ГҮЛНОРА КАРИМОВА ӨЛТҮРҮЛДҮБҮ?

№734 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж

Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнора Каримованын өлтүрүлгөндүгү тууралуу "Сentre-1" басылмасы 22-ноябрда жазып чыкты. Мындай маалыматты алар Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматында иштеген адамдын жашыруун билдирүүсүнө таянып таратышкан. "44 жаштагы Гүлнора Каримова ууландыруудан каза болуп, 5-ноябрда Ташкенттеги "Минор" көрүстөнүнө коюлган",- деп жазылат маалыматта. Маалыматты тактоо максатында Твиттерде "Гүлнораны көрсөткүлө!" аталыштагы аккаунт ачылган. Ошол эле учурда Твиттерге Гүлнора Каримованын аты менен анын сүрөттөрү киргизилип, коомчулуктун назарын бурду. Аталган баракчанын Каримовага таандык эмес экенин бир топ басылмалар тастыктап чыгышты. "Гүлнора Каримованын өлүмү чындыкка коошпойт" деген ойду ташкенттик көз карандысыз журналист Алексей Волосевич билдирди. "Маалыматта 5-ноябрда каза болду деп жатат. Арадан эки аптадан ашык убакыт өттү. Мындай чуулгандуу маалыматты сыр сакташ мүмкүн эмес",- дейт Волосевич. Андан ары "Гүлнора Каримованын өлгөндүгү тууралуу кеп жалган, ал тирүү" деген маалыматты "РИА Новости" агенттиги Каримовдордун үй-бүлөсүнүн жакын адамынын маалыматына таянып жазып чыкты. Расмий Ташкент бул тууралуу эч кандай түшүндүрмө бере элек.
Эскерте кетсек, Ислам Каримовдон кийин президенттик тактыга келет деп айтылып жүргөн кызы Гүлнора Каримова коррупциялык иштерге байланыштуу 2014-жылы үй камагына алынган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо