УКМК "МЕГАКОМ" ЧУУСУ БОЮНЧА БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

№734 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж

Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө өлкө ичиндеги жана чет элдик булактардан алынган материалдардын негизинде жана алардын коомдук резонансты жаратканын эске алуу менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Башкы прокуратура тарабынан ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Топтун максаты – «Альфа Телеком» ЖАК («Мегаком» соода маркасы) компаниясында 2010-2013-жылдары орун алган коррупциялык көрүнүштөргө айрым чиновниктердин катышуусун толук жана объективдүү текшерип чыгуу болуп эсептелет. УКМК: "Айрым тараптар, алардын арасында Белизден келген документтерде аты аталгандар дагы коррупциялык иштер боюнча текшерүүлөрдү өздөрүнө ылайыктуу нукка буруу аракетин көрүүдө",- деп билдирүү таратты. "Алар «Саутфилд менеджмент» оффшордук компаниясынын мүмкүндүү потенциалдык шериктеши катары, Максим Бакиевдин алдында кимдин милдеттери болгон жана ал адамдарды табуу үчүн алынган документтердин түпкү маанисин атайын эле көрмөксөнгө салышууда. Негизинен бул кырдаал кылмыш учурунда кармалгандар жоопкерчиликтен качуу эле аракетин көрбөстөн, күнөөнү аларды ошол жерден кармагандарга оодара салгандагы абалды эске салат. Мындай аракеттерди 2010-жылы «Альфа Телеком» компаниясынын 100 пайыздык үлүшүнүн 49 пайызы гана улутташтырылып, Максим Бакиевге тиешелүү «Саутфилд менеджментке» 51 пайыз кандайча өтүп кеткендигин текшерүүнү болтурбоо аракети катары сыпаттаса болот. Алардын арасында 2010-жылдын июнь айында «Адвокаттык ишмердүүлүк боюнча» мыйзамды бузуу жолу менен, кайсы документтердин негизинде Максим Бакиевдин башкы юристтерине адвокаттык ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиясы кайрадан жаңыртылгандыгы боюнча дагы суроолор бар",- деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо