштап, 2009-жылы ырчы Мустафа Сандалдын 2 клибине бийчи катары тартылат.
Кино дүйнөсүнө болсо "Мен сага сырымды айтам" аттуу сериалы менен келген. Ал эми калың журтка актриса "Кулпунай жыты" сериалы аркылуу 2015-жылы таанылган. Жеке жашоосунда "Кулпунай жыты" сериалындагы өнөктөшү Юсуф Чим менен жакын мамиледе экендигин жашырышпайт.

СЕРИАЛ ТУУРАЛУУ

  • Түркиялык "SOMERA" агенттигинин иликтөөсү боюнча, 2015-жылдын эң рейтинги күчтүү актрисасы деп баш каарман Демет Өздемир табылган.
  • Режиссёрдун айтымында, сериал Түркиянын сулуулугун даңазалап турушу керек. Андыктан башкы ролдорго моделдик келбетке ээ актёрлор тандалып, тасманы эң кооз жерлерде тартуу иштери жүргүзүлгөн.
  • Сериал гардеробунун көптүгү боюнча да алдыңкы орундарда. Актёрлор бир кийилген кийимди кайталап кийишкен эмес.
  • Сергек жашоо образына үндөгөн бул сериалдан тамеки чегип жаткан адамдарды кездештирүү мүмкүн эмес.
  • Сериалда эң көп колдонулган сөздөр "Жаным менин" жана "Менин сүйүүм".

Эки мырзаны өзүнө ашык кылган Аслы ар дайым кам көрүүгө курчалган.


Акыры баш кошуу менен аяктаган бул сүйүү баянында да таарынышуу жана романтикалуу кечирим суроо бар.


Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(38)
07.11.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун кино мен да уктабай коруп буттургом
07.11.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корейлердин Наследники" киносуна окшош
07.11.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Юсуф Чим мн Демет Оздемир екоо соонун пара
07.11.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кино менен биз эжем экообуз аябай ооруганбыз,туну менен кундузу эч нерсе иш кылбай,уктабай коруп чыктык эле
07.11.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча серия айтып койгулачы плииз)
07.11.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888, 23 серия
07.11.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кун тун дебей ушул кино менен ооруп калып коруп чыккам. Соонун кино.

07.11.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kop jerleri koreilerdin. "Tagdyr muras"degen kinosuna okwow eken.
07.11.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан акырында кыз ким менен калааат айтып койгулачы коп го деле
07.11.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erika16,биринчи суроттогу Бурак деген бала экоо уйлонот
07.11.2016. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кинодон сон биздин уй булодо "любовь моя, душа моя" деген создор коп айтыла баштаган.
Кино аябай жагат. Айрыкча Бурак сонун актер.
07.11.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корейский Наследники деген сериял га окшош 1СШа 2бир уй 3бир мектеп болгон айырмасы чогуу жашап чогуу окушат эки серялда тен
08.11.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сериал абдан кызыктуу, күлө турган да ыйлай турган да сюжеттери бар,22-бөлүмүндө Бурактын Аслыга кылгандарына нервим чыдабай калган...
08.11.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун сериал))) Актёрлорда мыкты аткарган. Бул кино менен менда ооругам.)))
Adiko.98 түзөттү 2016-11-08 11:08:57
08.11.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Помоему 21-сериясы болчу. Аслынын мамасы каршы болуп, унижаться этпей эле коелу Бурактын ата-энесине деп Бурак мн суйлоштурбой койгондо Аслы тундо аябай ыйлаган жери бар и еще бир скрипканын жаай музыкасы менен коштолгон. Ошол жеринде ишенсениздер,аябай ыйлагам. Башынан баштап аягына чейин эмоциямды жашыра алган эмесмин. Ушунчалык сонун сериал) Бурак жаман хулиган болот.. бирок Аслыны суйуп калгандан кийин баягы Бурак жоок. Созулган сопсонун жигит болуп чыга келет.Иииииииий короче вообще сонунда
08.11.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маанайды которгон соонун кино
09.11.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барынар эле мактайсынар.корсом окшойт 23серия болсо [moderated]дан
10.11.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында маанайды которгон соонун сериял))
10.11.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун кино.Уйкудан калып туну менен коз ирмебей коруп жатып бутургом)Бурактын романтиктиги жагат да.Окунучтуу жашоодо аз романтиктер..же мен туш боло эле болдум бекен))
11.11.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдан корсо болот
11.11.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
batkenim2016,

Интернеттен көрсөңөр болот.
patma.mahmud-kyzy түзөттү 2016-11-11 22:47:49
11.11.2016. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин сүйүктүү сериялдарымдын бири. Аябай жагат ушул сериял.
patma.mahmud-kyzy түзөттү 2016-11-11 22:48:13
12.11.2016. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саундтрек сонун да. Дискин алып коюп, коргонго убакыт жок. Дневники вампира сериалынан бошобой жатам.
12.11.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корейче туркчо кинолор биздин кыздар учун эле чыгарылгандай коросунор ээ кыздар.
Эмне кылып жатканынарды унутуп каласынар.
12.11.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуууу эмне ????
13.11.2016. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лале деври деген кинодон башка киносуна кызыкпадым ушул турктордун.
13.11.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эле сериал экен эн жаканы Сенан менен Элчин болду,
13.11.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы тилдерде корууго болот орус турк кыргызчасы жокпу? узбекче казакча
13.11.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун кино экен 12- сериясын коруп жатам))))аябай жакты
13.11.2016. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага турктордун бардык сериалдары жагат.Бул сериал дагы соонун экен
13.11.2016. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага кобунчо Волкан жакты
14.11.2016. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Которгондо эркекти да аял суйлоп которгону жакбады
03.04.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыз аяваай татынакай гооо))))))))))))))))))))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо