"АЗИЯ МIX"– ЧЕМПИОН!

№739 30-декабрь- 06-январь, 2016-ж

"Азия МIX" командасы КВНдин Жогорку Лигасында жеңип чемпион болду. Финалдык оюн 23-декабрда өтүп ага 5 команда катышты. Маңдайы жарыла кубанып турган оюнчулар алтын медалдарга жана 700 миң рублга ээ болушту. Учурда өлкө сыймыгы болгон команда Орусиядагы чоң шаарларды кыдырып гастролдоп жүргөн маалы.

КВНДЕГИ КАРЬЕРА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 

Финалдык беттеш КВНдин Жогорку Лигасынын 55 жылдык мааракесине арналды. Калыстар тобун Юлий Гусман, муз үстүндө бийлөө боюнча чемпион Татьяна Навка, актёрлор Сергей Гармаш, Константин Лавроненко, мурунку КВН оюнчулары Семён Слепаков, Михаил Галустян толуктады. Оюндун жыйынтыгында "Азия МIX" 1-орунду ээлесе, 2-орун казакстандык "Спарта", 3-орун орусиялык "Мурманск" курама командасына буюрду. Калыстар өз чечимин угузушканда чемпион болгон команданын оюнчулары кубанычтан көзүнө жаш алышты. Айрыкча, ысык-көлдүк Санжардын персонажы менен таанылган Эрмек Кененсаров эмоциясын жашыра албай сахнада отуруп алып ыйлаганы менен эсте калды. Эскерте кетсек, алтын медаль үчүн болгон таймашта Эльдияр Кененсаров менен Камила Абдилдин кызы Эмилия дагы сахнага чыгып, көрөрмандарды күлкүгө бөлөдү. Бул жеңишти "Азия MIX" командасы, ага жан тарткан күйөрмандары да 4 жыл күттү. Муну менен "Азия MIX" КВНдин Жогорку Лигасынын тарыхында Борбор Азиялык командалардын ичинен биринчилерден болуп чемпион аталды. Буга чейин "бул сезондо акыркы жолу оюн көрсөтөбүз" деп айтып келген команда КВНдеги карьерасын ийгиликтүү жыйынтыктады.

КОМАНДАНЫН МОТОРУ КАМИЛА АБДИЛ

Жеңиштен соң Камила Абдилге байланышканыбызда: "Бизде жумуш толтура, уйку жок иштеп жатабыз, баары чарчашты" деген жообун айтты. Ал эми Эльдияр Кененсаров өзүнүн интернеттеги баракчасына: "Бул жеңишти кыргызстандыктарга арнайм. Камила болбосо мен КВНге кайтмак эмесмин, бул сезон да болмок эмес. Сүйүктүү оюн сени сагынам. Эми жаңы кыялдарды орундатууга, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга, үй-бүлөгө көңүл бөлүүгө убакыт келди",- деп жазды. Командага сулуулугу менен көрк берген өзбек актрисасы Ситора да биз менен сезимдери тууралуу бөлүштү: "Мен сезимдеримди сөз менен айтып, эмоцияларымды сүрөттөп бере албайм. Болгону ыйлап гана турдум. Ошол учурда жүрөгүмдү өрттөп кеткен от түбөлүккө эсимде сакталат. Ар бир концерт сайын ыйык сахнада ушундай сезимдер курчагандыктан көз жашымды тыя албай калчумун".
Бизге берген маектеринин биринде Эльдияр мырза бир жылдары демөөрчү жоктугунан КВНден алыстап кеткенин, сыналгыдан КВНди көрүп калса башкача болуп кетерин жубайы байкап, "кечигип калып өкүнгөндөн көрө аракеттен, балким, ийгилик жылмаяр" деп жолдошун колдоп, КВНге келишине түрткү болгонун айткан эле. Андыктан Камила Абдилдин бул жеңишке кошкон салымы чоң. Командада менеджерлик кызматты аркалап, оюнчуларга костюм табуу, күйөрмандарды чогултуу, кыскасы, сахна артындагы ызы-чуунун баары Камила айымдын моюнунда болчу. Мындан тышкары, ал сахнада да татыктуу оюнду көрсөтө алганына эл күбө. Ал эми Эльдияр Кененсаров болсо демөөрчү издеп убара тартып, карызга баткан, унаалары күрөөдө жаткан кездери да болгонун айткан жайы бар.
Эми так ошол аракеттердин акыбети кайтып, күлкү жаратуучулар кыргыз элин сыймыкка бөлөп, Жаңы жылдык кубанычтуу белек тартуулашты. Биздин эмгек жамаат дагы "Азия MIX" командасынын жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Эльдияр мырза кызы Эмилияга:
– Кызым, карачы, балатыда медалдар илинип турат.
Эмилия:
– А, бул медалдарда шоколад барбы?
Эльдияр:
– Кызым, бул медалдарда сага шоколад, апаңа шуба, жигиттерге жумуш, жадакалса Ситора эжеңе күйөө да бар.


Эльдияр Кененсаров оюн учурунда:
– Менин силерге жакшы жаңылыгым бар. Эгер биз бүгүн утсак президент баарыбызга үй берем деп убада кылды.
Ботаник Азамат:
– Кызык адам экен. Башында үйлөрдү тартып алып, кайра берип...


Өлүм жазасына буюрган ысык-көлдүк Санжар баш кесерге кайрылып:
– Эй, башымды кесип жатканда моюнумду калтырып кой, алтын медалды бир жерге илиш керек да.
>

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(13)
04.01.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын журоктон куттуктаймын!!
04.01.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эй, башымды кесип жатканда моюнумду калтырып кой, алтын медалды бир жерге илиш керек да))).
04.01.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар!!!!Ийгилик!!!!!
04.01.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун, мыкты, азамат, сөз жок...
04.01.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы кыргыздын желегин желбирете бергиле ийгилик
04.01.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азия миксте ойногон балдардын кээ бирин кгуста университетинде окуп жургондо коп корчумун супер инфо толук маалымат кутобоз азия микстен куттуктайм Алга
04.01.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gulaza, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
04.01.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга алга алга азаматсынар Азия Mix !!!!!!!!!!!!!!
04.01.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таза жеңиш болду, командалардын арасында эң мыктысы, тамашалары да эң сонун болду.
Азаматсыңар Азия Микс!!!
04.01.2017. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодцы! Куттуктайм чын журоктон , суйунгонумдон козумо жаш тегеренип кетти го. Азаматсынар! Кыргызстанымдын сыймыгы болуп дагы дагы коп ийгиликтерди жаратарынарга ишенем! Молодцы! Ураа! Ураа! Ураа!
05.01.2017. 06:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодцы ребята! Браво!
05.01.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар силер менен бутун Кыргыз эли сыймыктанат,Жаны жылда дагы да жакшы ийгиликтерге жетишишинерге тилектешпиз.
07.01.2017. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Браво!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо