ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК МАКИЯЖ

№739 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж

Баарыбыз чыдамсыздык менен күткөн Жаңы жыл босогодо. Дал ушул майрамда ар бирибиз сулуу жана өзгөчө образда болгубуз келет. Ошол учурду эсте калтырууда жалгыз гана кийимибиз же чач жасалгабыз эмес, макияжыбыз да роль ойнойт. Эмесе, майрамга арналган макияжды "Айым"сулуулук салонунун визажисти Салтанат Усубакунова жасап берет.

– Биз универсалдуу "банан"деген макияжды жасайбыз. Бул макияждын өзгөчөлүгү сурмасы жок көздөрдү сурмасы бардай кылып көрсөтөт. Бакыраң көздөргө да жарашат. Муну кечеге эле эмес, күнүмдүк кылып да жасаса болот. Эң башкысы көздү боёочу каражаттар теринин түсүнө карап тандалышы керек. Мода экен деп колдоно берүүгө болбойт. Жаңырган жылда ачык түстөгү тендер жана макияжда колдонулуучу майда жылтырактар модада.


1. Макияж жасоодон мурун бетти тазалап алабыз. Тери кургак болсо курамында коллагени бар нымдоочу бет майды колдонобуз. Тери майлуу болсо нымдоочу каражатты аз өлчөмдө колдонуу же колдонбой эле койгон туура. Андан соң атайын базаны көздүн тегерегине сүйкөйбүз.


2. Кашка арналган карандаштын жардамы менен каштын формасын чиебиз. Андан кийин кашка арналган күрөң тень менен боёйбуз. Баса, келе жаткан жылда калың каштар модада. Ошондуктан кашыңызды ичкертүү жөнүндө ойлонуп жатсаңыз, ал оюңуздан кайтыңыз.


3. Эми көздү боёого өтөбүз. Бизге кара, күрөң, саргыч боз түстөгү тендер жана алтын түстөгү жылтырактар керектелет. Бул түстөрдү башка ачык көк, сыя, күлгүн, ачык сары, ток сары жана боз өңдөргө алмаштырса болот.


4. Табитиңизге жараша жасалма кирпиктин узундугун, калыңдыгын тандап аласыз. Жасалма кирпик менен өзүңүздүн кирпигиңиз биригип турушу үчүн тушь менен үстүртөн боёп коёбуз. Кирпигиңиз узун болсо тушь менен эле боёп коюу жетиштүү.


5. Кирпик чаптап, тень койгондон кийин көздү подводка менен чиебиз. Бул көздү бакыракай көрсөтөт жана кирпиктин чапталган изин жашырат.


6. Кийинки кадамда тоналдык бет майды моюнга чейин сүйкөйбүз. Анткени көйнөк кийгенде моюн ачык болуп, бетибиз менен моюн эки башка түстө болуп калат. Эндикти жаактын формасына карата колдонобуз.


7. Эң акыркы кадам оозду боёо. Майрамдык макияж болгондуктан жылтыраган помадаларды колдонсоңуз болот. Албетте, оозго арналган карандаш менен ооздун формасын чийип алгандан кийин. Бирок макияжда оозго же көзгө басым жасоо керек. Биз көзгө басым жасагандыктан оозду күлгүн түстөгү помада менен боёйбуз.


8. Макияж аяктады. Кезек чач жасалгада. Жогоруда белгилеп кеткендей, бул жылы макияжда ачык түстөр көп колдонулгандыктан чачтын жасалгасы жеңил болушу керек. Анткени көз чачырабай бир эле нерсеге токтолушу абзел. Ошондуктан чачты чогултуп түйүү же учтарын тармалдатып жайып алуу туура болот.

МАКИЯЖ ЖАСООДО...

  • Эгерде бетти нымдоочу каражатыңыз жок болсо, тоналдык бет майды колдонуудан мурда бетиңизди муз же муздак суу менен нымдап алыңыз. Бул бет майдын сиңишине жардам берет.
  • Макияж сапаттуу косметикалык каражаттар менен жасалышы шарт. Себеби мейкап бир күн бою кармалып жүрүшү керек.
  • Майрамдык макияж кийген көйнөгүңүз, аксессуарыңыз жана чач жасалгаңыз менен айкалышуусу кажет.

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ОБРАЗДЫ ТОЛУКТОО ҮЧҮН МАНИКЮР ЖАСООНУ УНУТПАҢЫЗ

Майрамдарда гана эмес, күнүмдүк жашоодо да тырмактарды ар кандай түскө боёо модага айланган. Эмесе, сиздер үчүн Жаңы жылга карата маникюр жасоонун төмөнкү түрлөрүн сунуштайбыз.


Аты жок манжаңыздан башкасын кызыл лак менен боёп чыгыңыз. Ортон манжанын үстүнө ак лак менен чекиттерди коюп чыгасыз. Ал эми аты жок манжаңыздын тырмагынын жарымын гана кызыл менен боёп, калган бөлүгүнө Аяз атанын элесин түшүрүңүз. Бардык тырмагыңызды боёгондон кийин түссүз лак менен үстүнөн бастырып коёсуз.



Кышкы элементтерди камтыган маникюр кааласаңыз, тырмагыңызды бирдей түскө боёп алыңыз. Андан кийин атайын сүрөт түшүрүүчү каражаттын жардамы менен кардын сүрөтүн тартуу керек. Эгер өзүңүзгө ишенбей жатсаңыз атайын жылтырагы бар түссүз лактарды коюп, же стразаларды өзүңүз жактырган формада чаптап алыңыз. Маникюр же шеллак жасоодо түстөр туура тандалса, ошол идеалдуу болуп көрүнөт. Муну үй шартында жасап алсаңыз болот.

Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
04.01.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кийинки жаны жылга эми))бунусунда кеч калдык хахах
04.01.2017. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aseras,men da owonu aitayn degem.jany jyldy tosup algandan kiin 4ygarganynar emnesi? Negizi ele ar bir jumanyn 1-kunundo jany 4ygarylyw 4ygyp tur4u ele go, azyr emnege ar bir 3-kun sayn 4ygyp jatat super info???? Okurmandarynar kutot jok dese sebebin bilsek bolmok?
04.01.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sumka, саламатсызбы? Толук маалыматты бул жерден алсаңыз болот: http://www.super.kg/kabar/news/168419/
04.01.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
sumka,дуйшомбу чыкса деле кеч калмак.)
04.01.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз - "Супер сулуу-2016" сынагындыгы: "Ажарлуу сулуу" наамын утуп алган АЙЗАДА АБАНБЕКОВА экен... :-)
Brendi_mega түзөттү 2017-01-04 18:09:35
04.01.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сүрөттү көрүп алып кыздар менен танышканда абайлаш керек болуп калды.
07.01.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KgEka,хехехе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо