БИР БҮРКҮМ

№736 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж

  • Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 5-декабрда эмгек өргүүсүнө чыкты. Кайра качан жумушка чыгары айтылган жок.

  • Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты жоюу тууралуу токтомго өкмөт башчы кол койду. Кызмат укук коргоо органдарын РЕФОРМАЛООНУН максатында жоюлду.

  • Кыргыз мамлекети КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн ичинде ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНДАГЫ өлүмдөрдүн саны боюнча 2-орунду ээледи. Биринчи орунда Казакстан турса, үчүнчү орунда Орусия турат.

  • Жогорку Кеңештин депутаты АЙСУЛУУ МАМАШОВА 4-декабрда турмушка чыкты. Эскерте кетсек, Айсулуу Мамашова "Дасмия" комплексинин негиздөөчүсү Турусбек Мамашовдун кызы.

  • Бишкек шаарында быйылкы жылы БАЛАТЫ БАЗАРЫ Ботаникалык бакта иштеп баштады. Баалар 1 миң сомдон 8 миң сомго чейин.

  • Бир ИТТИ АТУУГА 270 сом сарпталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалым кылды.

  • Кыргыз мамлекетине келген чет өлкөлүк жарандарды 5 КҮНДҮН ИЧИНДЕ каттоого турууга милдеттендирген токтомду жоюу тууралуу чечимди өкмөт кабыл ала элек.

  • Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун айтымында, 2017-жылдын сентябрь айында МАРШРУТТУК каттамдар токтотулат. Калаага 300дөй автобус алынмакчы.

  • БИШКЕК дүйнөдөгү 420 борбор шаардын ичинен жашоо деңгээли эң төмөн 27 калаанын катарына кирди. Мындай рейтингди "Merser" уюму чыгарган.

  • Кар көчкүдөн улам жабылган БИШКЕК-ОШ УНАА жолу 8-декабрь күнү саат 15:20да бир тарапка ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

  • Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндө орун калбагандыктан, шаардан 20 чакырым алыстыктагы Гроздь айылы тараптан жаңы жай бөлүндү. ЖАҢЫ КӨРҮСТӨН 2017-жылы иштей баштайт.

  • Ош шаарында Лексус RX-300 үлгүсүндөгү унаанын Э.К. аттуу айдоочусу мас абалында 57 жаштагы Марипат Эрманбетованы унаасы менен СҮЙРӨП ӨЛТҮРҮП алган. Айдоочу Эрманбетова түшө электе унааны айдап жиберген. Айдоочу кармалып, камакка алынды.

  • Мамлекеттик миграция кызматынын маалымдашынча, өлкөдө 11 ай ичинде 11 751 ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК жаранга иштөөгө уруксат берилген. Алардын жарымына чукулу Бишкек шаарында эмгектенишет.
  • 9-декабрда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ орнотулат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо