КУРЧ КАРМАГАН САСЫК ТУМООДОН КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК?

№736 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж

Көчөдө, коомдук транспортто, дүкөнгө баш бакканыңызда чүчкүрүп-бышкырган адамдарды жолуктуруп жатсаңыз керек. Балким, өзүңүз да ошондой абалда жүргөн чыгарсыз. Мунун себеби – быйыл эл арасында курч кармаган сасык тумоонун В тибиндеги H3N2 вирусунун тарап жатканында. "Ага кыргызстандыктардын иммунитети жок" деп билдирди Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы Артур Буюклянов. Эл арасында айтылган "январь айында бул сасык тумоонун экинчи толкуну каптайт" деген кеп чын болсо, анда андан сактануунун жолдору менен тааныштыралы.

 

Мунира Ниязова, Бишкектеги "Тез жардам" кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн фельдшери:
– Учурда жүрүп жаткан сасык тумоо тамактын оорусу, жөтөл, мурундун бүтүшү жана өзгөчө жогорку дене табы менен коштолууда. Мисалы, кечээ күнү эле "уулубуздун дене табы көтөрүлүп көзү аңтарылып, эсин жоготуп жатат" деп шаар тургуну чалды. Барсак сасык тумоонун курч кармаган түрү экен. Мындай учурларда ата-энелер суук тийип калды деп балдарга антибиотик берип, төшөккө ороп салышат. Эскертерим, антибиотиктерди аймактык дарыгериңиздин уруксаты менен гана берүү керек. Дене табын түшүрүү үчүн ар 8 саат сайын ибуфен же парацетомол бериңиз. Алгач ибуфен берген соң кайра парацетамолдон башка дарыны ичирген болбойт.
Такыр болбосо "Тез жардам" чакырып, алар келгиче болушунча көп суюктук ичип, жылуу суу менен (ысык эмес) бүт денени сүртүп, өтө калың кийинбей (жаш балдарды кийинтпесе деле болот) жатуу керек. Сасык тумоо 5-7 күн дегенде кайта баштайт. Тез айыгуу үчүн дарыгериңиздин айткандарын калтырбай аткарып, сезонго ылайык кийинип, убагында тамактануу зарыл. Анан төмөндөгү кеңештерге дагы көңүл бөлүңүз.



САСЫК ТУМОО КҮЧ АЛУУДА

  • Сасык тумоо жаш балдар арасында көп кездешип жатканына байланыштуу 5-декабрдан 13-декабрга чейин Бишкек шаарындагы 95 мамлекеттик, 16 менчик, Чүй облусундагы 64, Жалал-Абаддагы 2 мектеп карантинге жабылды.
  • Бишкектеги "Тез жардам" борборунун берген маалыматына ылайык, 1 сутканын ичинде миңден ашуун чакыруу болсо, анын 200дөн көбү курч кармаган сасык тумоо боюнча. Оорулуулардын 60 пайызы 14 жашка чейинки жаш балдар.
  • Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына быйылкы жылдын ноябрь айында сасык тумоо менен 1945 адам кайрылса, анын 894ү ооруканага жаткырылган.

8-декабрга карата берилген маалымат боюнча, ооруканада 274 адам бул вирустан дарыланып жатат. Кайра жандандыруу бөлүмүндө 8 адам, алардын баары 5 жашка чейинки жаш балдар.

Мамлекеттин бюджетинен сасык тумоонун алдын алуу максатында ага каршы 69 645 "Грипп плюс" вакцинасы сатып алынган. Бул көрсөткүчтөр 2015-жылга караганда 2 эсе көп. Учурда 69 миңден ашуун адам (анын ичинде медицина кызматкерлери, балдар үйүндөгү, карылар үйүндөгүлөр, кош бойлуу айымдар жана иммунитети төмөн
5 жашка чейинки балдар жана башкалар)
акысыз эмдөөдөн өттү.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ:

Жогорку дене табы
Чыйрыгуу
Алсыздануу
Сөөктөрдүн оорушу
Көздүн караңгылашы
Баштын катуу оорусу
Жөтөл же тамактын оорушу

ЭГЕР ТУМООЛОП ЖАТСАҢЫЗ:

Вирусту жугузуп алсаңыз, анда үйдө калууңузду сунуштайбыз. Ооруга чалдыккан жаш балдар болсо аларды бала бакчага, мектепке жибербөө кажет. Ооруну башкаларга жугузуу коркунучу жогорулайт.
Ооруп жаткан адамдар башкалардан 1 метр алыстыкта карманып, сөзсүз түрдө медициналык бет кап тагынуусу керек.
Чүчкүрсөңүз мурунду жана оозду кагаз бет аарчы менен жапканды унутпаңыз жана аны дароо таштандыга таштап салыңыз.
Өз алдынча дарыланууга аракеттенбеңиз, жыйынтыгы аянычтуу болуп калышы толук мүмкүн.

ПРОФИЛАКТИКА ҮЧҮН:

Эмдөөдөн өтүү керек. Аны жылдын күз айларында ишке ашырган оң. Учурда каалоочулар менчик клиникалардан акы төлөп эмдөөдөн өтүшсө болот. Баасы 600-650 сомдун тегерегинде.
Убагында тамактанып, суюктук көп ичип, уйкудан калбай, спорт менен машыгыңыз. Бул нерселердин баары иммунитетиңиздин жогору болушуна салымын кошот.
Колуңузду дайыма самын менен тазалап жууп, башка адамдар менен кол алышып, өбүшүп, кучакташып учурашпоого аракеттениңиз.
Үйдү, иш бөлмөңүздү өтө ысытпай тез-тез шамалдатып турганыңыз туура болот.

Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(28)
14.12.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо кудай озун сактай кор бул эмне деген шумдук бирок бизде баары жакшы балдарым бала бакчага барып жатышат макаланы окугандан кийин ойлонуп калдым
14.12.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен озум ооруп жатам, жогорудагы айтылган белгилер менде болду аябай оор туру окшойт. Гриппостат С, НОЛ грипп, ИНСТИ чай... жана башка ушул сыяктуу даарыларды акча коротуп албай эле койгон жакшы. Алардын сапаты жокпу же мага жардам берген жокпу билбейм. ЦЕФТРИАКСОН деген укол Новакаин менен алып жатам кичине женил болуп калды. Кошумча "Грудной сбор" деген чоп жана иммунитетти которгон даарылардан кошумча ичсе болот экен.
NES1380 түзөттү 2016-12-14 10:36:02
14.12.2016. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да аябай айыга кыйналганда бир азербайжан Байке лимон менен имбирди кайнак сууга кошуп ич леди. ошондо жакшы болдум
14.12.2016. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
aiposharysbekova, Анан Дагы Кандай
Жардам берди Азербайджан байкен, гриппке
Массаж да жардам берет дечи эле
14.12.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин балдарым да аябай катуу ооруп кудайга шугур азыр кичине тузук
14.12.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз жолдошум экообуз жатып калдык..
14.12.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
цефтриаксон кучтуу антибиотиктерге кирет.
лучше ампициллинден башташ керек
вообще гриппте антибиотиктер сунушталбайт негизи

14.12.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Имбирди дайым бал менен же лимон малина менен ичип жатам,,дары жардам бербей койду укол сайчу киши жок уйго келип,,,жакшымын 1 жума оорудум,бирок башым бир азыраак ооруп турат...
14.12.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
А мен мончодо парда бир сааттай олтурдум. чыккандан соң жылуу жатып алдым.Ошентип грипптин "Г" тамгасы да калбады.
14.12.2016. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Имбир деген эмне айтып койгулачы
15.12.2016. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
nurka0390, лимондун бир туру
15.12.2016. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
solnyshkokg96,лимон эмес,озунчо осумдук,имбирдин тамыры гана колдонулат(корень имбиря),ашказанында жарасы (язва) барлар таптакыр колдонбогула,ачыштырып озоруп оорутат.
Чайга кичине кошуп,же тамак жасаганда бир аз туурап(кичинеее эле!)куурулуп жаткан этке кошуп жиберсе болот,предупреждаю!:абдан ачуу,аздан кошкула.
15.12.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнак сууга лимон мн имбирди аралаштырып муздайын дегенде бал кошуп ичсениздер жакшы болуп кетесиздер
15.12.2016. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менда азыр аябай грипп болуп ооруп жатам томонку айтылган белгилердин баары болуп атат не кылышты билбей калдым 8 айлык балам бар ага жукпаса экен деп жанталашып атам кудайым озу сактасын
15.12.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени да бир кун которуп чарты эле сразы ампицилин алдым уч маал токтоду жотол кетпей жатат баламын температурасы кыйнап атат судурук болуп озун жоготуп койуп атат
15.12.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым сактап,аман эсен кыштан чыгып кетелик!
15.12.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар корень имбирь,лимон бал айыктырбайт профлактикада Гана колдонулат!ашказан орругандар имбирьди колдонууга болбойт!Мен дайыма 1кундо 1жолу имбирь лимон бал аралаштырып чай ичем абдан пайдалуу грип болбой журосун!жонокой адамга да имбирьди коп ичуу зыян
15.12.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чеснок..пияз.калемпир ушуларды кыштын куну коп колдонуш керек.
15.12.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен тамак оорусун Стрепсилс плюс спрейи менен жеңдим, сонун дары экен
16.12.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пиязды тарелкага туурап болмого коюп койсо же ысырыкты тутотуу да жардам берет экен.
16.12.2016. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир сыйра грипп болуп, дары ичип жакшы болуп калгам. Кайра бир жумадан кийин ооруп калдым. Укол алып атам. Дары жардам бербейт окшойт
16.12.2016. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер, өтүндө ташы барларды операциясыз дарыласа болобу, ушул жөнүндө кенен жазгылачы сураныч.
19.12.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adyl.xxxxx, саламатсызбы? Сунушуңузду kenesh@super.kg дарегине жибериңиз.
16.12.2016. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи иммунитетти котрогуло озунордогу. Эрте туруп чуркагыла, же жон эле баскыла , спорт мн алектенгиле, кошумча витаминдерди ичкиле кышында. Анан лмондун ширесин сууга кошуп суусундук катары ичип тургула чанкаганда. Ооруунун алдын алган жакшы тошокто судуролуп калгандан коро.
17.12.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мендагы 3 күндөн бери оруп жатам, күндөн күнгө күчөп жатат. эмне кылам? кыйналып кеттимго((((
17.12.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шорпо жасап,чесноктон кошуп ачуу кылып ичип жатып алгыла.анан дагы кайнак сууга лимон кошуп,бат баттан ичсенем бат сергийсинер
20.12.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да замандан артта калвай грипптин оор туру менен ооруп айыктым.Аявай кыйналдым.Валдарымда жатып калышты.Тайлол хот жардам верди.
20.12.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin 7 ailyk balam gripp bolup kaldy doktorgo alparsam sve4a jazdy birok kusup jatat emne kylsam bolot?? bilgender jazyp koigula4y
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо