АЛА ООРУСУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН, КҮЙҮКТӨН ЖАРАЛАТ

№734 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж

Тери ооруларынын ичинде оорутуп, жаныңды кыйнабаган менен, сырт келбетти бузуп көрсөтчү оору бар. Ал дарт элде “ала”, медицинада “витилиго” деп аталат. Анын жаралуу себептери жана дарылоо ыкмалары боюнча жогорку категориядагы врач дерматолог Шамиль Валиев баяндайт.

Эмнеден келип чыгат?

Витилигонун эмнеден келип чыгары тууралуу так маалымат жок, бирок окумуштуулар төмөнкүлөр себеп болот деп эсептешет:

  • Бөйрөк үстүндөгү, жыныстык жана калкан сымал бездин, гипофиздин иштөөсүнүн бузулушу
  • Психикалык жаракат
  • Депрессия, стресс (анын ичинде үй-бүлөлүк чыр-чатак), тахикардия, жогорку кан басым, ич катуу
  • Иммунитеттин иштөөсүнүн бузулушу (организм өзүнүн клеткаларын чоочун зат катары кабыл алып, өлтүрө башташы)
  • Тукум куучулук
  • Кээ бир оорулар, мисалы, ревмотоиддүү артрит, бөрү жатыш, богок, боордун оорусу (оорунун айынан тери меланин үчүн керектүү цинк, жез, марганец, магний менен толук жабдылбайт)
  • Күйүккө чалдыгуу (күн нуруна, ысык нерсеге)
  • Кээ бир дары-дармек, сапатсыз косметика
  • Химиялык заттар
  • Уулануу
  • Ичтеги мите курттар

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

  • Териде ак тактардын пайда болушу
  • Так билингенде дароо дерматологго көрүнүү зарыл

АЛА ООРУСУ (ВИТИЛИГО)

Витилиго
– бул теринин кээ бир бөлүктөрүндө териге өң берип туруучу меланин пигментинин жоголушу. Пигменттер жоголгон жерде ак тактар пайда болгондуктан элибизде “ала” оорусу деп аталып калган. Тактар көбүнчө жаракатка көп кабылып, сүрүлүп-жышылчу жерлерде, мисалы, бет, кол, бут, чыканак, тизе, таман, жука чурайда жаралат. Айыктыруу кыйын. Түрдүү куракта пайда боло берет, көбүнчө 10-30 жаштагыларда кездешет. Оорутпаганы менен косметикалык дефект катары эсептелет. Убакыттын өтүшү менен тактардын өлчөмү чоңоюп, бири-бирине кошулуп, чоң жерди ээлей баштайт.

Дарылоо ыкмалары

  • ПУВА-терапия ыкмасы (ультрафиолет нуру менен нурдантуу)
  • Гормоналдык дары-дармектер
  • Витаминдер
  • Гелий-неондук лазер
  • Диета
  • Фитотерапия (дары чөптөр менен дарылоо)
  • Коргоочу косметика
  • Микро жана макроэлементтүү дарылоо (калий, натрий, кальций, магний, темир, жез жана башка)
  • Косметикалык каражат (витиколор гели)

Дарттын алдын алуу

  • Организмди чыңдоо
  • Витаминдүү тамак-аштарды пайдалануу
  • Күнгө чыгар алдында күндөн коргоочу кремди колдонуу
  • Ооруганда дароо текшерилип, дарылануу


ВИТИЛИГО МЕНЕН ООРУГАН АТАКТУУЛАР

  • Ак таңдай акын Жеңижок
  • Поп музыканын падышасы Майкл Жексон
  • Шантель Винни деген ат менен белгилүү болгон канадалык модель Винни Харлоу (башкы сүрөттө)

КОШУМЧА ТҮШҮНДҮРМӨ

Диагноз үчүн денени текшерүү жана жалпы анализден тышкары мите курттарга анализ алынып, боор, өт баштыкчасы УЗИден өткөрүлөт. Комплекстүү дарылоодо 95 пайыз натыйжа берет. Дарылоо оорунун жеңил же оор экенине карап 2 айдан 1,5 жылга дейре созулат. Андыктан убакыт жана чыдамкайлык керек. Дарылар жардам берген учурда 1-2 ай ичинде ак тактардын ичинде майда чекиттер (сепкил сымал) пайда болот жана алар көбөйүп, бири-бирине кошулуп, ала жерлер жабыла баштайт. Же ак тактардын өңү күрөң тарта баштап, көлөмү кичирейе берет. Дарылай баштагандан 2 ай ичинде натыйжа чыкпаса, анда врач дарылоо ыкмасын өзгөртүп, башка дары-дармек жазып берет.
Кээ бирлер чет элге, мисалы, Израилге, Германияга барып дарыланууну көксөйт. Бирок дарылоо ыкмалары бирдей эле. Болгону Израилдин деңиз климаты жана курамында микроэлементтер көп туздуу суусу батыраак айыгууга жардамчы болот.
Күн ысыкта жүргөндө ала болгон жерлер күн нуруна бат күйүп, ичине суу толгон ыйлаакчалар жаралат. Андыктан күн нурунда ашыкча жүрүүдөн качуу керек. Тукумунда ала оорусу барлар балдарын кичинесинен стресске көп чалдыктырбай, ооруса дароо дарылатып жүрүшсө, балада витилигонун жаралбашына мүмкүнчүлүк болот.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(33)
28.11.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бул жугуштуу эмес окшойт эгер жукпаса элге кобуроок маалымат беруу керек бул оору менен оругандар коп эле го карап койсон оздоруну ынгайсыз сезишет го.
28.11.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Зыгыр (колунан эч нерсе чыгаргысы келбеген,ичи тар ) адамдарга чыгат деп уктум эле мындай ооруну.
28.11.2016. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
VIK,андай эмес го, мен намаз окуган туз жургон, жакшынакай эле бир эжени тааныйм ушул оору менен ооруган.
28.11.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
VIK,койсончу ала деген ооруу кадимки эле тери оорусу,,зыкымдар ооруса корот элем мен коп эле зыкым кишилерди коруп журом ушунча жылдан бери ооруган жокко...
28.11.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
VIK,бу оору адам жаман болгонунан чыкпайт,сендей мендей эле адамдар алар деле...жок бу такыр жукпайт,оорубайт дагы...болгону корунушу суук корунот...а так зыяны деле жок.
29.11.2016. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
VIK,точно мен билген ошондой эки Адам бар
29.11.2016. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
VIK,колунуздан келсе жазбайсызбы? Сизге окшоп созду бурмалап билбей эле жазгандан туура эмес создор кобойуп кетти.
28.11.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ашкабактын данегин чагып жесе кобойбойт, оспойт. Практикада сына коргом дейинби. менин Эжем да ооруган жледа
28.11.2016. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Күкүм жесе ала оорусу менен оорубайт деп хадисте келет.Күкүмдү жерге таштабагыла
29.11.2016. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Santana,Ай атыбыз окшош экен окуп коруп Мен качан жаздым деп койом )))) Корсо башка экенсиз Кукум не ал? ТУШУНБОДУМ?
29.11.2016. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Santanna,ушак
29.11.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
nurbek_kgz,ушак эмес,хадис
29.11.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Santanna,нандын майдасы
30.11.2016. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Santana,рахмат ))
28.11.2016. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
VIK,биринчиден созду туура жаз "Зыгыр"май болуп алуучу осумдук "зыкым".Ар кимден уккан созду эле кеп деп айта бербе.себеби: озу ооруп турган адамга кайра сен зыкым деп кемсинтип жаткандай сезилет.
28.11.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шабдаалы коп жеш керек!
28.11.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bul ooru kobuncho beti achyk kalyp kungo ysyp kalgan suuga juungandan bolot jukpait bizde pes oorusu dep koiot
29.11.2016. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Зыгыр де хахаха андан да кашаага алып тушундурмо берип койгондобу. Зыгыр адам деп биринчи угушум зыкым закым деген создор бар буларды да чаташтырып алба зыгыр дегендей экоо эки болок.
29.11.2016. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оорунун коообу нервтен. Депрессиядан. Стресстен.
30.11.2016. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djal1987,кичине кызды кордум жашы 7.8дерде ага эмне нерв,эмне стресс,эмнеболгон Депрессия болду экен...тушундурчу...
29.11.2016. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кобу бул ооруну жугуштуу деп ойлошот,бирок бул жукпайт коркпой эле койсонор болот,витилига менен ооругандар аябай эле депрессия да болушат ар адам ар башка карашатта
29.11.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эшикте усту жабылбай калган сууга жуунгандан болот деп уккам,анткени жылдын бир мезгилинде асмандан адамга зыян нерсе тушот экен. Ошол мезгилге туш болгон сууга жуунгандан болот дешет копчулук. Дарт берсе дабасы менен берсин.
30.11.2016. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurkyz1977,усту жабылбаган душка бишкекте кундо тушчумун жайкысын бала кезде андан бери 20 жыл отту кана ооруганым болбогон бир кеп...ал организимден эле кадимки оорулардай.,,
30.11.2016. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу суперчилер сураныч псориаз боюнча да маалымат алып бериниздерчи.
30.11.2016. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karakchyyy, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
30.11.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер, эмчек эмген балдардын атопический дерматит оорусу тууралу кенен маалымат бергилечи сураныч. Озгочо эне менен баланын тамактануусу боюнча, биз эч нерсе жей албай аябай кыйналдык
30.11.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DGS_87, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
01.12.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин чоң атам да ушинтип ооруган.....
02.12.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mavlyuda, жалаң баш тамга менен жазылган сөздөрдү
жазууга болбойт, эскертүү!
03.12.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да ушу ала ооруусу менен ооруганыма 2жылдан ашты.ушуну кантип кетирсе болот,жана кандай даарылар колдонулат.билгендер болсо айтып коюнуздарчы сураныч.рахмат
05.12.2016. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул оорууну алдын албаса кобойуп кетет экен аптекадан мазь алып сурттук эле жакшы болуп калды
05.04.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tashkan,аты Эмне ал мазьдын???
05.12.2016. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клотримазол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо