"АЛА КИЙИМЧЕН БАЛА"

№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж

Адольф Гитлер еврейлердин башкы максаты – немис интеллигенциясын жок кылуу деп билип, аларды аёосуз кырууга өткөнү белгилүү. Бирок мындай саясат баёо сезимдердин ээси болгон балдарга, албетте, туман. Лагерде кармалып жаткан еврей улутундагы Шмуэль менен лагердин комендантынын уулу немис улутундагы Брунонун достугу баяндалган тасма – "Ала кийимчен бала" туурасында сөз кылабыз.

Жанры
– Драма
Режиссёру – Марк Херман
Продюсерлери – Рози Элисон, Марк Херман, Дэвид Хейман
Сценарийин жазгандар – Жон Бойн, Марк Херман
Тарткан өлкө – АКШ, Улуу Британия
Тартылган жылы – 2008-жыл
Узактыгы – 94 мүнөт
Тартууга кеткен каражат – 12 500 000 доллар
Сатыктан – 40 миллион доллар топтой алган
Башкы ролдордо – Эйса Баттерфилд (Бруно), Жек Скэнлон (Шмуэль), Вера Фармига (Брунонун апасы), Дэвид Тьюлис (Брунонун атасы) жана башкалар

КӨРӨРМАНДЫ ЖАШЫТКАН ТАСМА

8 жаштагы немис улутундагы Бруно II дүйнөлүк согуш учурунда Берлинде жашайт. Атасы улутчул чиновник мурунку иш ордунан еврейлер кармалган концентрациялык лагерге комендант болуп көтөрүлөт. Буга байланыштуу Бруно ата-энеси менен башка жакка көчүүгө туура келет. Досторун таштап кеткиси келбеген жеткинчекке бул окуя анча жакпайт.
Жаңы жайга көнө албай, өзү теңдүү балдардын жоктугуна капа болуп жүргөн Бруно бир күнү үйдөн анча алыс эмес жерде ферма бар экенин, анда дайыма ала кийимчен адамдар жүрөрүн байкап калат. Ата-энесинин "алыска кетпе" деп тыюу салганына карабай ал үйдөн качып чыгып, эки жакты кызыгуу менен иликтеп кирет. Ошентип ал ферма деп ойлоп жүргөн жерден өзү курактуу еврей улутундагы Шмуэль менен таанышып, достошуп калат.
Эч нерседен капарсыз, жан дүйнөлөрү таптаза, ак-караны ажырата элек жеткинчектер Бруно менен Шмуэлдин достугу күндөн күнгө күч алат. Бруно досунун лагерде жатканын, адамдар улутка, расага бөлүнөрүн, атасы еврей улутун жок кылуучулардан экенин деле билбейт.
Брунонун апасы концлагерге жакын жашагандарына нааразы болуп, эки баласын алыс алып кетүүнү чечип, жолдошу менен бул маселени катуу талкуулай баштаган эле. Акыры эненин бул тилеги орундалмай болот. Эртең кетебиз деген күнү Бруно досу алып келген ала кийимди кийип, лагерге кирип досунун атасын табууга жардам берейин дейт. Бирок аларды ажал аңдып турганын кайдан билишсин. Ушул жерден көрөрман "аттиң, Брунонун апасы баласын бир аз эртерээк издегенде, жок дегенде бири аман калат беле" деп кейигени турган иш. Ошентип, 2 дос лагердеги өлтүрүлгөнү жаткан ала кийимчендерге кошулуп камерага камалат да, бул жарык менен кош айтышат.

Тасма талаасына 7 жашында келген ЭЙСА БАТТЕРФИЛД бүгүнкү күнгө чейин камера алдында ар түрдүү каармандарды жаратып келет. 19 жаштагы актёр ушул кезге чейин 15ке чукул фильмге тартылды.

ЖЕК СКЭНЛОНДУ "Ала кийимчен бала" тасмасы жакшы эле белгилүү кылган. Бирок Жек болгону 2 киного тартылып, карьерасын музыка айдыңынан улантып келет. Учурда 18 жашта, бир нече ырлардын автору, гитарачы, ырчы.

ФИЛЬМ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Тасма Жон Бойндун 2006-жылы жазылган «Ала кийимчен бала» романынын негизинде тартылган.
  • Роман дүйнө жүзүнө 5 миллион нускада, 42 тилде тараган.
  • Фильм Венгриянын борбору Будапештте тартылган.
  • Эйса Баттерфилд тасмага тартылганда 11 жашта эле. Атактуулук алып келген бул тасмага режиссёр аны жүздөгөн баланын ичинен тандап алган.
  • Жек Скэнлон киного тартылганда10 жашта болчу.
  • Көрөрмандар тасманы көрүп ыйлагандарын жана экинчи бөлүгү тартылса, атасы куткарып калса деген ойлорун дайыма жазып келишет.

Бруно менен Шмуэль лагерди курчап турган тикенектүү зымдын эки жагына отуруп алып шашки ойношчу.


Уулунун жерди оюп, ал аркылуу лагерге кирип кеткенин билген эненин жүрөгү жамандыкты сезип, баласынын кийимин кучактап буркурап ыйлайт.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(13)
21.11.2016. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Көрүш керек экен!
21.11.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Коруп ыйлагам,апасы аябай аракет кылган Бирок кеч эле
21.11.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кинонун атын айтып койгулачы көрөйүн.
21.11.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мальчик в полосатой пижаме. Аябай маанилүү кино, бирок аягы өтө кайгылуу болуп бүткөнү жакпайт
21.11.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сонун кино мен ыйлагам:(
21.11.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайгылуу кино((((
21.11.2016. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай кызыктуу кино. Менда ыйлагам. (
22.11.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен жакшы коргон фильм.аябай маанилуу кайгылуу(
23.11.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орусча аталышы кандай?
24.11.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aikokul14, мальчик в полосатой пижаме
24.11.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен кичине кезимде Бир китеп окуган элем ушул сыяктуу, турмодогу туткундар еврейдин кичине 2-3жаштагы баласын коменданттан, кароолчулардан жашырып сактап багып журушкону тууралуу. Акырында жениш совет бийлиги тарапта болуп туткундар куткарылат беле толук эстей албайм. Кайрадан окуп чыккым келет, бирок тилеке каршы китептин атын да, авторун билбейм. Эгер кимдир Бир мен айткандай чыгарманы окуган болсо авторун айтып коюшунарды суранат элем. (Чыгарманы кыргызча окугам, котормо болсо керек)
25.11.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аягында бала эмне олуп калабы?сураныч айтып койгулачы
25.11.2016. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
yakutiya-Mirnyi,текстти жакшылап окусан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо