Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: "КАРТАЙДЫМ ДЕП ҮҢҮРӨЙБӨЙ ӨЗҮМДҮ ТАРБИЯЛАП КЕЛЕМ"

№734 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж

"Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт" демекчи, актриса Жамал Сейдакматова дагы деле күүлүү-күчтүү. Маданият тармагынын ардагери аталган актрисанын бала кези көлдүн жээгинде өткөн. Көлдүн кооз жаратылышынын таасириби, айтор, актриса көптөгөн сыйлыктарга татып, 80 жашка келип калса да ийгиликтүү иштеп келет.

– Жамал эже, саламатсызбы? Жаш актрисалардан калышпай быйылкы жылдын эсебинен 3 киного тартылган экенсиз.
– Ооба, жаш режиссёр Асамиддин Мухиддиновдун "Ажар" деген киносуна тартылдым. Сценарийин окусам мен жаман көргөн азыркы замандын ыплас көрүнүштөрү жок, аруулук, тазалык бар экен. Жаш режиссёрлорго колдоо, жардам берүү максатында тартылып, өзүмдүн курагымдагы айылдык кемпирдин образын ачып бердим. Андан сырткары казак элинин 1931-жылы болгон ачкачылыкты чагылдырган тарыхый тасмасына тартылдым. Режиссёр бул киного 11 жыл даярданган экен. Мен тасмада катаал аялдын образын жаратканым менен, жүрөгүм көптөн бери эңсеп келген драмалык, трагедиялуу роль болду. Ошондой эле "Сулайман тоо" тасмасында да роль жараттым.

– Жакшы экен, азыр театрга эл көп келбегендиктенби, актрисалардын баары эле киного тартылып башташты окшойт?
– Элдин баары эмес, театрды эңсегендер, эл тагдырын, маданиятты ойлогондор да бар. Алар үчүн айына 2 жолу спектакль коёбуз. Азыр драматург Султан Раевдин "Илек-илек" деген пьесасын коюуга кириштик.

– "Туңгуч" театры деп ырчы Асылбек Өзүбеков тамашалуу концерттерди койчу эле, кийинки кезде көрүнбөй кетти го.
– Асылбек менде тарбияланып, 14 жыл бизде иштеди. Театр жаштыкты талап кылат, ал жетектеген жамааты менен уядан учуп кетип, өз алдынча оокатын кылып жүрүшөт. Менин окуучуларымдын тасмаларга тартылып, театрларда иштегенине сыймыктанам.

– Жеке театр ачып кеткендердин алгачкылары сиз болсоңуз керек эле?
– Кыргыз драма театрында иштеп жүргөн кезимде эмнегедир театрдан кетем деп чыктым. Мени "аферист" , "артынан артисттерди ээрчитип кетти" деп жаман көрүштү. Союз таркап, эгемендүүлүк башталган кез эле. Ал учурда жеке театр деген түшүнүк жок болчу, "талаада каласың" дешкендерине болбой "Туңгуч" театрын түзүп бөлүнүп кеттим. Ошол жылы эле "Туңгуч" менен Каирге бүткүл дүйнөлүк фестивалга бардык. Андан бери көптөгөн мамлекеттерди кыдырдык. Изденсең, эмгектенсең ийгиликке жетесиң да, болбосо ал кезде акчабыз жок болчу. Болгону жүрөгүмдө ишеним, курчтук, анан жолдошумдун жардамы, колдоосу болгон экен. Ошондо ачка калбайлы деп билет сатып артисттерге ун, начар жашагандардын балдарына эски кийим таркатып берчүбүз. Мына ушинтип театр деп жан үрөп иштеп жүрүп 78 жашка чыктым. Кудайга шүгүр, сыйлыктардын да түрүн алдым, Эл артисти болдум, "Манас" орденин алдым, "Руханият" эл аралык сыйлыгына татыдым.

– 80 жашты таяп калыптырсыз, бир чоң театрды жетектөө оорчулук жаратпайбы? Деги эле карылык менен кантип күрөшөсүз?
– Мен театрсыз жашай албайм, иштебей үйдө отуруп калгандан өткөн мага оорчулук жок. Күнүгө ойлонуп изденип турушум керек, бала кезден эле фантазия менен жашаган кишимин. Күнүгө эртең менен туруп спорт менен машыгам, чуркайм. Чалымдын, баламдын машинасы бар болгонуна карабай жөө көп басам. Акыркы кезде майлуу тамактардан баш тартып ылгап ичип калдым. Музыканы көп угам, жакшы кинолорду көрөм. Жолдошум, балдарым үйдөн жакшы атмосфера түзүп беришет. Менде деле карылыктын белгилери бар, бирок картайдым, оорудум, чарчадым деп үңүрөйбөй өзүмдү өзүм тарбиялап келем. Чындыгында чарчабайм деле, кээде мага караганда окутуп жаткан окуучуларым чарчап кетет.

– Кызыңыз Москва шаарында жашачу беле, сиздер уулуңуздун колундасыздарбы?
– Кызым Ажар күйөө балам экөө Орусиянын жарандыгын алып, 2 кызы менен Москвада жашашчу. "Атаң экөөбүз 80ге таяп картайдык, келгиле, азыр келбегенде биз өлгөндө келесиңерби? Дүйнөгө адам тойгон эмес" деп чакырып алдым. Келиним менен баламдын шаарда үйү бар. Чалым экөөбүз Беш-Күнгөйдө турабыз. Кээде жумуштан кеч чыгып калганда баламдыкына конуп калам. 6 неберем бар, кичүүсү 6 жарым айлык. Ушул неберелеримдин чоңоюп үйлөнүп-жайлангандарын көрсөм экен дейм. Уулум Мурат, келиним Асел да мени менен чогуу иштейт. Эртең менен жумушка үй-бүлөбүз менен келебиз.

– Социалдык тармактарда баракчаңыз бар, интернетке киресизби?
– Интернетте көп отурбайм, келиним, уулум, неберелерим көрсөтүп жаңылыктар менен тааныштырып турушат. Интернеттеги негативдүү маалыматтарды көрүп алып жүрөгүмдү ооруткум келбейт. Ошондуктан өзүмө пайдалуу, позитивдүү маалыматтарды гана окуп турам.

"Ар бир ролумду жүрөгүм менен берилип ойнойм, калп ойноо деген менде жок".


"Келиним Асел ширин неберелерди төрөп берип кубантууда".


"Жаштыгым белгилүү инсандар менен бирге өттү. Сүрөттө Советбек Жумадылов, Болот Шамшиев, Айтурган Темирова менен".


Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(41)
28.11.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ден соолукта болунуз, бактылуу каарылык каалайм сизге.
28.11.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Асел Чоткараева келини турбайбы..
28.11.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздын козго басаар мыкты актрисасы.
28.11.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Келиниңиз өзүңүзгө окшош экен. )
28.11.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы маек болуптур
28.11.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Таттыбубунун олумуно себепчи болгон актрисалардын катарында бул апабызда бар дегендерди окуп, угуп эле журогум муздай берет. Бир кудай билет дечи.
Эмнеси болсода узак омур каалайм, 80жаш деген оной курак эмес. Жаш корунот.
28.11.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Shahrizaada,менин да кулагым чалды эле ушуну.
01.12.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
belka,Кулагым чалды деп эле жаза бериш керекпи,мин уккандан бир коргон дейт эженин жашын сыйлайлычы ал отмушторуно ар ким оздору жооп берип алат.
28.11.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел министирдин кызын жакшы ойногон,,ийгилик 80ге чыкканда чыкпаган да бар...100го чыгыныз..
28.11.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик талантынызга таазим Жамал эже
28.11.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жамал эже сизди өтө өтө сыйлайм. Кыргыз киносу сиз менен жанган.
28.11.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чалыңыздын сүрөтүн жүктөп коюңуз.
tulpar90 түзөттү 2016-11-28 16:27:04
28.11.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Таттыбубу тируу болгондо мынчалык денгээлге жетмек эмес.Атактуулук сыйлык данк Таттыбубудон ашмак эмес.Бакен кыдыкеева жана Жамал Сейдакматова комускодо калып кетмек.
28.11.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
vangolu,Таттыбубу Турсунбаевага жетиш кайдан олгондо да жетишпейт оо дуйно бар экени чын болсо....
05.12.2016. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vangolu, туптууууура !!!
28.11.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла Пугачева да журот го жаш болуп,карыдым деп бокчойуп калбай!Сиз да жашсыз,ден-соолугунуз чын болсун!
28.11.2016. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Канчалык жаштайыман кинолордо коруп жургон болсомда, ушул эжени эч жактырбайм.
29.11.2016. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келини Министрдин кызынын махабатында ойногон актрисабы? Ошол болсо жаш экен, бир заматта алты бала төрөгөнгө үлгүрдүбү?
29.11.2016. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
begym,кызынан да ннберелери бар деп жазылып турат. Аттап буттап окугансыз го!?
29.11.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир тууган иниси таланттуу актер Бекин Сейдакматов эмес беле ал да жок. Жамал эже Бакиевге кирип квартира алганы эсимде.Таттыбубуго болсо эмне кылса да эч ким жетпесе керек. Подружкасы бар эле Гулсара Ажибекова деген ал таптакыр эле корунбойт го.
29.11.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мм дааа...Мен дагы бул кемпирди коргондо эле журогум муздай тушот.Кудайым бардыр!
29.11.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эжеке ишинизге ийгилик,эчкимге кулак салбан бул Адам затка эч нерсе жакпайт.
29.11.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми Бир кудайым билет чынында мен да укканым бар бирок билип билбей жазгым келбейт!окугум келбей окуду муздак ото муздак
01.12.2016. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
daniel87,Менин дагы бир кишиден укканым бар оз оозунан,бирок кудай кечирсин жазгым келбей жазып атам .Булар Ажибекова экоо ХХХ ХХХ экен да, орууканага коргону барышканда.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-02 09:32:14
02.12.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
alina79, такталбаган маалымат жазуудан алыс болуңуз. Оозеки эскертүү!
05.12.2016. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daniel87, мен да окугум келбейт, окуган жокмун. Комменттерди окуйун деп эле кирдим. Мен жазгым келген создорду сен жазыпсын
29.11.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
таланттуу бирок,жакпайт мага ушул аял
30.11.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошо мен да уктум эле. ХХХ ХХХ ХХХ. Ыйлап эле журот дайыма.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-01 09:29:35
30.11.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба,чын эле ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-01 09:30:16
01.12.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mishonia8077, arzuuu, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болгула. Эскертүү!
30.11.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таттыбубу эже тируу болсо дагы канча сонун образдарды кормокпуз.Эх арман дуйно,жакшы адамдар эмне мынча кыска жашайт(((
01.12.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ден соолукта болунуз. Дагы коп жашаныз.
02.12.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асамиддин мухиддинов
азамат менин дос балам болот коп жылдан бери кино тартам деп журчу акыры тилегине жетиптир да ийгилик доске
03.12.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келини жанагы министирдин кызынын махабаты дегнн кино барго ошол кинодогу мадинавы
05.12.2016. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында Т.Турсунбаеванын таланттуу актриса эле бирок жакшы адамдар аз жашайт дешет анын кинолорунда таптакыр башкача образ бар,пешенесине кудай аз омур берген экен анын олумуно башка адамды себепчи кылбайлы ,Ж.Сейдакматова куноолуу болсо ушунча чыккычакты чумчуп отмок жаман деген адамдын да бир кыялы жакшы болот
05.12.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сизге денсоолук бар болунуз.100го чыгыныз
05.12.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайт качан жаныланат эрте мн эле бут жанылыктар кирип калчу эле эски го дагы деле
05.12.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
_PeriWa_, саламатсызбы? Жакынкы күндөрү жаңыланат, порталга баш багып туруңуз.
05.12.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,
Жакынкы күнүңөр качан?
06.12.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гезитти ысык кезинде окубай калдык го :)
07.12.2016. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлайм эжени мен.Ар турдуу жаман создорду эмне кереги бар жазып коруп аралашып жургонсуп.Жаман адаидан жаман соз чвгат озу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо