ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (26-ДЕКАБРДАН 1-ЯНВАРГА ЧЕЙИН)

№738 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж

КОЙ (21.03-20.04)
Кыраакы болбосоңуз акчаны туура эмес жакка жумшап, иште ката кетирип аласыз. Жаңы жылга карата керектүү нерселерди сатып алууга үлгүрүңүз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Стандарттуу эмес чечим кабыл алуу жөндөмүңүз көп иштерди бүтүрүүгө жол ачат. Каржылык жардам алып, анын канча бир бөлүгүн жок кылууга жетишесиз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Кирешеңиз бир аз көбөйөт. Жагымсыз көрүнүшкө туш болбоо үчүн чакырган жерге барбаганыңыз оң. Балдарга камкордугуңуз өсүп, аларга белек аласыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жетекчилик жана достор менен мамилеңиз бекемделет. Шашып жатып жакшы башталган ишти бузуп албаңыз. Жаңы жылда конок күтүүгө даярдыкка киришесиз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Бул жолку сапар ишке да, эс алууга да байланыштуу болот. Иштериңиздин жыйынтыгы сиз каалагандай акчаны тартуулабашы мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Иштер көп чыгат. Чуркап жүрүп суукка урунбоого аракет кылып, жылуу кийинүү керек. Туугандар менен маселени чечкенден тышкары бир иштер үчүн акча издейсиз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Өнөкөт ооруңуз козголуп, диета кармооңуз мүмкүн. Достордон белек алып, аларды да белегиңиз менен сүйүнтөсүз. Апта акырында үйүңүздү уурулар менен өрттөн сактаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Каржылык абалыңыз дос, туугандардын көмөгүнөн көз каранды болот. Үйдөгүлөрдү өзгөчө рецептте жасалган тамак-ашыңыз менен кубантасыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Ашыкча тамак жеп организмиңизге күч келтирип албаңыз. Жаңы достор табылып, алар менен кечеде баарлашасыз. Гардеробду жаңыртуу максатыңыз ишке ашат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жан шеригиңиз бир топ талаптарды коюп, шаштыңызды алат. Бойдоктор романтикалык кече уюштуруу менен алектенишет. Жаңы жылга карата олжолуу болосуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Эски тааныштар конокко чакырышат же чет өлкөдө жүргөн тууганыңыз кайтып келет. Балдар көп убаракерчилик тартуулайт. Акчалуу болосуз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Ишиңиздин акыбети кайтып, сыйлыкка илинесиз. Бирөөлөргө жакшылык кылам деп туугандарга жаман көрүнүп калбаңыз. Апта акырында сүйүнчү угасыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо