ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (19-декабрдан 25-декабрга чейин)

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

КОЙ (21.03-20.04)
Өмүр шеригиңиздин көңүлүн алып, ага жагымдуу сюрприздерди даярдасаңыз ашыкча болбойт. Жумушта оюңузду башкаларга таңуулоодон улам пикир келишпестиктер жаралат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жумушуңузга байланыштуу алыска сапар тартышыңыз мүмкүн. Сапарыңыздын жыйынтыгында көп ишти аягына чыгарасыз жана жетекчилик тарабынан мактоого арзыйсыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Өзүңүзгө кийим же үйүңүзгө жаңы эмерек сатып алуу үчүн ылайыктуу апта. Документтериңизди жоготуп алуудан абайлаңыз. Көптөн күткөн жолугушуу ойдогудай өтөт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичи энергияңыз ашып-ташып, көп жумуш бүтүрүүгө умтуласыз. Бирок эс алууну дагы унутпаңыз, болбосо баштаган иштериңиздин бири да ойдогудай болбошу мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)
Сасык тумоого чалдыгып калуу коркунучу бар болгондуктан, бул аптада ден соолугуңузга өзгөчө көңүл буруңуз. Сизди таарынтып алгандар болсо кечирим сурашат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Чыгармачыл чөйрөдө эмгектенген адамдар үчүн кошумча киреше табууга көп мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Апта жагымдуу да, кайгылуу дагы жаңылыктарды тартуу кылат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Көптөн бери арыктайм же машыгуу залына барам, имиджимди өзгөртөм деп ойлонуп, бирок максаттарын ишке ашыра албай жүргөн таразалар үчүн ылайыктуу апта.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Маанайыңыз кандай болсо, жашооңуздагы, жумушуңуздагы жагдайлар дал ошондой болот. Андыктан көңүлүңүздү түшүрбөй, жылмайып жүргөнүңүз туура.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
“Жок” деген сөздү айта албагандыгыңыздын кесепетинен көп кыйынчылыктарга туш болосуз. Жагымдуу таанышуулар күтүп турат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сарамжал болууну үйрөнүңүз. Апта ичинде досторуңуз түрдүү көңүл ачуучу жайларга чакырышы мүмкүн. Алардын сунуштарына жакшылап ойлонуп, анан жооп бериңиз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сүйүктүүңүзгө ашыкча таарына берүүнүн кажети жок. Тескерисинче, аны колдоп, түшүнүүгө аракеттенип көрүңүз.Жакындарыңыздын жардамына муктаж болосуз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул жумада баарын ичиңизге ката бергенден пайда таппайсыз. Жумушта болобу, жакындарыңыз менен болгон мамиледеби, оюңузду ачык айтыңыз. Күтүүсүз окуяга кабыласыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо