4-5 айлык баланын физикалык жактан да, психикалык жактан да өсүүсү жогорку темпте жүрөт. Бул учурда балага кантип кам көрүү керек? Бул тууралуу БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) техникалык колдоосунун негизинде иштелип чыккан стандартта белгиленген. Таанышып коюңуз.
4 АЙЛЫК ЫМЫРКАЙ
-
Бала салмагына айына жок дегенде 500 граммдан ашык кошот.
-
Башы 15 миллиметрге чейин өсөт.
-
Көкүрөгү 20 миллиметрге чейин чоңоёт. Дем алуусу өөрчүп, мындан улам өпкөсү эки эсе чоңоёт.
-
Өтү жана боору да өсүп, тамак сиңирүүсү жакшырат. Ал мурдагыдай кулгуп куспай, ыйлабай тынч уктап калат.
-
Айрым балдардын бул куракта тиши жарылышы мүмкүн. Эгер балаңыздын шилекейи агып, түн ичинде ойгонуп катуу ыйласа, чыргоолонсо тиши чыга башташы мүмкүн. Ошого карабай медицина кызматкерине кайрылуу зарыл, себеби балага суук тийген оорунун белгиси да болушу ыктымал.
КЫЙМЫЛ-АРАКЕТИ
-
Бала оюнчуктарга умтулуп, колуна алганга аракет кылат.
-
Башын оңго, солго буруп, үн издейт, колунан түшкөн оюнчуктарын көз карашы менен узатат, издейт. Бул учурда балага музыкалуу оюнчуктарды сатып берген туура. Бетиңизге жоолукту тосуп, жашынмак ойносоңуз болот. Бул оюн балага кубаныч тартуулайт жана кыймылын өөрчүтөт.
-
Бала ары-бери оодарыла баштайт. Андыктан жалгыз калтырбоого аракеттениңиз. Бала үчүн коопсуз жай бул төрт тарабы тосулган атайын керебет, манеж. Мында бала оодарыла алат, атайын оюнчуктар менен ойнойт, кооптуу нерселерден оолак болот.
ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ
-
Бала ата-энесин, жакындарын көргөндө колу-бутун тарбаңдатып, күлүп, кубанат, талпынат.
-
Үн чыгарып маектешүүгө өтөт. Бала менен сүйлөшкөндө көзүнө карап акырын сүйлөңүз, сөздөрүңүздө мээримдүүлүк билинип турушу керек. Тез да, жай да темпте сүйлөп көрүңүз. Анан бир нече секунд унчукпай туруңуз. Мындай токтоп калуулар, үндүн күчү баланын көңүлүн бурат. Бала үн чыгарганда сиз да аны туураңыз. Бала мына ушинтип акырындык менен үн жасоону, анан сөз жасоону үйрөнөт. Баланы атынан айтып чакырып, ага жакшы ырлардан ырдап бериңиз, кол чапканды үйрөтүңүз.
5 АЙЛЫК ЫМЫРКАЙ
-
Салмагына айына жок дегенде 500 граммдан ашык кошот.
-
Бою 3 сантиметрге узарат. Башынын көлөмү да бир аз чоңоёт.
-
Көкүрөгү 1,5-2 сантиметрге чоңоёт.
КЫЙМЫЛ-АРАКЕТИ
-
Далысын көтөрүп, башын көпкө түз кармап тура алат, жанындагы оюнчуктарга умтулат. Ары-бери оодарылып, ичи менен жылып, жөргөлөгөнгө аракеттенет.
-
Жаздык менен тосуп же атайын креслого отургузсаңыз отура алат. Бирок көпкө отургузууга болбойт. Медицина кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен балага массаж жана гимнастика жасаңыз. Бул ар кандай кыймылга үйрөтүүдө чоң мааниге ээ. Курагына ылайык келбеген көнүгүүнү зордоп жасатуу зыян, кыймылы менен нервдик-психикалык өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет.
-
Бул куракта оозуна бардык нерсени салып тиштеп, жалап көрөт. Азырынча оозу анын мыкты изилдөөчү аспабы. Ошондуктан баары таза, коркунучсуз болушу маанилүү.
ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ
-
Ар кандай үндөрдү чыгарып, "гау-гау" деген сыяктуу кыскача сөздөрдү айта баштайт. Жалгыз калган учурда да өзү менен өзү сүйлөшүп, ар кандай үн жасоого аракет кылат.
-
Чоңдордун мамилесине жооп кылып жылмаят, күлөт. Өзүнө тааныш жүздөрдү көргөндө кубанып, үнүн чыгарып жыргайт. Кээде бир нерсе көңүлүнө жакпай жатканын да үнү менен билдирет.
-
Угуусу менен көрүүсү күн санап жакшыра баштайт. Бала өңдөрдү айырмалап, ата-энесине көңүл токтото карап, апасынын жүзүн сылап, мурдун кармалап, көздөрүнө тигилип, чачынан тартып, оозуна колун салып байкап көрөт.
-
Тегеректеги 2,5-3 метр алыстыктагы үндөргө маани берет. Үн чыккан булакты кадимкидей издейт. Жагымдуу музыкадан коюп бериңиз. Бир аздан кийин өчүрүп коюңуз. Мындан бала музыка бар жана жок кезди айырмалай баштайт. Музыканы көп убакыт койбоңуз, себеби ал баланын тез чарчоосуна алып келет.
ЫМЫРКАЙДЫ ЖУУНТУУ
-
Күн сайын ымыркайды бир учурда, кечки тамактануунун алдында киринтүү зарыл.
-
Баланы сууга түшүрүп жатканда бөлмөнүн температурасы 24-26°С, ал эми суунун температурасы 37°С болушу кажет. Сууга балдарга арналган атайын каражаттарды кошсоңуз болот. Бирок ар бир нерсеге аяр мамиле кылыңыз. Себеби баланын териси өтө назик болот. Кээ бир нерселер ага жакпай калышы ыктымал.
-
Баланы 2 айына чейин 5 мүнөт, андан кийинки айларда 12-15 мүнөттөн сууга түшүрүү туура.
-
Баланы жуунтуу ирети менен болушу зарыл: алгач моюнун, көкүрөгүн, ичин, колу-бутун, анан аркасын жууш керек. Эң аягында баланын башы жуулат.
-
Жуунткан соң баланын денесин аарчып, колтугун, бутун, чатын атайын бала үчүн упа же бет май менен майлаңыз. Эми балага таза, үтүктөлгөн кийимдерин, баш кийимин кийинтип, эмизип, уктатыңыз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
Бутуна шина кийгизип тургузбагыла деп массаж лфк дагы физио лечения бирдемкелерди жазып салды азыр кундо больницага каттап жатабыз.