ТАКСИСТТЕР МЕНЕН ПАТРУЛДУК МИЛИЦИЯНЫН ТИРЕШИ КҮЧӨП ЖАТАТ

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

Бишкек шаарында 13-декабрь күнү баңгизат колдонгон деп такси айдоочусу колго түшүрүлдү. Аталган маалыматты Ички иштер министрлигинен билдиришти. "1982-жылы туулган У.Р. аттуу айдоочу текшерүүгө алынган. Ал кардарын күтүп жатканын айтып, наркологиялык текшерүүдөн өтүүгө каршылык көрсөткөн. Натыйжада айдоочу текшерилип, марихуана баңгизатын колдонгону белгилүү болду" деп жазылат ИИМ тараткан маалыматта. Анын "Жорго" аталышындагы такси кызматында иштей тургандыгы айтылды. Аталган кылмыш боюнча административдик протокол түзүлүп, 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Такси ээсинин айдоочулук күбөлүгү алынып, унаасы айып аянтчасына киргизилди. Ошол эле күнү кечинде дагы бир "Жорго" такси кызматынын айдоочусу баңгизат колдонгон деген негизде кармалганын Бишкек ШИИББи кабарлады. 24 жаштагы Ж.А. текшерүүдө баңгизатын колдонгону аныкталып, жанынан гашиш табылганы жана камакка алынганы айтылды.
Эскерте кетсек, 6-декабрда Бишкек шаарында "Жорго" такси кызматынын айдоочулары менен милиция кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыккан. Анда да такси айдоочусу баңгизат колдонгон деп айтылган. Жаңжалдан кийин милиция кызматкерлери сабалды делинип, ооруканага жаткырылган болчу. Мындан улам "Жорго" такси кызматынын айдоочулары милициянын кысымына кабылып жатат" деген маалыматтар айтылып баштады.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо