ИНТЕРНЕТ КАЙДАН КЕЛЕТ?

№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж

Интернет – бүткүл дүйнөлүк телекоммуникация тармагы. Анын жардамы менен ар кандай форматтагы билдирүүлөрдү, маалыматты сактоону жана алмашууну ишке ашырып келебиз. Ошондой эле түрдүү кызыкчылыктар менен бириккен адамдардын виртуалдуу байланыш айдыңы. Бул максатты ишке ашыруу үчүн социалдык тармактар, тиркемелер, сайттар кызмат кылып келет. Бирок ошол интернет кайдан келет жана кантип иштейт?

ТАРЫХЫ:
АКШнын Коргоо министрлиги согуш болгон учурда ишенимдүү маалымат алмашуунун бирдиктүү системин иштеп чыгууну чечип, Американын бир нече институттарына тапшырма берген. Биринчи компьютердик тармак ARPANET деп аталып, АКШнын төрт илимий мекемесин бириктирген. Бул мекемелер Коргоо министрликке алдыңкы катардагы технологияларды иштеп чыгышчу. Алгачкы билдирүү ARPANET түйүнүнө LO деген тамганы жиберүүдөн башталат. Чындыгында LOGIN деген сөздү жөнөтүү пландалган. Бирок эки тамгадан кийин түйүн менен компьютердин ортосундагы байланыш үзүлүп кеткен. 1973-жылы маалымат алмашуу тармагына Норвегия жана Улуу Британиянын ири уюмдары кошулуп, тармак эл аралык деп аталып калган. 1983-жылы ARPANET маалымат берүүдө жалпы протоколду (TCPIP) түзгөндөн кийин "Интернет" деп аталат. 1988-жылы кыскача тексттик билдирүүлөр (чат) менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон. 1990-жылы интернет "Дүйнөлүк желе" деп аталат. Анткени бир эле компьютерден дүйнөнүн булуң-бурчундагы маалыматтар менен таанышууга жол ачылган.

БРАУЗЕР: Кардарларга керектүү маалыматты форматына карабай берүү үчүн атайын браузерлер (интернет барактарын иликтөөчү программа) иштелип чыккан. Эң популярдуу браузерлер Google Chrome, Internet Explorer, Mozilla Firefox, Safari жана Opera.


ДОМЕН АТАЛЫШТАР:
Браузерлердеги интернет баракчалардын аталышы бир нече сандан турат. Колдонуучуларга санга караганда тамга менен издөө жеңил болгондуктан домен аталыштар ойлонуп табылган. Издөө системине аталышты жазганда ал дароо эле компьютердин тилине, башкача айтканда, автоматтык түрдө сандарга алмашат да, серверге же хост-компьютерге (ар кандай көлөмдөгү папкаларды сактаган компьютер) жөнөтүлөт. Ал эми сандык аталыш IP дарек деп аталат.


ИНТЕРНЕТ КАНТИП ИШТЕЙТ?

Интернетке туташуу зымдуу жана зымсыз (спутник) болуп бөлүнөт. Дүйнөлүк интернет тармагынын каркасы – кубаттуулугу күчтүү хост-компьютерлерден турат. Алар күнү-түнү тынымсыз маалымат алмашууну камсыздайт. Хост-компьютерлер телефон, оптикалык була, кабель жана зымсыз (спутник) каналдар менен өз ара байланышта болот. Компьютерде, ноутбукта, лаптопто, планшетте жана уюлдук телефондо атайын браузерлер бар. Каалаган браузерге кирип, издеп жаткан маалыматтын дарегин жазабыз. Жазылган шилтеме провайдерге (интернет кызматын көрсөтүүчү) барат. Ал эми провайдер суралган маалыматтын дарегин серверге жөнөтөт. Сервер сакталган файлдардан изделген маалыматты алып, кайрадан провайдерге жөнөтөт. Провайдер браузерге жиберет. Ошентип браузер биз издеген маалыматты текст, видео жана фото түрүндө берет. Демек, бир же бир нече маалыматтардын компьютерде сакталып, провайдер жана браузер аркылуу берилиши интернет экен.


ИНТЕРНЕТ КЫРГЫЗСТАНДА

Кыргызстанга интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Интернеттин 90 пайызын казакстандык 4 ири провайдерлер Орусиядан Кыргызстанга түз алып берет. Эскерте кетсек, казак провайдерлери сентябрь айында дүйнөлүк желе үчүн бааны 2-3 эсе кымбаттаткан. Бийликтин кийлигишүүсү менен интернет трафиктин баасы төмөндөтүлдү. Ошондой эле кыргызстандык интернет колдонуучулардын 32 пайызы жумасына 3-4 саат интернетте отурушса, 22 пайызы бир жумада 5-6 саат, 8 пайызы бир күндө 6 сааттан ашык убакытты интернет баракчаларын барактоо менен өткөрүшөт. Кээ бир маалыматтарга караганда, учурда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонуучулардын 10 пайызы интернетке көз каранды болуп калган.
Бүгүнкү күндө жер планетасынын 3 миллиарддан ашуун жашоочулары интернет кызматын пайдаланат. Алардын 2,4 миллиарды уюлдук телефон аркылуу интернетке туташкан.
Дүйнө жүзү боюнча «Интернет ачкычы» 7 гана адамда бар. Бул сыр тамгалары бар электрондук карта. Глобалдык хакерлердин кол салуусуна дуушар болгондо АКШнын аскердик базасына билдирүү келет. Ал жерден ачкыч ишке кирип, бүткүл дүйнөлүк интернет тармагы өчүрүлөт.
Интернет пайда болгон күндөн тартып 5 жыл ичинде 50 миллион адам колдонгон. Мындай аудиторияга жетүү үчүн телефондор – 75 жыл, радио – 38 жыл, телевидение – 13 жылда, ал эми Angry Birds оюну 35 күндө популярдуу болууга жетишкен.

КЕЛЕЧЕКТЕ ИНТЕРНЕТТИ АБАДАН АЛАБЫЗБЫ?

GOOGLE X компаниясынын масштабдуу долбоорлорунун бири – жер планетасын аба шарлары менен курчап, интернетке жеткиликтүү туташууну камсыз кылуу. Аба шарлары жерден 20 чакырым бийиктикте учуп, күндүн нурунан кубат алышат. Жыйынтыгында интернетти ошол шарлар аркылуу алууга болот. Ал эми 2013-жылы компания Project Loon деп аталган гиганттык шарларды абага учурган. Аба шарлары атмосферада 80 күнгө чейин калкып, интернетти берүү жөндөмдүүлүгү секундасына 25 мегабитти түзгөн.
Учурда компания SkyBender долбоорунун үстүндө иштеп жатат. Максаты – миллиметрдик диапазондогу радиотолкунду колдонуу менен жер планетасына секундасына бир нече гигабитке жеткен интернетти таркатуу. Бул долбоор АКШнын Федералдык комиссиясынан 2016-жылы эксперимент жүргүзүүгө уруксат алган. Азырынча компания зымсыз интернет менен канчанчы жылы камсыз кылары белгисиз.

Бактыгүл Момбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(40)
22.11.2016. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Internetke ketken akchamdy aitpai ele koioiun internet menen kop jumush buturup jana janylyktan maalymattan kalbai turam ilgerki ata apalarybyz internetsiz ele baaryna jetiship ele jakshy jashap zerikpei elikpei jashooloruna tyn bolgon.. Biz bir ai internetke kirbei koisok Jarylgan muusapyr bolup kalat bolsok dep oiloim Ailanaiyn Kyrgyz kalkym
22.11.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жумасына 50сом коротом
22.11.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кээде интернетти жек коруп кетем, интернетсиз сонун жашаганымды эстеп. Бирок азыр интернетсиз иш бутпой калбадыбы
22.11.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Интернетсиз жашаса болот туугандар туура конуп калдык интернетке такыба адамдар интернетсиз еле жашашат интернетин 50%пайдалу болсо 50% зыян динге берилип о дуйного карай аракет кылсанар интернети унутуп деле каласынар колдонуш керек озунун чеги менен бир ишин болсо бир кундо бир кирип койуш керек болбосо пайдасыз нерселерге убактыны коротосун интернете отуруп жакшы нерсе кором десенда жанында уятуу нерсе турса ошого кирип кетесин коройнчу деп аны коргондон кийин бузуласын
22.11.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айына 320с коротом,кееде ашып да кетет
22.11.2016. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бир айга 200 сом кетет
22.11.2016. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы инфо экен
23.11.2016. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Интернетти туура колдонсон жакшы
Алтын убакытты бош нерсеге кор кылбай
23.11.2016. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир айда 1200 кетет
23.11.2016. 06:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жумасына 50сом,бир айга 250сом коротот экенмин. Все за 50 тариф бар болгондуктан аз кетип жатат а то ал жокто 600го жетип калчу
23.11.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
пайдасыккан жок интернетке бир үй булодо эки үч адам айына эң аз дегенде 200 сомдон жалпы 400-600 сом коротот. Болбосо 1000 сомдон өйдө. Ал эми эң зарыл болгон светттин акчасын которобуз десе каршы чыгышат. Эротика порно коргондон коро ГЭСтерди колдогонубуз пайдалуурак.
23.11.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айына 1000 сом коротобуз.

23.11.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кунуно 8 сом акча кетет бул мобильный гана интернет учун кочодо жургондо колдоном, ал эми уйдо ашып барса 150 сом айына.
23.11.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жумасына 135 сом 12 ГБ трафик жетип атат . айына 540 с.
piramida түзөттү 2016-11-23 19:08:40
23.11.2016. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир айга 500сом кенен жетет
23.11.2016. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зайдан бери бекер колодонуп жатам 3 айдан ашкандан кийин ылдамдыгы жай болуп калды ушуга дагы шүгүр сим картаны акция аркылуу алгам.
23.11.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1 айга 300
24.11.2016. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жумасына 50 сом крортом
24.11.2016. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1090рубль.
24.11.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир айга 300рублей коротом. Все за 300дн тариф. Негизи андан деле коп кетет интернеттен сырткары КРга да чалам. Жалпысынан700кетип калат айына.
24.11.2016. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2400 сом сайма телекомго айына азыр
24.11.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
800 р айына коротот экем.
24.11.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жумасына 7 сом коротом интернетке. Бир сомдук тарифи менен. Чалууларды эсепке албаганда.
25.11.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Интернет жиндиси эмесмин. Туура пайдаланууга аракет кылам.
25.11.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу администратор, макалада "Домен аталыштар - бул браузерлердин жөнөкөй аталышы" деп берилип калыптыр. Чындыгында, браузер - бул болгону веб-сайттарды көрүү үчүн компьютерге орнотулган программа, анын "домендик аталышка" эч кандай тиешеси жок.

Ошондуктан, "Домен аталыштар - бул глобалдуу тармактагы виртуалдуу административдик бирдиктердин же түйүндөрдүн аталышы" (мисалы: super.kg, mail.ru, gmail.com ) деп оңдоп койсоңуздар.
asmera түзөттү 2016-11-25 13:01:06
25.11.2016. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айына 1200+1390+80=2670 сом кетирет экенмин...
26.11.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
TIMON_BERKOWITZ,кыргызстандын орточо айлык акысынын жарымы го)))))
26.11.2016. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телекомго кантип кошулам.кочодо телефон зымы бар.
26.11.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм кызык маалымат экен, ойлоп корсөм суткасына 14-10 саат интернетке кирет экемин, бирок "халява" интернет да уйдөсунбү да жумушта да
27.11.2016. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айына 1100 сом 1024кб/сек
27.11.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men aiyna 320som korotom internet 4aluular SMS baaryna jetet jumasyna 80 somdon
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо