Аскат Сулайманов, актёр: "МЕН ЭМЕС, ПУТИН ДЕЛЕ АЖЫРАШЫП, ҮЙЛӨНҮП ЖАТПАЙБЫ"

№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж

5 баланын атасы, актёр Аскат Сулайманов чыгармачылыгында бир топ ийгиликтерди жаратып, учурда эл көзүндөгү инсан. Кино, театрда жараткан ролдоруна өзүнүн баасы кандай, үйдө кандай уул, кандай ата, кандай күйөө? Бул суроолордун жообу төмөндө.

– Саламатсызбы? Аскат мырза, жакында эле социалдык тармактардагы баракчаңызга "Казакстандан кино тартып келдик" деп жаздыңыз...
- Саламатчылык! Ооба, өзүм режиссёрлук кылып "Революция токтотулат" деген аталыштагы тасма тартып жатканбыз, ошонун акыркы эпизоддорун Астанадан жыйынтыктап кайттык. Ошону менен катар мелодрама жанрындагы "Миллион жана сүйүү эрежеси" аттуу дагы бир жаңы тасмабыздын тартуу иштерин баштадык. Режиссёр катары бул менин төртүнчү эмгегим. Буга чейин "Президент жана бомж-2", "Москва сүйүүсү" деген тасмаларды элге тартуулагам. Учурда кино тартуу менен эле алектенбестен, театрда дагы жаңы спектаклдердин үстүндө иштеп жатабыз. Индия элинин "Махабхарата" деген абдан көлөмдүү эпосу бар. Ошол 19 томдук эпостон эки жарым сааттык "Бхарата урпактары" деген аталыштагы спектаклинде Шакуни деген бузуку терс каармандын ролун ойноп жатам. Буюрса, бул спектакль менен 20-декабрда Индияга сапар тартканы турабыз.

– Театр сахнасында, кино тасмаларда бир топ ролдорду жаратууга жетиштиңиз. Кайсынысы сизге сыймык жаратат дагы, кайсынысы өкүндүрөт?
- Өкүнүп калдым деп деле айтпайм, бирок бир ролум бар. Ушуну ойнобой эле койсом болмок экен деген ойдо калгам. Аны атабай эле коёюн, режиссёру таарынып калат го. Калган ролдорума эл өзү сынчы. Кандай гана роль жаратпа, кийин экрандан көргөндө сын көз караш менен карап калат экенсиң. Театр менен кинонун дагы бир айырмачылыгы ушул, спектаклде бир ролуңду 10 жылдан кийин ойносоң, башкача көз караш менен ойноп кетсең болот, а тасмада 10 жылдан кийин башкача көз караш менен карайсың, бирок оңдой албайсың. Мисалы, мындан 13-14 жыл мурда тартылган "Айыл өкмөтү" тасмасындагы ролумду карап отуруп бул жерин башкача ойносом болмок экен деп көп эле жерлерине оңдоо киргизгим келет, бирок ал мүмкүн эмес.

– Учурда уул-кыздарыңыз бой жете баштаган кез. Арасында сиздин жолуңузду жолдойм дегендери барбы?
- Ооба, балдарымдын алды бой жетип 18ге чыкты. Экинчиси 17 жашка толду. Ошол экинчи балам жакында эле өткөн өспүрүмдөр арасындагы "Карек" кинофестивалына өзүнүн тарткан тасмасын жиберип 87 эмгектин ичинен "Эң мыкты актёр" наамын жеңип алды. Анда улуу балам Арген, Арсен өзү, анан классташтары ойноптур.Кино тартып жүргөнүнөн "кел жардам берейин, мага көрсөтчү" десем, "жок, ата, сиз жардам берсеңиз бул сиздин киноңуз болуп калат, кийлигишпеңиз" деп койгон. Азамат, жакшы кино тартыптыр.

– Уулуңуздун сиздин жолуңузду жолдошун каалаган чыгарсыз?
- Негизи балдарымды катуу эле кармадым, ачуумдун келип турганын көзүмдөн эле байкашат. Өз учурунда туура багыт көрсөткөнгө аракет кылам. Мени менен акылдашышат, сыйлашат. Ал эми кесип тандоо жаатында эч кимисине кийлигишпейм. Өзүм деле бала кезде апам "сен жалгыз баласың, артист болуп эмне кыласың талаалап, милиция кызматкери бол" дегенинде көнбөй койгом. Кийин ойногон ролдорумду көрүп "келечегиңе балта чапмак турбаймынбы, артист болсоң мейли" деп калган. Улуу балам милиция кызматкери болом деп жүрөт. Андан кийинкиси Арсен минтип тасма жаатында ийгилик жарата баштаганынан "киного кетесиңби?" десем, "жок, ата, мен ашпозчу болгум келет, Италияга кетем" деп койду. Ал эми 7-класстагы баламдан "ким болосуң?" деп сурасам, "ой, билбейм, ата" деп коёт. Ал эми кыздардын тарбиясы энесинен көз каранды эмеспи, ата катары аларга кеп-кеңешимди айтып турам.

– Жеке жашооңузда да чоң өзгөрүүлөр бар экен...
- Ооба, быйыл август айында үйлөндүм. Келинчегимдин аты Мээрим, Ат-Башыдан болот. 1988-жылы туулган. Турмуш деген ушул экен, мурунку жубайым экөөбүз пикир келишпестиктерден улам ажырашып кеткенбиз. Жаман эмес, 17 жыл жакшы жашадык. Урушуп-талашпай эле сүйлөшүп, эки ажырым жолго түштүк. Балдарыма каралашып, кем-карчысын берип турам. Меникин эле аябай трагедия кылышты "Аскат үйлөнүптүр" деп, аларга айтар элем, мен эмес, Путин деле ажырашып, үйлөнүп жатпайбы, баарыбыз эле пендебиз да. Ажырашкандан кийин 2 жылдай ойлонуп бой жүрдүм. Андайда жоро-жолдош да көбөйүп кетет экен, күнү-түнү алар менен болуп. Апам да "үйлөн’’ дей баштады. "Эртең менен бара турган ишиң болсун, кечинде күтүп алар кишиң болсун" деп коёт эмеспи. Азыр баары жакшы, апам Мээримди жакшы кабыл алды, Мээрим да балдарым менен тил табышып кетти. Бактылуу жашап жаткан кезибиз.

– Кыз бала атасына жакын болот эмеспи. Кыздарыңыз сиздин үйлөнгөнүңүздү кандай кабыл алышты?
- Өзгөчө кичине кызым мага аябай жакын. Ошондуктан кыздарымдын көңүлүн оорутуп алуудан чочуладым. Бирок мага эч нерсе билинген деле жок. Эки жыл ичинде алар деле даяр болуп калышкан. Кызыма кээде тамашалап "эми мен башка "мама" алып келем го" деп койсом, "ала бериңиз" деп койчу.
– Бизге бөлгөн убактыңыз үчүн чоң рахмат. Бактылуу болуңуздар.

"Кыздарым Айназик менен Аделина".


"Жубайым Мээрим балдарым менен бат эле тил табышып кетти".


"Ушундай образда Индияга сапар тартканы турам".


Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(140)
08.12.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кинодо кандай роль жаратса ошондой адам экен (айыл окмоту).Биринчи аялына айтаарым :эже эч качан чокпонуз,сизди 5 баланыз алаканына салып багып алат.Сиз балдары бар бар дуйнодогу эн бактылуу аялсыз!!!
25.01.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
baitylek.kg,ооба балкыйтып беш баланы төрөп бериптир,жаштыгыңда ач калып ток калып балдарды өстүрүп эми жакшы жашаарда күйөөңдөн жакшы күндү көрөөрдө мынтип жаш немени алып алса буякта турган мен жаман эле болдум.аааа Асхат агасы эми акча таап калган кезде жаш катын мазза кылып кошелек кылат экен да ээ.Экинчи берсин сазайди дейт беле...
08.12.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Даааа,аялына кыйын 5 баласы мн кимге турмушка чыгат.Ошо 5 баласын Аскатка таштап озу кетип калганда корот элем 88жылкы жаш аялдын тийгенин ар бир баланын туйшугу бар да,бирок биз энебиз ага чыдабайбыз.Аялы байкуш бар омурун арнады жашы деле 40тан ашса керек.Аял кишиге жолоп турган эр созсуз керек.Ошо учун айтат да эркектин бети уйрулгончо,жердин бети уйрулсун деп.жузун бурса эркектер 10 балага да карабайт.
08.12.2016. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
1988 жылкы аялы чон корунот экен чынында коруп шок болдум мен да 88 андай уулу адамга турмушка чыкпайт болчумун....
08.12.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ADEMI8988,андай деле улуу эмес,38 жашта Аскат байке)))
08.12.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meni_kut, такталбаган маалымат жазып кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-08 15:20:30
08.12.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыз-жигиттер урушуп суйлошпой калышса канча кыйналышат,17 жыл чогуу жашаб,жон эле ашырашып кеттик деп коетго.аялына,балдарына куч кубат берсин.
08.12.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Турмуш оюн эмес,мунун чоон себеби бардыр,ким билсин.
08.12.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
5 баланы анда эмне жаратты, оз энеси атасы жанында болбогондон кийин, балдарга убал болотго бактылуу болушсун эми эмне дейбиз мындан башка.
08.12.2016. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
эмт озун ьул актеришка Путинге салыштырбай эле койсо. анан дагы ажырашканын чон иш жасагандай болуп мактанып айтыптыр. аял киши ушу экен да,ыйлап алып ьалдары учун жашай берет. а бул актер картайганла барбаса болду балдарын излеп. атанармын депчи.
09.12.2016. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Артистигин кылыптырда
09.12.2016. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыздарынын суротун коруп кыздарына боорум ооруп кетти(((((, кыз бала атасына жакын болот го.
09.12.2016. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эркекке ишенгенче, эки босогоно тшен деген ушул да. Мындан 6-7жыл мурун болсо керек эле. Суперде маек курду эле, уйлонуп балалуу болгондон кийин, нан алганга акча жок. Айлык алганча карыз болом,айлык тийгенде аны кайра карыздарыма берем. Айлыгым болгону 12 сом. Барга да,жокко да чыдаган аялыма рахмат деп. Ушул маекти дайыма озумо сабак катары эстеп журом. Капчык кампайганда,жашын алдым болуптур. Неси болсо да эми уйбулоо очогунуз урабасын!
10.12.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
rusha, билдирунуздон улам ошол маекти таап окуп келдим. Рахмат.
10.12.2016. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
17 жыл жашап, 5 баланы тороп берген энесин ага кошуп балдарын таштап башка бироого кеткен адамды сыйлабайм. Ара жолдо таштап кеткен аялын. Ушунун оордунда аял киши эч качан балдарын таштабайт болчу, эмне учун эркектердин дээрлик 90% ангы донгу болушат. Бир жерине алы жетпеген...
10.12.2016. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялы менин ХХХ ХХХ корунот го, хе хее
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-12 11:46:00
12.12.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sirena., кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
11.12.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Орустардын жакшы макалы бар "чужая семья темный лес"
11.12.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сыйлайм сизди аскат байке
11.12.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ар бир уй булодо ар кандай сыр болот может экоондо тен бар,байыган сайын аялдарды да тушунуш кайынжурт!!!
12.12.2016. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мага аткарган ролдору жагат. Ийине жеткире аткарат. Бактылуу болсун.
12.12.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргыз элим, бири-бирибиздин жаманын жашырып, жакшысын ашыргандан коро, жаман жагын чукуп эле турабыз да...
12.12.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mavlyuda, жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
12.12.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аялында деле болуш керек. Тамагын жасап, уйун таза тутуп, жылуу суйлоп отурган аялдан ким 17жылда баш тартып кетсин. Аскат байке деле эмес жубайында да барда. А тиги жаш катыны актердун коомдогу актёр деген статусуна эле кызыктыго. Катардагы жонокой эркек беш баласы мн ажырашканда улуу корунмоктон картан корунсода тиймек эмес.))
12.12.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаш кыз алганга жараша сулуурак кыз алса болмок,))))
12.12.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээй. Сыйлабай калдым бул адамды. Кыргыз байыса катын алат дегени ушу экен да
13.12.2016. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман эркек белгиси элуу жашта жаш болот...
13.12.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аял байкуш жаштыгын ушуга арнап, бешти тороп анан алган рахматы ушул экенда..
Жийиркеничтуу
13.12.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chinkobek, жалаң баш тамгалар менен жазууга, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
13.12.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Путин крышадан секирсе ? сиз дагы секиресизби ? )))
13.12.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай мыкты,талантуу актер, бардык рольдорду жеткире жасалмасыз аткарат. Аябай сыйлачумун,жаш катын алганы учун анча сыйлабай калдым. Балдары катын ала турган болуп калганда озу катын алыптыр.Уят эй.Тиги аялы да 5 баласын таштап кеткен кишиге турмушка чыкканы кызык экен.5 баланы таштаган эркек жаш катынын деле жонле таштап кетет да бир куну андан да жашты каалап.
16.12.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окуп алып шок болдум. Ажырашканын укпаптырмын. Жалко конечно. Аскат байке кийин окунбосо болду. Ар бир чыгаан инсандын артында, колдогон Тыл,жубайы го. Ушунча ысык-суугуна куйуп, барда да,жокто да жанында колдоп ушул даражага жетишине комокчу болгон жубайын таштап жаш кызга уйлонгону. аттин. 17 жыл жашап 5 баланы торогончо пикир монун келишип жашап, атактуу болуп калганда пикир КЕЛИШПЕЙ калгны жаман экен. Тьфу.тьфу.тьфу. кудай андайдын бетин ары кылсын. Ар кимибизде уй-булоо бар.
16.12.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аскат байкени психология жактан караганда, КРИЗИС СРЕДНЕГО ВОЩРАСТА.деп коет. Эркек 40 жаштын тегерегинде Карып баратканын мойнуна алгысы келбей психологиялык кризиске кабылат. Эрки кучтуулор женип чыгат, Аскат байкеге окшогон эрки жок эркектер жаш кыздарга уйлонушот,чтобы самоутверждаться... жашмын мени жаш кыздар карашат деп.
16.12.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жактан жаш келинчеги жалко бир чети. Анткени Аскат байке кризистен откондо кайра биринчи келинчегине кайрылып келет. Айтты,койду дебегиле. Я больше чем уверенна. А жаш аялы калат.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо