Эсиңизде барбы, сиз баланы төрөт үйүнөн алып чыгып жатканда ал кандай эле? Сутканын көп бөлүгүн уктап өткөргөн чүрпө эле. Ошол чүрпөңүз күн сайын жаңы нерселерди өздөштүрүп, кылыгы чыгып, эмгектеп, бир нерсени чукулап көрүп, таанып-билип мыкты изилдөөчүгө айланып чыга келди. Бул курагында балага кантип кам көрүү керек? ЮНИСЕФтин колдонмосуна көз жүгүртөлү.
8 АЙЛЫК БАЛА
Физикалык өнүгүүсү
-
8 айлык бала салмагына 300 граммдан ашык кошуп, бою 2 сантиметрге өсүп, башы жана көкүрөгү жарым сантиметрге чоңоёт.
-
Боюн толук кандуу кармап, кадимкидей отурат. Анын эмгектөөсү өөрчүйт. Бала чалкасынан жаткан кезде кайра оодарылып, ичи менен да жата алат.
-
Бала 8 айында абдан эле активдүү болуп калат. Колуна оюнчук алып, эки колуна тең кармай алат.
- Баланы аркасынан колтугунан алып тай-тайласаңыз кадимкидей жерге турган абалы ишенимдүү болуп калганы байкалат. Бирок бул нерсенин азырынча аз эле болгону дурус.
Психикалык өнүгүүсү
- Бала тегерегиндеги адамдардын сөздөрүн түшүнө баштады. “Кел-кел” деп чакырса тааныган адамына барат. Лексиконунда жаңы сөздөр пайда болот. Муундап сөздөрдү айтып, чоң адамдар аны менен маектешкенди сүйөт. Ал жаңсоо, кыймыл-аракет, үндөрдү пайдаланып башкалардын көңүлүн өзүнө бурат.
- Баланын көрүүсү жакшырып, майда нерселерди жазбай таанып, көрөт. Жылтырак, ачык түстөгү нерселер, оюнчуктар адаттагыдай эле баланын чоң кызыгуусун жаратат.
- Бул курагында бала оюнчуктарды бөлүктөргө ажыратып, ыргытып, сындырууга аракет кылат. Ошол себептен бышык же болбосо ажыратып, кайра чогултканга ылайыктуу оюнчуктарды тандаган оң. Ошол эле учурда оюнчуктун майда элементтерин жутуп албашына көз салыңыз. Бардык нерсени оозуна салып изилдеп жаткан соң оозул болуу коркунучу бар. Андыктан оюнчуктар убак-убагы менен жуулуп турушу шарт. Мүмкүн болсо балага жыгач оюнчуктарды алып берген оң. Жумшак оюнчуктардын жүнүн бала тиштеп жулуп, кылдары оозуна кирип кетиши толук мүмкүн.
9 АЙЛЫК БАЛА
Физикалык өнүгүүсү
-
Салмагы, бою, башы, көкүрөгү мурдагы айлардай эле болуп өзгөрөт.
-
Бул куракта балдар ары-бери, алдыга-артка эмгектей алат. Кандай болбосун эмгектеп бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө бара алат.
-
Эки колунан сүйөсө, бала бутуна бекем тура алат. Ал бутун көтөрүп бир-эки кадам басышы да ыктымал. Демек, баланы тай-тайлачу күндөр да алыс эмес!
- Бала тең салмактуулукту сактай алат. Колунда бир нерсе кармап турса да денесин түз кармай алат. Бирок бул учурда да баланы жалгыз калтыра көрбөңүз. Негизи ар бир баланын кыймылы айырмаланып турат. Кээ бир балдар жалкоо болот. Алар кыймылдап, бир нерсени аңдап карагысы келбейт. Алар тескерисинче, бир орунда ойногонду жактырышат. Буга балдардын гени да чоң таасир берет, кээ бир бала табиятынан жоош, момун болот. Ал эми кээ бирлери ыкчам, сергек, шамдагай, бир орунда отура албаган изилдөөчү болушат.
Психикалык өнүгүүсү
- Балдар үн чыккан булакты дароо карашат. Мисалы, эшик ачылса, телефон шыңгыраса ал шак эле эсине тутуп алган жакка көңүл бөлөт.
- Ашканадагы шкафтардын эшигин ачып-жапканды, андагы нерселерди чачканды жактырат. Таштанды салынган чаканы да аңтарып салышы ыктымал. Ошол себептен сак болуу керек.
- Бала азыр эч нерседен коркпойт. Учтуу нерселер баланын жолунда болбошу шарт. Ал азырынча жаман-жакшы, коркунучтуу нерсе эмне экенин түшүнө бербейт. Ошондуктан бала жүргөн жер коопсуз болушу керек.
БАЛАНЫН ТИШИНЕ КАМ КӨРҮҮ

Дени соо баланын биринчи тиштери (эки астыңкы кашка тиш) 6-8 айында, 8-10 айында үстүнкү 4 кашка жана бир жашка чыкканда эки астыңкы кашка тиши чыгат. Эгерде биринчи тиши 8 айда чыгып жатса сарсанаа болууга себеп жок. Ар бир баланын өөрчүүсү ар башкача. Организми алсыз, өзгөчө итий болгон баланын тиштери кеч чыгат.
Төрөлгөндөн 1 жашка чейинки балдар
1. Биринчи тиштери чыкканга чейин баланын оозун эртең менен жана кечинде таза, жумшак гигиеналык салфетка менен этият сүртүңүз.
2. Алгачкы тиштер адатта баланын 6 айынан тарта чыга баштайт. Тиштерди кичинекей жумшак щётка менен жууңуз. Кыймыл тиш этинен, чыгып келе жаткан тиштердин четинен жуу менен башталышы керек.
3. Бала шире, сүт жана таттуу суусундук бар бөтөлкө менен уктап калбоосун байкаңыз.
4. Балага суусундуктарды чыныдан ичириңиз.
1 жаштан 7 жашка чейинки балдар
1. Баланын тишин суу менен кичинекей жумшак щётка менен жууңуз.
2. Бала шире, сүт жана таттуу суусундук бар бөтөлкө менен уктап калбоосун байкаңыз.
3. Балага суусундукту чыныдан ичүүгө уруксат бериңиз.
4. Ар бир 6 ай сайын үзгүлтүксүз тиш доктурдун текшерүүсүнөн өтүп туруңуз.
Урматтуу ата-энелер! Эсиңиздерде болсун! Балдар cиздерди туурайт. Ошондуктан өз убагында тиштерди дарылаңыздар, тиш гигиенасын өзүңүздөр сактаңыздар.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg