ЖЭЭНБЕКОВ ТААРЫНЫЧЫН АЙТЫП КАЙТТЫ

№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж

Москвага Евразия өкмөттөр аралык кеңешине барган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын продукциясы ЕАЭСтин аймагына кирбей жатканын билдирди.
"Бир жарым жылдан бери кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөл пунктун алуу маселеси чечилбей жатат. Муну менен биз биримдикке толук кандуу аралаша албай жатабыз. Биздин системди таанышпайт, биздин продукциябыз жалпы рынокко чыкпайт. Бул калк тарабынан да, өндүрүшчүлөр тарабынан да терс кабыл алынып жаткан маселе.
Эми биздин өнөктөштөр Кыргызстандын ветеринардык системин таанышпай, 5 мамлекеттин деңгээлинде чечилиш керек деп шылтоо кылып жатышат",- деп билдирди.
Кезинде "бажы өтмөктөрүсүз, тоскоолдуксуз продукцияларыбызды киргизип баштайбыз, ири рынокко кирип, күрөктөп киреше табабыз" деп убадалап келген өкмөт бүгүн ЕАЭСтин катарына даярдыксыз кирип алганын мына ушинтип моюнга алды. Тоскоолдуксуз бардык өндүргөн продукциябызды сатабыз деген менен ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук маселелеринде артта экендигибиз, биздин продукция өнөктөштөрдө ишеним жаратпай жатканы айдан-ачык болуп турат. Өкмөт башчы өнөктөш өлкөлөр тарабынан коюлуп жаткан мындай жасалма тоскоолдуктарды жоюшу зарыл...

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо