ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (9-январдан 15-январга чейин)

№740 06-январь-12-январь, 2017-ж

КОЙ (21.03-20.04)
Сиздин кылык-жоругуңузду иштегилер басмырлоо катары кабыл албашы үчүн ойлонуп иш кылыңыз. Үйдөгүлөрдүн бири жакшы жаңылыгы менен кубантат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Иште аброюңузду көтөрүүчү позитивдүү өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Эске алчу нерсе, туура эмес сөзүңүз менен баарын бүлдүрүп албаңыз. Конок тосууга камданыңыз, туугандар келет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жеке мамилелер курчуйт. Досуңуз сиздин пикириңиз менен эсептешпей, ортодо чыр чыгат. Ачууга алдырбоого аракет кылыңыз. Белек көтөрүп барчу жер чыгат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жашоо сизге сюрприз тартуулайт. Ишке ашууга кыйын делген максатыңыз жүзөгө ашат. Буга кимдир бирөө салым кошот. Гардероб жаңыртууңуз мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)
Жакындарыңызга кенен убакыт бөлчү кез. Кыялдарды жыйыштырып, каржыңызды үнөмдөп, документтериңизди тактап коюңуз. Сапарга чыгып калууңуз ыктымал.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сүйүктүүңүз менен эс алууга каржылык тартыштык жол бербейт. Бирок кандайдыр бир иш-чарага конок катары чакырылууңуз мүмкүн. Жаңы адамдар сизге жаңы идеяларды тартуулашат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Шеригиңиз акылдашпай иш жасап, анын кесепети сизди кайгыртат. Пландалган иштериңиз убагында бүтөт. Жакындарыңыздын бирин узатасыз же тосуп аласыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Бирөөлөргө ишенип сырыңызды, ичтеги таарынычтарды айтпаңыз. Айтканыңыз элге жайылып, уят болосуз. Үйдөгү ашыкча буюмдарды сатыкка коюуңуз мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Короону, үйдү тартипке келтирүү, бузулган электр буюмдарын оңдотуу иштери чыгат. Балдардын талабы менен аларды эс алдырып келесиз. Эски досуңуз менен жолугасыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жетекчилик көп иштерди жүктөп, аларды аткарам деп чарчайсыз. Кейибеңиз, тапканыңыз мол болот. Жакындарыңыз сизге балдарын убактылуу карап турууга беришет.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жагымсыз окуяга кабыл болуп, бийлик же мыйзам өкүлдөрү менен эсептешүүгө туура келет. Бирок кошумча иште да иштей коюп, кирешеңизди көбөйтө аласыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Карьера жасайм дегендер таасирдүү адамдардын колдоосуна ээ боло алышат. Ашказан-ичеги оорусу барлар күчтүү тамакты чектебесе, оорусу козголот. Туугандардан кабар аласыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо