КОРЕЯМАНИЯ

№740 06-январь-12-январь, 2017-ж

"Индияда күн сайын кино тартылабы?" дечү элек. Эми "корейлердин сериалдан башка иши жокпу?" дегендер четтен чыгат. Корей атактууларынын өңүн ажырата албай, атын жаттай албай жүдөчүбүз. Азыр аларды бир тууганындай билгендер жетиштүү. Баш айланткан кореямания кантип башталды эле?..

"ЖҮРӨГҮМДҮН ЖЫЛДЫЗЫНАН" БАШТАЛГАН СТАРТ



Учурда "корей толкуну" деген түшүнүк бар. Аны азыр Түштүк Кореянын экономикалык керемети деп да коюшат. "Корей толкуну" дегенди кытай журналисттери Түштүк Кореянын заманбап маданиятынын өтө тездик менен жайылуусунан улам чыгарышкан. Азыркы толкундун алгачкы сыдырым жели эмнеден башталган? Албетте, корей сериалдарынан. 1998-1999-жылдар эсиңиздеби? Жапырт кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапкан Кан Мин Хи. Анын гелденген көкүлү жигиттердин арасында мода да болуп кеткен. Дизайнер Ли Жун Хини да унута элек чыгарсыз? Көз күйдүргөн эки мырзанын ортосунда калган жетим кыз Юн Хичи? Мына ушул 1997-жылы тартылган "Жүрөгүмдүн жылдызы" "корей толкунун" жараткан сериалга айланган.
Андан ары гана "Кышкы соната" (2002-жыл) менен "Ва банкты" (2003-жыл) корей сериалдарынын мега-хити десе болот. Голливуддан тышкары эң көп гонорар алган актёрлор, актрисалар түштүк кореялыктар болуп саналат. "Кышкы сонатанын" жылдызы Пэ Ён Жун тасмага тартылуу үчүн 5 миллион доллар сурайт. Ал эми "Сарай бермети" (2003-жыл) сериалы дүйнөнүн 89 өлкөсүндө көрсөтүлгөндүгү менен корей дорамаларынын рекордун койгон.

КОРЕЙЛЕР КИНОДОГУДАЙ СУЛУУБУ?



Адамда эмне жок болсо, ал ошого жетүүнү самайт деп коюшат эмеспи. Корейлер кинолору жана сериалдары аркылуу сулуулукка ашыкча суктануусун жашырышпайт. Бекеринен, Түштүк Кореяда пластикалык операция жасатуу популярдуу болбогон чыгар. Аны менен "Made in Korea" косметикасы адегенде Азияда, акырындык менен дүйнөлүк рынокто өз ордун ээлеп жатат. 2012-жылы Кытайда териге кам көрүүчү каражаттардын сатуусу боюнча корей бренддери "Johnson&Johnson", "Unilever" сыяктуу гиганттарды артта калтырган. BB крем, маска, терини нымдуу кылган спрейди азыр кыргыз кыз-келиндеринин косметичкасынан оңой эле табууга болот. Баса, BB крем биринчи болуп Германияда 1968-жылы чыгарылган. Анын макияж үчүн эмес, операциядан кийин тырыктарды айыктыруу үчүн ойлоп табылганы кызыктуу.

"КЕСМЕ ЭМЕС, БУЛ РАМЁН"



Буга чейин корей ашканасы десе, сабиз менен фунчёза кошулуп жасалган салатын, туздалган капустадан турган кимчхини гана элестетер элек. Корей сериалдарында башкача бир табит менен тамактанып жаткан каармандарды көргөндө, азыр кантип дүкөнгө жетип барып, рамёнду сатып алганыңызды билбей каласыз. Мындай жеңил тамакты жасоодон эрингендерге борбордо рамёнду бышырып саткан жайлар да бар. Кимбап, ттокпокки, кимчхиччиге, пулькоги... Оромо, шорпо, палоо, кесме деген тамак-аштай эле болуп бара жатат. Бир гана айырмачылыгы корей ашканасы жалпы жонунан ачуу тамактардан турат жана аз калориялуу, демек, диета кармагандарга идеалдуу меню болуп берет.

K-ПОП: КАЧКЫЛА, ФАНАТТАР КЕЛЕ ЖАТАТ...



К-поп – бул Түштүк Кореяда жаралган музыка жанры. Өмүрү уга элекмин десеңиз, калпычы болуп каласыз, жок дегенде PSY ырдаган "Gangnam style’ды" уксаңыз керек. Корей поп топтору сулуу жүздүү, келишкен келбеттүү, бирдей мыкты ырдай да, бийлей да алган жигиттерден же кыздардан турат. Ырларынан хип-хоптун таасири билинет. Топту, же ырчыны атактуу кылуу үчүн аталган өлкөдө компаниялар 400 миң долларга чейин акча коротушат. 9-10, кээде андан да жаш курагында тандалган болочоктогу жылдыздар компаниянын катаал эрежеси менен жатаканада жашап, жылдар бою ырдоону, бийлөөнү үйрөнүшөт. К-поп топторунун эң алды жылына 30 миллион доллардан ашуун киреше табышат. Бул тармактын дагы бир өзгөчөлүгү – анын фан-клубдарында. DBSK тобу "дүйнөдөгү эң чоң фан-клубу бар" деп 2 жолу Гиннесс рекорддор китебине кирген. 2008-2009-жылдары топтун 1 миллион 200 миң фанаты болгон. JYJ тобунун бир жолку Сеулда өткөн концертине чет жактан 7 миң күйөрманы учуп келген.

"БИР ГАНА БИЗНЕС..."

"Жеке эч нерсе жок. Бир гана бизнес" деген Майкл Корлеоненин сөзүндөй, "корей толкуну" чоң бизнес долбоорундай өлкөсүнө миллиондогон долларларды алып келген киреше булагына айланды. 2014-жылы аталган өлкөгө 14 миллион чет жердиктер барган, ал 2012-жылга караганда 4 миллионго көптүк кылат. Андай туристтердин көбү сүйүктүү сериалы тартылган жайга зыяратка барышат. Анын арасында кыргыз жигити Эрик Жумабаев да бар.
Корей актёру Ли Мин Хо, же эл тааныгандай Гу Чжун Пёнун "корей толкуну" тууралуу айткан сөзү менен жыйынтыктайлы: "Жактырган сериалы тууралуу маалыматты табуу башка өлкөдө жашаган күйөрмандарга кыйын. Бирок корей дорамасын көрүү үчүн корейчени үйрөнүп, кийин Кореяга кызыгып келген адамдарды көргөнүмдө "корей толкунунун" күчү мына ушул" деп кабыл алам".

Бул "Кышкы соната" тартылган жер. Кыз-жигиттер көп келерин байкадым. Аралга жетүү үчүн 500 сом төлөп, кеме менен баруу керек",- дейт "Супер-Инфонун" мурунку кызматкери Эрик Жумабаев.


Эльвира Караева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(37)
11.01.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Азыр корей кинолоруна караганда түрк кинолору порулярдуу ары кызыктуу түркмания
Farm94 түзөттү 2017-01-11 10:24:19
11.01.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Farm94,внутри, отважный и красавица сонун сериал
11.01.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
азыр EXO дагы бир балекет дегендин ырлары менен оорушат
11.01.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Викингини эч коруп бутолбай журом 4сезонуна келгем
11.01.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Воопще сериал корбойм..бекерчилер корот кобунчо.
17.01.2017. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ozgeldi,жаңылышасыз) мнн бекерчи эмесмин бирок сериалга убактым бар)
11.01.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Корея сериялдары бары окшош 4 же киши бири бирин суйуп журо беришет 3 бурчту суйуу
11.01.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бигбенг группасын эле жакшы кором, кинолорун корбоймун.
11.01.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
азыр кобунчо фантазия болуп калды кинолору мурун сапаттуу болчу,убакытты откозуш учун еле кором
11.01.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Косем Султан сериалын коромун
11.01.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу сериал коргондорго тушунбойм ишинер жокпу кылаарга.
11.01.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корейлер оз жергесин реклама кылыш учун деле кино тартат.Туристтерди аттырыш учун.
12.01.2017. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Почему, почему любовь" деген киносу жакшы чыккан. Бирок которула элек экен!
12.01.2017. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Нымтырашып эле журо беришетко эээляаа!))
12.01.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
азыр озубуздо соон кинолор тартылып жатыптыр жакты. мурун сотка менен тартып эле кино дей беришчу
12.01.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушулардын көздөрүн ачып жумганы жаңы туулган кучуктор бар го көздөрүн ачып жумуп ошолорго окшоштурам
12.01.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен да сериал корбойм убакыт да жок. байкашымча акыркы кинолору мааниси манызы жок эптеп эле суйуу уч бурчтугу болуп эле эзилип журо беришетго.кийген кийимдери да бир кызыктай.. азыр аны биз деле кийе баштадык )) эмнеси болсо да маданияты онугуп туристерди озуно чакырып жатса олкосуно пайдалуу иш жазап жатышат экен..
12.01.2017. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдасы жок кинолор козунду агызат дечуу белее
13.01.2017. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деле сериал корбойм эч. Тааныштар бир сериалды талкуулап калышса аа ошону коруш кк деп унутуп коем. Чонойгонго бу билбейм интернет же тв корсом сразу жаны чыккан маалыматты кором. Ошентип эле убактым отот.
13.01.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tupoi
13.01.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макаланын аптору ушул кыз экенин билгем да, ушу)))
13.02.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijan, ^_^
13.01.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо мен аябай коп кором бирок фанаты эмесмин,менин курбум бар Миллана деген ого ага эч ким жетпесе керек,уй булоосу менен корот,корей тилин сериалдарын коруп уйронду,корейче ырдайт,бийлейт,даже манера,паходкасына чейин окшош ,кийимин айтпай эле коеюн,туфлини торт мезгилде да корбойс,турлоп кеды,кеды
14.01.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеолордо ырдаган кыздары аябай сулуу болушат ээ?
14.01.2017. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Корей эркектери барбы озу ? Нымтырап ыйлап жудоп журушо берет кыздарынан отуп. Ага карганда чынында турк сериалдары кызык эркектери дагы эркектей. Брутальный эркектик харизма бар.
14.01.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагаат)))
16.01.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силердиам серия коруп корбогонунордун кимге кызыгы бар.
16.01.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо жамааты,сиздерден сураныч! Мага Пак Шин Хе жонундо маалымат берип коюнуздарчыыыы. Сураныч... Мындан башта да суранган элем сиздерден.Эмнеге маалымат бербей жатасыздар. Супер инфо!
17.01.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Prosto-Anjelina, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилген, рахмат.
17.01.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул корейлердин сериалын корсом аллергия болуп кетем.
27.01.2017. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Норм сериалдары деле бар мен тангемди коп жолу кайталап коргом кее бир конолору бар чындыгында сапаттуу турмуштан алынган негизи озубуздон зависит этетго позитив нерселерди кообурок кабыл алсак жакшы болмок !!!!
21.02.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корей кинолорун көрсөм эле кореяда эркек жок окшойт деп ойлой берем
22.03.2017. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КараСевда'ны көргөндөр барбы??? Түркмания
15.01.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо саламатсыздарбы! Азыркы убакта дуйнону багындырып келе жаткан "BTS" кей-поп группасы тууралуу да кененирээк макала жарыяласаныздар, отуном.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо