КЫШ ТИБИНДЕГИ АЙЫМДАР

№732 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж

Өткөн сандарыбызда теринин түсү мезгилдерге карата 4кө бөлүнөрү тууралуу жазганбыз. Бул жолу кыш тибине кирген айымдар жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Мындай айымдардын портрети кандай экенин билип алыңыз.

ТЕРИҢИЗДИН ТИБИН АНЫКТАҢЫЗ

КҮЗ

Чачы:
сары, күрөң, алтындай болуп кубулуп турат.
Көзү: жашыл, көк, күрөң, жаңгак түстө.
Териси: терисинин түсү саргыч боз, коло түстүү болот.


КЫШ

Чачы: кара, кара-күрөң, шоколад жана кофе.
Көзү: кара, күрөң, көк, жашыл жана жаңгак түстө.
Териси: ак жуумал, кара тору.

ЖАЗ

Чачы: ачык күрөң жана алтын түстө.
Көзү: деңиздей көк жана жашыл.
Териси: сары.

ЖАЙ

Чачы: ачык күрөң жана буудай түстө.
Көзү: көгүш, жашыл жана жаңгак түстө болот.
Териси: ак сары, саргыч боз келип кызыл тартып турат.

ЧАЧТЫН ТҮСҮН ӨЗГӨРТҮҮ



Кыш тибиндеги айымдар үчүн чачтын идеалдуу түсү күрөң кара жана шоколаддын өңүндөй болушу керек. Чачтын түсүн өзгөртүү менен, сырткы келбетиңизди бузуп алышыңыз толук мүмкүн. Бирок өзгөртүүнү каалап жатсаңыз, төмөнкүлөрдү эске алыңыз:

Чачыңыз кара болсо күрөң, шоколад, кофе түстөргө боёңуз.

Ал эми ачык түскө боёгуңуз келсе, бозомук көгүштү (пепельный) тандоо керек.

Чачтын түсүн өзгөртүү гардеробуңуздагы кийимдерди жана макияжды дагы алмаштырууну талап кылат.

Узун жана кыска чачтар сиздин стилиңиз. Албетте, чачыңыз түз болушу керек. Эгер чачыңыз тармалданган болсо, классикалык стилге жарашпайт.

МАКИЯЖ

Кыш тибиндегилер үчүн боёнуудагы негизги эреже: көзгө же оозго басым жасоо. Тоналдык крем эч убакта күңүрт болбошу керек. Мындай түстөр картаң жана чарчаңкы көрсөтөт. Ошондой эле териңиз тунук болгондуктан тоналдык крем менен упаны дайыма колдонуунун кажети жок.

Косметичкадагы боёнуучу каражаттар:

Тоналдык крем – агыш (кечки макияж үчүн колдонуңуз);
Упа – боз (күндүз колдонуу керек);
Эндик (румяна) – күлгүн, мокко (кофенин сорту), саргыч боз (ашыкча коюудан алыс болуңуз);
Помада – күлгүн, сыя, кара кызыл;
Тень – көгүш, бозомук, көздүн карегине окшош жана ачык түстөр;
Тушь – кара, кара-күрөң, кара-көк;

Сары жана алтын түстөрдү макияж жасоодо колдонууга болбойт.

КИЙИНҮҮ СТИЛИ


Кыш тибиндеги айымдарга классикалык стиль жарашат. Кийим тандоодо кездемелерге көңүл буруңуз.

Жука кездемелер – атлас, муар (тыгыз токулган калың жибек кездеме), фатин (тор), жибек, кружева (сайма түшүрүлгөн кездеме), парча;
Калың кездемелер – твид (жүн кездеме), лён, жүндөн согулган кездемелер.
Кофта, блузка, көйнөк – чачыңыздын же көзүңүздүн өңүнө окшош болсо жарашыктуу көрүнөт. Гүл, экзотикалык сүрөттөрү бар кофталар сизди кайдигер калтырбайт.
Шым жана юбка – эгер үстүнкү кийим сүрөттөрү менен болсо, анда юбка же шымдын түсү бир өңчөй болушу абзел.
Моюн орогуч, сумка жана бут кийим тандоодо өңүнө (ак, кара, кызыл, көк түстөргө) басым жасоо керек.

ТҮСТӨР



Кыш тибиндеги айымдарга кара, жашыл, көк, кызыл түстөр жарашат.
Ал эми алтын, кызгылт-сары, ачык күрөң түстөр сунушталбайт.

Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
15.11.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жайбы же кышпы,кайсы типке киришимдида билбей калдымго
16.11.2016. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Демек мен кыш тибиндеги айым экенмин.
17.11.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да кайсыга кирээримди биле албай жатам
18.11.2016. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ии тиги жайга кирет турбаймынбы деп жатсам жайдагыны козу когуш жашыл чачы ачык курон дейт го, мага чачы кара, козу кара курон эле корунуп атат го же мага эле ошондой корунуп жатабы
19.11.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен кара тору кышмын))) Илливой ачык жана тунук тустор жараша берет, а назик пастель тондор таптакыр "отурбайт" бозоруп эле очуп калам. Ошо, алтын тус оло эле жарашат кыштарга, а назик пастель сары жарашпайт. Аппак, капкара, жапжашыл, темный жашыл, кок тус, анын темный ону, бордо, айтор, бардык таза, муздак тустор жараша берет. Жылуу тондор отурбайт.Многу ылдыйкы суроттогу когуш ондор кыштарды анчейин ача бербейт, жана бул суроттогу кыз, эгер адашпасам, куз тибине отуп кеткендердин кат
19.11.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Катарында экен)))
19.11.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизгиси, кыштардын чачы капкара болот, кунго чыкканда жылуу курон эмес, иссиня- темный, муздак тон тарапка кобуроок ыктайт.

чачынын тусун жылуу куронго боесо "изюминкасын" жоготуп коет))) бирок кийин карыганда чачынын агарганы деле жакшы жараша берет)))
20.11.2016. 05:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
болбогон нерсе
28.02.2017. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошуламын туптуура экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо