КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВ МАМЛЕКЕТИБИЗДИН АТЫН КЫРГЫЗСТАН ЭМЕС, КЫРГЫЗЕЛ ДЕП АТООНУ СУНУШТООДО

№731 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж

Мурдагы элчи Кылычбек Султанов мамлекетибиздин атын Кыргызстан эмес, Кыргызел деп атоону сунуштап чыкты. Ал бизге жат СТАН деген мүчөнү колдонбой койгонубуз туура деген пикирде. "Кыргызга жат СТАНды эмне үчүн биз мамлекетибиздин аталышында колдонуубуз керек?! Анын үстүнө КЫРГЫЗСТАН деп жазганыбыз менен, кыргыз тилдүүлөр КыргызЫстан деп бузуп айтабыз. Менимче, мамлекетибиздин аталышы Кыргыз Эл же Кыргызел болгону туура болмок".
Ал Кыргызстан аталышынын англис тилдүү элдерде айтылышында татаалдыктар бар экендигине да көңүл бөлүү керек дейт. "Казакстанда мамлекеттин атын латын тамгалары менен жазууда KAZAKHSTAN дегендин ордуна QAZAQELI деп атоо идеясы талкууланып жатканын угуп сүйүндүм. Анткени мен дагы биздин өлкөнүн аталышы латын арибинде туура эмес колдонулуп калганын ойлонуп жүргөм. Латын арибинде KYRGYZSTAN деп колдонгонубуз менен, англис тилдүүлөр көбүнчө КЁРЖИСТАН дешип туура эмес окушат. Кыргызстанданмын десең алардын жарымы тилдери келбейт, жарымы КУРДИСТАН деп түшүнөт. Менин оюмча, латын арибинде өлкөбүз KYRHYZEL же QYRHYZEL болгону тилибизге үндөш. Тарыхыбызга да төп келмек",- дейт Султанов.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  26 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо