ЖЕТ ЛИ ӨЛҮМ АЛДЫНДАБЫ?

№739 30-декабрь- 06-январь, 2016-ж

Интернет булактарында кытайлык атактуу актёр Жет Ли өлүм алдында экендиги тууралуу маалымат тарады. Дүйнө сүйгөн кино жылдызынын мындай акыбалда болушу көпчүлүктү капалантканы шексиз. Өзгөчө өспүрүм курактагы балдардын жүрөгүнөн орун тапкан Жеттин өмүр таржымалын баяндайбыз.

Оорунун алдында баарыбыз бирдей экенбиз. Мага дарыгерлер майып болосуң дешкен. Андыктан карьерамды таштасам да, таштабасам да бир тең. Акыры келип бир күнү майыптардын катарын толуктайт экенмин.Ошондуктан мен иштей берем деп чечтим.

АТАСЫ ЖОК ӨСКӨН

Жет 1963-жылы 26-апрелде Пекиндеги орто жашаган үй-бүлөдө жарыкка келген. 5 бир туугандын кичүүсү. Жет үчүн кабатырлана берген апасы ага жадакалса велосипед тептирчү эмес. Мектепке Ли 8 жашында барган. Ашыкча шоктонбогон, токтоо бала мугалимдердин сүймөнчүгү эле. 1-классты бүткөндө келечектеги актёр классташтары менен спорт лагерине барат. Ошол жактан Жетке ушу менен машыгууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кийин атайын спорт мектепте окуусун улантат. Ал күндөрүн актёр "Мектепте жекшемби күнү гана үй-бүлөбүз менен көрүшүп келүүгө уруксат беришчү. Калган күндөрү машыгуучу залдан чыкчу эмеспиз. Ошентип 10 жыл ошол мектептен эч жакка чыкпай машыктым",- деп эскерет.

РЕЖИССЁРЛОР ЖЕТ ЛИНИ 2-БРЮС ЛИ КЫЛМАКЧЫ БОЛУШКАН

Ли 17 жашына чейин Кытайдын спорт боюнча мамлекеттик курамында жүрүп, АКШга ушу боюнча таймашка барган. Анда анын талантына режиссёрлор гана эмес, АКШнын ошондогу президенти Ричард Никсон да суктанган. Жаш Жет Лиге дароо тасмага тартылуу боюнча сунуш түшөт. "Режиссёрлор мени 2-Брюс Ли кылабыз деп убада беришкен" дейт актёр.
Ошентип алгачкы жолу анын катышуусундагы "Храм Шаолиня" аттуу тасма 1982-жылы жарыкка чыгат. Анын чеберчилиги тууралуу атак алыска кетип, киного тартылуу үчүн түшкөн сунуштардын аягы тыйылбай баштайт. Актёр "Матрица" киносуна тартылуудан баш тартууга жетишиптир. "Себеби тасмада компьютердик эффекттер көп болчу, анда менин чеберчилигимдин эмне кереги бар деп баш тарттым".

ЖЕКЕ ЖАШООСУНДА СӨЗГӨ БЕКЕМ

Алгачкы жолу актёр 1987-жылы кытайлык спортчу кыз Хуан Цюянга баш кошот. Ал экөө "Храм Шаолиня" тасмасына чогуу тартылып, 4 жылдан соң 2 кыздуу болгондо ажырашып кетишкен.
1999-жылы Жет экинчи ирет үйлөнөт. Бул жолку анын тандоосу гонконгдук актриса Нина Ли Чиге түшкөн. Актёр экинчи жубайын катуу сүйгөнбү? Айтор, ага берген сөздөрүнө бекем турат деп айтылат. Мисалы, ал кош бойлуу убагында дайыма жанында болууну убадалап, бир нече атактуу тасмаларга тартылуу боюнча түшкөн сунуштарды четке каккан. Алардын катарында "Крадущийся тигр, затаившийся дракон" фильми дагы бар. Учурда Нина менен бир уул, бир кызды өстүрүшүүдө.

ТАСМАГА ТАРТЫЛЫП ЖАТЫП АЛГАН ЖАРАКАТТАРЫ ЗЫЯНЫН ТИЙГИЗҮҮДӨ

Актёрдун өлүм алдында экендиги тууралуу "Дорамакун" сайтына жарыяланган маалымат анын күйөрмандары үчүн каттуу сокку болду. Буга чейин 2010-жылы Жет Ли тасмага тартылып жүрүп алган жаракаттарынан улам жүлүнү жабыркап, ошого аябай арыктап баратканын, ал эле эмес майып болуп калуу коркунучу бар экенин айткан болчу. Ошол себептен жылына 1 гана киного тартылам деген чечимин кабыл алган. Учурда актёр дагы деле тасма талаасында өтө кыйын трюктарды аткара албай келет. Жакында анын интернетке жарыялаган сүрөттөрүн көрүп кабатырланган күйөрмандарынын суроосуна актёр "Мен өлүмгө жакынмын" деген жооп кайтарып, алардын тынчсыздануусун ого бетер күчөттү.
Эске салсак, актёрдун өлүмү боюнча маалымат 2004-жылы дагы тараган. Анда Жет кызы менен Мальдив аралдарында эс алып жүрүп, жер титирөөдөн улам пайда болгон цунаминин алдында калган делген. Бирок кийин ал аман калып, болгону кызын куткарып жатып бутунан жаракат алгандыгы тастыкталган.

Ызы-чуу жараткан бул сүрөттөрдү актёр Кытайдагы храмдардын бирине барып келген соң интернетке жүктөгөн.


Биринчи никесинен туулган кыздары менен.


Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(32)
04.01.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Журокту ооруттуго Жаша Жетли....
04.01.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сакайып кетсин
04.01.2017. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Менин жакшы коргон актерум,кинолору жакшы качестводо тартылган
04.01.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мой любимый актер. Жакшы болуп кетсе экен.
04.01.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менин суйуктуу актерум, ден соолугунуз чын болсун!
04.01.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бул комменттерди супер инфодон окуп Джет Ли жооп жазат деген умуттомун)))
04.01.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
meni_kut,))) Айыгып кетсин сонун актер!
04.01.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кинодон кетсе да, аман жүрсө экен...
04.01.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Телохранитель деген киносу аябай жагат
04.01.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен суйот элем Жет Лини((( жакшы болуп кетсин, каарып кетиптир(
05.01.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыгып кетсин эми,
05.01.2017. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силер жазганды Жет Ли окуйтургансып аябай кайгырыпсынарго.Кайрат кылгыла эми пенде болгонжон кийин ичер суусу тугоп калса кетет да бул дагы.Кинолорун мен да суйуп коргом.
06.01.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
anar8672,биз жазганды созсуз джет ли окуш керекмес да. болгону кичинебизде кинолорун жакшы коруп кумир кылып чонойгонбуз ар ким оз оюн жазат да анан да бул дуалар кудайыма жетет жана ал жардам берет деген ой
05.01.2017. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер кумир тутамго
05.01.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жетти Ли акам сакайып кетсин эми.
05.01.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай ден соолук берсин. Жет Ли мага аябай жагат. Балам аны менин байкем деп сыймыктанат...
05.01.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кинолорун суйуп корчум,айыгып кетсин.
05.01.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин суйгон актёрумгоо. Тезирээк айыгып кетсин,телохранитель деген киносун кайра кайра корчу элем.
05.01.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Терен кайгыруу менен конул айтам баарына.
05.01.2017. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да жагат
05.01.2017. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага анын кинолору жагат ага ийгилик калайм.
06.01.2017. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы актёр. Ден соолук каалайбыз
06.01.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жет Лиге да ушул макаланы окуп жаткан бардык окурманга олум келээри анык. Бирок менин кайгырганым мусулман болгону жетишип калса жакшы болмок.
10.01.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
acer7250,. Балким
07.01.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макаланы толук адабий тилде жазсаныздар
07.01.2017. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да сүйүктүү актёрум болчу . Ден -соолукта бол,көп жаша !
07.01.2017. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жет ли жашасын кинолору жагат мага
08.01.2017. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айыгып кетсин менин да суйуукту актёрум эле жетлини баары эле жакшы корсо керек кинолору сонунго
08.01.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы актер
08.01.2017. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии Джет Ли мага өөлө жагат айыгып кетсин эртереек
10.01.2017. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Джетли джеки чан мужик жигиттер бирда сексфальный парно-лык киносу жок. Маанилүү тарбиялуу кинолор.
10.01.2017. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кетсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо