БАЛАТЫГА ОЮНЧУКТАРДЫ ЖАСАЙБЫЗ

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

ЖЕЛИМ БӨТӨЛКӨДӨН БАЛАТЫ ОЮНЧУКТАР


Желим бөтөлкөлөрдү түбүнө 3-4 сантиметр жеткирбей кыркып алыңыз. Тегерек болгон бөлүктөрүн гүл формасында кесип, чекелерин ширеңке менен акырын эритип, кырларын бир аз ийесиз. Кааласаңыз аэрозоль менен ар кандай түскө боёп алсаңыз болот. Эми ортосуна топчуну желим менен жабыштыруу керек. Темене же шибегени ысытып алып, оюнчукту көзөйсүз. Көзөнөктөн лента же калың жипти өткөрүп, илмек жасаңыз. Балаты үчүн оригиналдуу оюнчуктар даяр.

ЛАМПОЧКАДАН ОЮНЧУКТАР


Ал үчүн сизге жарактан чыгып калган лампочкалар керектелет. Боёктордун, лактардын жар­дамы менен каалаган каарманыңыздын: пингвиндин, мамалактын, коёндун, Аяз атанын келбетин тартып аласыз. Андан соң лампочканын башына топу кийгизип, илгич жасап коюңуз.

ҮЙЛӨМӨ ШАРЛАРДАН ОЮНЧУКТАР


Шарларды чыныдай же андан бир аз чоңураак кылып үйлөп аласыз. Андан кийин шарларга суюк желим сүйкөйсүз. Эми түймө түйүүгө арналган жиптин ичке түрүн алып, шарды айланта ар кандай багытта ороп чыгасыз. Жылчыкча калтырып оролгон шарларды кургатып алабыз. Кургагандан кийин шардын желин акырын тартып чыгарып аласыз. Акыркы кадам: калың жиптен илмек жасап, балатыга же асма шам чырактарга илип койсоңуз болот.

КАРТОН КАГАЗДАН КАМИН


Эгерде үйүңүздө жомоктогудай камин жок болсо, анда биз кадимки шартта жасап алууну үйрөтөбүз. Ал үчүн сизге скотч, кадимки ак барактар, катуу жана бузулбаган коробкалар керектелет. Ал үчүн коробкаларды мештин формасында тизип алып, бири-бирин скотч менен чаптап бекемдеп алуу керек. Кайсы жерге коюла турганын аныктап алыңыз. Койгондон кийин бетин ак барактар менен чаптап чыгыңыз. Андан соң өзүңүз каалагандай кылып сүрөттөрдү тартып алсаңыз болот. Ошондой эле жеңил оюнчуктар менен да кооздоп койсоңуз көркүнө чыгат.

Эскертүү! От жагууга болбойт.

Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(3)
21.12.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
же, убара болбой эле базардан барып кытайдын кооз оюнчуктарын сатып алсак болот
21.12.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Камин жасаганы жакты
26.12.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эскертуу! От жагууга болбойт. ))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо