ИИМдин ИШИНЕ ЖАРАГАН ВИДЕОКАМЕРАЛАР

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

2016-жылдын 10 айынын ичинде Ош жана Бишкек шаарларында көчөлөргө илинген видеокамералардын жардамы менен 37 кылмыш ачыкталган. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, жол эрежелеринин бузулушу, зордуктоолор, тоноолор жана уурулуктардын бетин ачууда видеокамералар зор салым кошкон. Аталган иштер 2012-жылы башталган, бирок ишке ашуусу аягына чыга элек "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жүрүп жатат. Азырынча Бишкек шаарында 9701 жана Ош шаарында 621 видеокамера орнотулган. ИИМдин өкүлдөрү 37 кылмыштын ачылганы аз экенин, бирок шаарлар толук түрдө видеокамералар менен камсыздалса, көрсөткүч бир топко өсөрүнө ишендирип жатышат.
"Коопсуз шаар" долбоору башталгандан бери ИИМдин министри 4 жолу алмашты. ИИМдин мурунку жетекчиси Мелис Турганбаев "Коопсуз шаар" долбоорун тендердик комиссиядагы коррупциядан улам талапка жооп бербеген фирма утуп чыкканына макул болбой документке кол коюудан баш тартканын билдирген. Ал эми азыркы ИИМдин башчысы Улан Исраилов бул иштин өтөсүнө чыгабы, аны убакыт көрсөтөт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо