"ЖАН КЕЧТИЛЕР ТОБУ" ЖЕ КЫЛМЫШКЕРЛЕР ДҮЙНӨНҮ САКТАГАНДА

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

Ууру, каракчы, адам этин жегич, ондогон адамдарды өлтүргөн рецидивист, киллер, акылдан азган психикалык оорулуу – булардын баары АКШнын катаал жазаларды өтөөчү абагында өмүр бою эркинен ажыратылгандар. Коомго пайдасынан зыяны көп бул адамдардын дүйнөнү сактай аларына ишенет белеңиз? "Албетте, жок!" дээриңиз бышык. Бүгүн биз баяндачу тасма таржымалында бийлик өкүлдөрү кылмышкерлерден куралган атайын жан кечтилер тобун түзүп, өлкө коопсуздугун сактоого аракет кылышат.

Жанры
– Илимий фантастика, боевик, комедия
Режиссёру – Дэвид Эйер
Продюсерлери – Чарльз Ровен, Ричард Сакл, Зак Снайдер
Сценарийин жазган – Дэвид Эйер
Оператору – Роман Васьянов
Ролдордо – Уилл Смит, Марго Робби, Виола Дэвис, Юэль Киннаман, Кара Делевинь, Жаред Лето жана башкалар
Тасманын узактыгы – 2 саат 3 мүнөт
Бюджети – 175 миллион доллар
Сатыктан түшкөн каражат – 745 миллион доллардан ашуун
Тарткан өлкө – АКШ
Бет ачары – 1-август, 2016-жыл, Нью-Йорк шары

АБАКТАГЫЛАР ДҮЙНӨНҮ САКТАЙБЫ?

Супермендин АКШда каза болушу менен чалгынчылар өлкөдөгү жаңы коркунучтардан сактануу үчүн түрдүү жолдорду издей башташат. Чалгын кызматкери Аманда Уоллер табиятынан өзгөчө талантка ээ кооптуу кылмышкерлердин тобун түзөт. Ал топтун курамында психикалык оорулуу, гимнаст кыз Харли Квинн, буйрутма адам өлтүргүч Дэдшот, гангстер, от адам Эль Диабло, каракчы капитан Бумеранг, каннибал Крок жана атайын адам өлтүрүү боюнча окууну өткөн Слипкнот бар. Аманда бул кылмышкерлерди абактан чыгарып, полковник Рик Флагдын башкаруусуна өткөрүп берет.
Ээ-жаа бербеген кылмышкерлер каалаган убакта тапшырманы аткарбай качып кетиши мүмкүн эле. Аны билген Аманда ар биринин моюнуна жардыруучу зат коюп, "ким качса, ордунда өлтүрүлөт!" деп коркутат. Полковник Рик Флаг жетектеген жан кечтилер тобуна берилген тапшырма – өлкөдө адамдардын өлүмүнө себепкер болгон түшүнүксүз затты жок кылуу болчу. Бирок кылмышкерлерге бул чындык айтылбай, "террористтерге каршы күрөшөсүңөр" деп коюшат.
Өлкө жарандарынын өмүрүнө коркунуч туудурган түшүнүксүз зат "Чародей" деп аталат. Дарыгер айым Жун Мун археологиялык табылга издеп жүрүп каргыш тийген статуяны ачып алган соң өзүнүн сыйкырдуу күчкө ээ болгонун байкайт. Жун Мун полковник Риктин сүйүктүүсү. Башында ал каалаганда кубулуп керектүү өлкөлөрдүн жашыруун документтерин алып келип, чалгынчы Аманда Уоллердин пайдасына иштеп жүрчү. Кийинчерээк Жун Мун касиеттүү күчүн башкара албай, тескерисинче, адамдарга кол сала баштайт.
Чалгынчылардын максаты – кандай жол менен болбосун жезкемпирдин арбагы болуп кубулган, Жун Мундун келбетин жамынган Чародейди жок кылуу эле. Ал иш атайын даярдыктагы аскерлердин колунан келбээрин сезген Аманда Уоллер коркунучтуу кылмышкерлерди чогултуп Чародейди өлтүрүү тапшырмасын берет. Жан кечтилер тобу көптөгөн тоскоолдук, кыйынчылыктар менен Чародейди жок кылышат. Өлкө жетекчилиги оор кылмышкерлерге сыйлык катары 10 жылдан жаза мөөнөтүн кыскартып берет.

КОМИКСТЕРДЕГИ ШУМПАЙЛАРДЫ ЧОГУЛТУШКАН

"Жан кечтилер тобу" тасмасы комикстердеги белгилүү шумпайлардын негизинде тартылган. Буга чейин "Warner Brothers Production" кинокомпаниясы тарткан "Бэтмен Суперменге каршы: Адилеттүүлүктүн шооласы" деген фильмдин уландысы катары эсептелинет. Тасма көпчүлүк киносынчылардын төмөн баасына татып, фильмге карата "комедияны камтууга аракет кылганына карабай күлкүлүү жери дээрлик жок" деген ойлорун айтышкан. Мындай сындарга карабастан аталган фантастикалык тасма АКШда август айында сатыкта эң көп каражат чогулткан фильмдердин арасында рекорд койгонун баса белгилеп кетүүгө болот.

АКТЁРДУК КУРАМ МАКТООГО ТАТЫГАН

Тасмада башкы ролдогу каарман жок, "Жан кечтилер тобундагы" ар бир актёр баш каарман. Фильмдин дарегине сындар көп айтылганы менен, актёрлордун оюнуна мактоолор жааган. Кызыгы, сүйүктүү актёрлорун терс каармандын образында көргүсү келбеген күйөрмандар болгон. Бирок кылмышкер да өлкөсү үчүн курмандыкка бара алат деген ойду бергиси келген киножаратуучулар терс каарман да көрөрмандардын сүйүүсүнө татый аларын далилдешкен. Киносынчылар тасмада Уилл Смит (Дэдшот), Марго Робби (Харли Квинн), Виола Дэвистин (Аманда Уоллер) актёрдук оюнун мыкты деп табышкан. Актёрлорду тандоо кастингинде чалгынчы Аманданын ролуна Опра Уинфри, Дэдшоттун ролуна Бредли Купер ал эми полковник Риктин ролуна Том Харди каралган, бирок өзгөрүп отуруп 2014-жылдын декабрь айында учурдагы актёрдук курам бекитилген.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Фильмдин эпизоддук ролунда бет кап кийген Бэтменди Бен Аффлек ойногон, бирок экрандан актёрдун жүзү көрүнбөйт.
  • Тартуу иштери Канаданын Торонто шаарында 2015-жылдын апрель айында башталып, август айында аяктаган.
  • Фильмдин афиша, постерлеринде Жокердин ролун аткарган Жаред Летонун жүзү көп колдонулган. Бирок актёр экинчи пландагы каармандын ролун эле аткарып, тасмада аз орун ээлегени көбүнө жаккан эмес.
  • Тасмага катышкан көпчүлүк актёрлор тартуу иштеринен эстелик болсун деп колдоруна "SKWAD" деген жазуу менен татуировка тарттырышкан.
  • Коркунучтуу, үрөй учурган эпизоддор көп болгондуктан, тасма тартуучулар актёрлордун коркуу сезимин жок кылып, мүнөзүн бир калыпта алып жүрүү үчүн психологдорду чакырышкан.
  • Уилл Смит Дэдшоттун ролу үчүн чачын кырдырып, рейнджерлер менен ок атышып машыккан.

Жаред Летону көбү Жокердин ролунда тааныбай калышкан.


Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(12)
21.12.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оа магады жаккан жок фильм биргана детшот менен от кишинин пайдасы коп болду калганы жон эле театр.
21.12.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Харли аябай жагат ...
21.12.2016. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жокер озунчеле харизматичный чыккан . Негизинен фильм ото жакты.
21.12.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаккан жок.
22.12.2016. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уркундон башкасын жактырбайм
22.12.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фильм сонун. Жаккан мага
22.12.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фильм кандай аталат орусча
22.12.2016. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meili,Отряд Самоубийц
22.12.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отряд самоубийц
22.12.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун кино абдан жагат.
24.12.2016. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дедшоттун ролу жакты , мыкты ойноптур!!!
09/10 баалап койдум..
Боевик жана юмор суйуучулорго жакчудай кино экен!!!
28.12.2016. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча котормосу барбы кинону?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо