БИР БҮРКҮМ

№731 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж

  • 31-октябрда "Манас" аэропортуна БОМБА коюлган" деген кабар тарап, мындай жалган маалыматты билдирген Бишкектин тургуну Илья Еремеев кармалды. Ал мындай кадамга Москвага кетип жаткан аялын алып калуу максатында барганын айткан.

  • Жогорку Кеңешке КСДП фракциясынан Нурмухаммед Баяхунов депутат болуп келди. 28-октябрда МЭЭРБЕК МИСКЕНБАЕВ мандатын тапшырган болчу.

  • Москвадагы басмаканадан чыккан ӨРТТӨН каза болгон кыз-келиндердин үй-бүлөлөрүнө Орусия тараптан 300 миң сомдук акчалай компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

  • 4-ноябрга чейин Кыргыз өлкөсүндө жүргөн ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинен каттоодон өтүүсү зарыл. Мыйзам бузган чет элдик жаран 10 миң сомго айыпка тартылат.

  • "АТА МЕКЕН" жана "ЗАМАНДАШ" партиялары 11-декабрда өтүүчү Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышуудан баш тартышты.

  • 10 жашар баланы 1 жылга чукул зордуктап жүргөн сузактык ИМАМ сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды.

  • ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНДА кайтыш болгондордун 50 пайызында 1-мүнөттөрдө, 30 пайызында 1-саатта, 20 пайызында бир аптада өлүм катталат. Айдоочуларга тез жардам көрсөтүүнү үйрөтүү керек, унаада аптечка болушу шарт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

  • Өкмөттүн маалыматы боюнча, 28-октябрга карата эң арзан КӨМҮР Чүй облусунда, эң кымбат Баткен облусунда сатылды.

  • Бишкек шаарында ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНА мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 15-мааракелик саммити өтүп, 12 документке кол коюлду.

  • Бишкек шаарында 7-ноябрь күнү Kitepfest аталышындагы АДАБИЙ ФЕСТИВАЛЬ өтмөкчү. Иш-чаранын максаты – китеп окуу маданиятын жогорулатуу жана жаштар арасында адабияттарды даңазалоо болуп саналат. Иш-чара Жаштар жумалыгынын алкагында Кыргызстан боюнча өткөрүлмөкчү.

  • 3-ноябрда ЖКнын жыйынында депутат ДАНИЯР АТТОКУРОВ Кыргызстандагы 50 метрге чейин жеткен өрт өчүрүүчү унааны оңдоо үчүн 1 миллион сом каражат керек болорун айтып чыкты. Анын билдиришинче, учурда 15-16-кабаттагы үйдөн өрттү өчүрүү үчүн унаа жок.

  • Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 3-ноябрда Баткен облусуна караштуу Кулунду айыл өкмөтүндө 2 күн мурун жоголуп кеткен 2 ЖАШАР БАЛА табылды. Ал айылдан 10 чакырым алыстыктагы тоодо жерде жаткан абалда табылган. Учурда бала жакындарына өткөрүлүп берилди.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо