1 ЖАШТАГЫ БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ

№740 06-январь-12-январь, 2017-ж

Бүгүн сиздин үйүңүздө майрам! Балаңыз ымыркай курактан өтүп, 1 жашка чыкты! Сиздин маңдайыңызда кичинекей киши турат. Анын өзүнүн мүнөзү, каалоосу, адаты бар. Бул курактагы балдар өзгөчө кам көрүүнү талап кылат. Кандай камкордук? Бул тууралуу ЮНИСЕФтин колдонмосунда кеңири айтылган.

ФИЗИОЛОГИЯСЫ

  • Бир жаштан кийин баланын чоңоюусу мурдагыга салыштырмалуу басаңдайт, салмак кошуусу азаят. Кабатырланбаңыз, бул нормалдуу көрүнүш. Анткени бала көп кыймылдап, күчү ошого сарпталат. 1 жаштагы баланын орточо салмагы 8-11 килограмм жана бою 71-78 сантиметр болушу мүмкүн.
  • Адатта 1 жаштагы баланын болжол менен 6-8 тиши болушу мүмкүн. Эгер андан аз же көп болсо кабатырлануунун кереги жок. Себеби ар бир баланын өсүүсү ар башкача болот.
  • Уйкусу мурдагыдан азаят. Эми ал күндүз бир маал 2-3 саатка чейин укташы ыктымал. Ойгонору менен шак эле керебетинен түшөт. Жата берүү ал үчүн кызыксыз, ага азыр тегерегиндеги жаңы нерселер кызык. Балага жолтоо болбоңуз. Залакасын тийгизе турган нерселерди, ширеңке, ийне, бычак, кайчы сыяктуу буюмдарды ага көргөзбөңүз.
  • Таанып билүүсү, жеке изилдөөлөрү күчөйт.
  • Бир аз баса алат. Бул учурда көп жыгылат. Катуу жабыркайт деп коркпоңуз. Анткени анын көлөмү азыр кичинекей, салмагы оор да эмес. Анын сөөктөрү сынат дегениңиз да туура эмес. Сөөктөрү органикага толгон, демек, ал абдан ийилчээк. Бала өзү көтөрүлгөнү туура. Себеби баланын булчуңдары чыңалат, тең салмактуулук пайда болот. Өзүн алып жүрүүгө үйрөнөт. Бул учурда сизден мээримдүү сөздөр жана колдоо гана талап кылынат.
  • Чоңдордун колунан кармап чуркай алат.
  • Жөнөкөй сөздөрдү айта алат. Бул учурда бала уккан сөздөрүн эсине тутуу менен алек болот. Андыктан аны менен көбүрөөк маектешиңиз, сөздөрдү так, туура жана толугу менен айтыңыз. Ал айлана-чөйрөнү сиз аркылуу кабылдайт, ошондуктан болуп жатканды түшүндүрүүгө аракеттениңиз. Негизи ар бир баланын тилинин чыгышы ар башкача. Бириники эрте чыкса, бириники кеч чыгат дегендей. Эгерде сиздин балаңыз азырынча сүйлөй элек болсо, кабатырланууга себеп жок.
  • Чыныдагы суусундуктарды өз алдынча ичип, кашык кармап төгүп-чачып болсо да тамак жей алат.
  • Өз тилинде күлтүккө барам деп билдире алат.

ПСИХОЛОГИЯСЫ

  • Ал "чоң изилдөөчү". Эмне жаман, оор, коркунучтуу экендигин билип баштаган кези.
  • Чоңдорду туурай алат. Мисалы, "оюнчуктарды жыйнайбыз, бул жакка сал" деп көрсөтсөңүз, кадимкидей жыйнайт.
  • Балада жагымсыз эмоциялар болушу мүмкүн. Жинденип жатканын да көрүүгө болот. Кыйкырат, колу менен жаңсайт, буту менен тебинет.

БАЛАНЫН БӨЛМӨСҮ

Баланын бөлмөсү жарык болуп, дайыма желдетилип, температурасы 20 градустай болгону жакшы. Баланын буюмдарын дайыма таза кармап, өз убагында чаңын ным чүпүрөк менен сүртүп туруу зарыл. Анын өзүнчө керебети болушу керек. Керебеттин асты жыгачтан жасалганы дурус, анткени эгер керебет ийилчээк болсо бала түз жата албай, омурткасы кыйшайып калуусу ыктымал.

БАЛАНЫН ТАМАКТАНУУСУ

Бул куракта баланы эмчек эмизүүдөн сырткары керектүү витаминдер, углеводдор, май, белок, туз менен камсыздап туруу керек. Балага тамакты үй-бүлөлүк дасторкондон бериңиз: майда тууралган эт (майсыз), боор, балык, сууга бышырылган жумуртка жана буурчактар, түрдүү жер-жемиштер, жашылчалар жана жаңгак, сүт жана сүт азыктарынан даярдалган тамактар (быштак, эжигей, кефир же айран). Кадимки таза суу, алма, банан, атайын витаминдештирилген ботконун түрлөрү да абдан пайдалуу. Тамактануусу ар тараптуу болуп, бирок ошол эле учурда баланын ашказаны сиңире алуусу керек. Баланын ар бир тамактануусу 300 миллиграммдан (1,5 стакан) кем эмес болушу зарыл. Баланы күнүгө 5 жолу белгиленген бир учурда тамактандыруу керек, ошондо үй-бүлөлүк дасторкондон 3 жолу жана 2 жолу шам-шум (жемиштер, май сүйкөлгөн нан, айран, кефир, май токоч, каймак кошулган быштак) болот. Беймаал тамактандыруу анын табитин начарлатат. Эгер бала тамак ичкиси келбесе аны зордоп, коркутуп, алдап жедирүү жарабайт, тамакка кызыгуусун арттыруу үчүн чогуу же балдар менен тамактандыруу сунушталат.
Баланын өз убагында заңдоосуна көз салуу керек, ич каткандан да анын табити начарлайт. Эгер табити өтө начарлап кетсе, дарыгерге кайрылуу керек.

БАЛАНЫН КИЙИМДЕРИ

1 жашында бала көп кыймылда болот. Андыктан анын кийимдери кыймылына тоскоол болбошу керек. Пахта кездемеден тигилген, таза жана үтүктөлгөн кийимдер сунушталат. Бала жаңыдан басып жаткандыктан талапка ылайык бут кийим тандаңыз.



Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(16)
11.01.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер экен.биз да жакында буюрса 1ге чыгабыз.
11.01.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат админ 2же 3айлык ымыркайларга кантип кам корулот. жазып коюнуздар сураныч.
11.01.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
farida.kg.1991, саламатсызбы? Бул жерден окусаңыз болот: http://www.super.kg/article/show/38643
11.01.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кеңештер үчүн рахмат. Админ бала эмне себептен кусушу мүмкүн маалымат алып бериңиздерчи.
11.01.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktygul2016, саламатсызбы? Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз, рахмат.
11.01.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеңештер экен
11.01.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизда 14у 1жашар болобуз баламдын 13 тиши чыкты Кудайга шугур баары баары жайында экен :)
11.01.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
karasuu биз 15 и 1ге чыгабыз бирок 4 эле тишибиз бар(
12.01.2017. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз бир жаш бир айлык болдук бирок 2 эле тиши бар 4 тиши чала чыгып токтоп калды анан да кечке суйлошом апа ата дечи деп бир да соз суйлобойт
12.01.2017. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз бирге чыктык.Алты тиши бар.
12.01.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен качан баламдын тишин санайм?
13.01.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты кенештер, чоон рахмат Сиздерге. ЮНИСЕФтин балдарга салымы зор.
13.01.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ англис тилин канча жашта уйротуп баштаса болот жана кандай китептер менен. Ошонуда жазыныздарчы.
16.01.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжигей деген эмне ким билет
16.01.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат жакшы кенештер экен
18.01.2017. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжигей деген быштак болсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо