БОРШАЙКОМ КЫТАЙДА ЖАСАЛГАН ТӨШ БЕЛГИНИ ЧАНЫП ЖАТАТ...

№738 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына төш белги жасоо боюнча өткөргөн тендери жыйынтыкталды. Ага ылайык, төш белгилерди "Медальер" ЖЧКсы жасаса, күбөлүктөрдү болсо "Алтын тамга" полиграфиялык борбору даярдап бермекчи. Жалпы 9 миң депутатка төш белги жасоо үчүн 3 миллион 420 миң сом жумшалат, ал эми күбөлүк баасы 1 миллион 305 миң сомго бааланды. Тендерге 11 компания катышып, сунуштаган баасынын кымбаттыгы боюнча 4-орунда турган компания утуп чыккан. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн айтымында, Кытайда жасалуучу төш белгилер 75 сомдон турат, ал эми сапаттуу жана талаптарга жооп берген металлдан жасалганы 300 сомдон жогору. "Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү сапаты шекти туудурган Кытайдын арзан төш белгилерин тагынып жүрө алышпайт",- деди БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев. Натыйжада кымбаттыгына карабай 380 сомдук төш белгини тандашкан.
Салыштыруу иретинде алсак, дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн 10 өлкөгө кирген Орусиянын жергиликтүү думасынын депутаттарынын төш белгилери 70 сомдон (63 рубль) жасатылган. Мамлекеттик бюджет 23 миллиард сомдук жетишсиздик менен бекитилген учурда кымбат төш белги тагынган депутаттар канчалык жыйынтык көрсөтө алат? Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө өрт өчүрүүгө тик учак жок деп жатканда мынчалык кымбат чыгашага бизди эмне түртүп жатат?

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо