БИШКЕКТИ БАШКАРУУГА ЭКИ ГАНА ТАЛАПКЕР АТ САЛЫШАТ

№740 06-январь-12-январь, 2017-ж

Борбор калаабыз Бишкек шаарынын мэрлигине эки талапкер гана сунушталды. 4-январда шаардык кеңештеги партиялардын калаа башчылыгына талапкерлерди сунуштоо мөөнөтү аягына чыкты. Буга чейин БШКга учурдагы мэр Албек Ибраимовдун талапкерлиги КСДП, "Республика-Ата Журт" жана "Кыргызстан" фракцияларынан куралган көпчүлүк коалиция тарабынан көрсөтүлгөн болсо, ага жалгыз атаандаш катары оппозициялык "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Нурдин Абдылдаев сунушталды. Шаар башчылыгына талапкер сунуштоо укугу өкмөт башчыга да берилген, бирок премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ал укукту пайдалануудан баш тартты. Ибраимов Бишкекти башкарып келе жатканына 1 жылга чукул убакыт болду. Ал эми Абдылдаев Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана Ысык-Көл облусунун мурунку жетекчиси катары белгилүү. Саясий серепчилер "Бишкек шаары кайрадан эле Албек Ибраимовдун башкаруусунда калат" дешет. "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев болсо "Абдылдаевдин талапкерлигин жөн гана альтернатива катары чыгарган жокпуз" дейт. "Бишкек мэрин шайлоого катышуубуз – бул жөн эле альтернатива эмес. Биз мэрдин кызматы үчүн чындап күрөшөбүз. Депутаттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, эгер жашыруун добуш берүү процедурасы сакталса, анда биздин талапкердин жеңишине бардык мүмкүнчүлүктөр бар",- дейт Төрөбаев.
Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешинде 2016-жылдын 11-декабрындагы шайлоодон 5 партия жеңип чыккан. Алар: КСДП, "Республика-Ата Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары. Шаар мэрин шайлоо 11-январда өтөт. Мэрликке талапкер жеңишке жетиш үчүн 45 депутаттын жарымынан көбүнүн колдоосуна ээ болушу керек.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо