"КЫРГЫЗСТАН" ПАРТИЯСЫ ЭСКЕРТҮҮ АЛДЫ

№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж

11-декабрь күнү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болуп өтөт. Ушул эле күнгө Конституцияга өзгөртүү киргизе турган референдумга добуш берүү да белгиленген. Учурда үгүт кампаниясы кызуу уланып, ага байланыштуу ызы-чуу иштери да орун алууда. Бишкек шаардык кеңешине тизмеде алдыңкы 20 адамдын катарында ат салышкан "Кыргызстан" партиясынын талапкери Калыбек Чепеев "КСДПны шайлагыла" деп үгүттөп жүргөнү белгилүү болду. Маалымат каражаттарына окуя жарыяланган соң аталган талапкер "Кыргызстан" партиясынын штабына алардын тизмесинен чыга тургандыгы тууралуу арызды алып келип берген.
Ал эми 17-ноябрь күнү "Кыргызстан" партиясы шайлоо алдындагы үгүттөө эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү алды. Тагыраагы, Бишкек шаарынын көчөлөрүнө аталган партиянын талапкери Куванычбек Конгантиевдин баннерлери жана баракчалары илинген. Мыйзамга ылайык, агитациялык материалдардын экземпляры талапкерди каттаган тиешелүү шайлоо комиссиясына көрсөтүлүшү керек. Бирок жогорудагы материалдар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилген эмес. Шайлоодон четтеп калбашы үчүн ага катышып жаткан партия бирден ашыкча эскертүү албашы шарт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо