ӨЛКӨДӨ ВИЧке ЧАЛДЫККАНДАР 8 ЭСЕ КӨБӨЙДҮ

№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Бириккен Улуттар Уюмунун СПИДге каршы программасынын (UNAIDS) маалымдашынча, Кыргызстанда акыркы 10 жыл аралыгында ВИЧ илдетине кабылгандардын саны 8 эсе өскөн. 2005-жылы 826 болсо, 2016-жылга карата 6730 адам ВИЧке чалдыккандардын расмий тизмесинде. Маалыматка караганда өлкөдө аталган илдетти көбүнчө кан жана жыныстык катнаш аркылуу жугузушууда. 2016-2017-жылга карата бул ооруга каршы күрөшүүгө глобалдык фонд Кыргызстанга 22 миллион доллар бөлдү. Буга чейин СПИД, кургак учук жана безгек боюнча аталган фонд ооруларга каршы каржылоону колуна алган болсо, 2018-жылы Кыргызстанга карата каржылоосу толугу менен токтомокчу. Адистердин айтымында, эгер бул каржылоо токтосо, өлкө ичинде ВИЧ сыяктуу жугуштуу илдеттер кескин түрдө көбөйүшү мүмкүн.
Кошуна Казакстан жана Өзбекстан менен салыштырып көрсөк, ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны Кыргызстанда ылдам өсүп жатканы байкалат.
Аталган илдет боюнча Өзбекстанда энеден балага жугуу 2000-жылдан 2015-жылга карата 18 эсе кыскарган. Оорунун ийне аркылуу жугуусу болсо 3,3 эсе кыскарган. Казакстанда да атайын улуттук программанын негизинде ВИЧке каршы күрөшүү жүрүп жатат. Мисалга алсак, быйыл да "Мен ВИЧтин алдын алуу үчүн!" аттуу ураан менен аталган илдетке каршы бир айлык акция жарыяланды.
Албетте, жалпы санын караганда ВИЧке чалдыккандар кошуна өлкөлөрдө көп болушу мүмкүн, бирок алардын калкынын санына жана оорунун көбөйүү ылдамдыгына караганда биздин өлкөдө абал кооптуу.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо