№732 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
Ириң чимкиртип кыйнаган гаймориттин жана мурундан суу агызган риниттин алдын алууга, ал тургай жаңы башталганын үй шартында токтотууга болот. Бул үчүн эмнелер керектигин Бишкектеги №19-Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун отоларинголог врачы Динара Узакбаева баяндайт.
ГАЙМОРИТ (СИНУСИТ)
Гайморит – бул мурун жанындагы гаймор көңдөйлөрүнүн биринин же экөөнүн тең сезгениши. Сезгенгенде мурун чел кабыгы көөп, кан тамырлар ичкерет да, былжыр сыртка чыкпай, гаймор көңдөйчөсүнө топтолот. Топтолгон массада бактериялар же вирустар көбөйүп, сезгенүүнү жаратып, ириңдейт.
Келип чыгуу себептери. Үстүнкү азуу тиштердин түптөрүнүн оорушу, сасык тумоо, ринит, суукка урунуу.
Дарылабаса... Менингит, кызыл жүгүрүк, ангина, бронхит сыяктуу оорулар жаралат.
РИНИТ
Ринит (насморк) – мурундун былжыр кабыкчасынын сезгенүүсү. Бир нече түрү бар.
Вирустуу ринит. Себепкери – вирус, бактерия, грибок. Организм катуу үшүп калганда анын коргоо механизми төмөндөйт да, мурундагы вирус, бактериялар көбөйүп, сезгенүүнү жаратат. Мурундан суу, чимкирик көп агат. Дарылабаса гайморит, ортоңку кулактын отити, фарингит, бронхит жаралат.
Аллергиялык ринит. Өсүмдүктөрдүн чаңчаларынан, мурунга аллергендин кирип кетүүсүнөн (мисалы, жаныбардын жүнү) болот. Дарылабаса гайморит, бронхиалдык астмага өтөт.
Муздак абадан жаралчу ринит. Суукка чыкканыбызда мурдубуз биз дем алган муздак абаны жылытуу үчүн былжырды көп чыгара баштайт. Ошондуктан мурундан суу агат. Сууктан ысыкка киргенде да мурундан суу куюлат. Кыскасы, бул процесстер "суукка аллергия" деп эсептелет. Ысыкта бир топ отурганда өтүп кетет. Бирок суукта дамамат көп жүргөндө гайморитке, полипке айлануусу мүмкүн.
ГАЙМОРИТТИН ЖАНА РИНИТТИН АЛДЫН АЛУУ
1.Мурунду жууп, тазалап туруу
Төмөндөгү каражаттар оорулардын алдын алып жана гайморит менен ринитте сезгенүүдөн улам көөп кеткен мурун былжырын калыпка келтирип, тез айыгууга жардам берет.
Жуу ыкмасы
2. Гайморит жаралбашы үчүн үстүнкү тиштер ооруганда сөзсүз дарылатуу
3. Бутту жылуулоо
Суукта бутка дары чөптүн (ромашка, ит уйгак жана башка) кайнатмасынан ванна жасап, жүн байпак кийүү зарыл.4. Компресс
Риниттин жаңы башталышында мурун кайкысына (переносица) жылуу компресс (ысытылган туз, сууга бышкан жумуртка) басса болот.5. Суукта башты жууп, сыртка чыкпоо
6. Иммунитетти көтөрүү
Сөөмөйдүн учу менен беттеги көрсөтүлгөн чекиттерди басып, 1 күндө 3-5 ирет 5 мүнөттөн укалоо керек.
Эскертүү: укалоо дене табы көтөрүлгөндө колдонулбайт!
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |