ТОНАЛДЫК КРЕМ ТАНДАЙБЫЗ

№741 13-январь-19-январь, 2017-ж

"Мен жашоомду тоналдык кремсиз элестете албайм..." Мындай кепти айымдардын көпчүлүгүнөн угууга болот. А сиз алардын катарын толуктайсызбы? Бул каражатты бетиңизге сүйкөп жатып анын курамында эмне бар, териңизге кайсы түрү туура келет, деги эле анын тарыхына кызыгып көрдүңүз беле? Төмөнкү макала дал ушул косметикалык каражат тууралуу болмокчу, таанышып коюңуз.

ТАРЫХЫ

Алгач Байыркы Мисирде, Байыркы Рим жана Байыркы Грецияда упа пайда болгон. Алар упаны шайтандардан коргойт деп ишенишкен. Кийинчерээк, бул каражатты колдонгон айымдар ак сөөктөрдүн урпактары экендигинен кабар берген. Аны ун, бор, чопо, акиташтардан жасашкан. Бирок мындай упаны колдонгондордун ден соолугу начарлап, жыйынтыгында жүрөк, боор ооруларына чалдыгышкан.
Ал эми кытайлык гейшаларга ден соолук керек тура. Алар жүзүн канаттуулардын кыгы, өсүмдүктөрдөн бөлүнчү чаң (пыльца растений) жана күрүч упасы менен агартышкан.
Албетте упа кийин тоналдык кремдин пайда болушуна түрткү болгон. 1935-жылы "Max Factor" фирмасы тарабынан актёрлор үчүн грим катары колдонуу максатында, чакан банкада "блинчик" аталышында чыккан. Андан бери сулуулук индустриясы бул жаатта бир топ өнүктү. Бүгүнкү күндө ар бирибиздин суроо-талабыбызга жооп берчү тоналдык кремдердин түрү бар. Болгону алардын кайсы түрү кандай учурда жана эмне үчүн колдонуларын билүү зарыл.

ТОНАЛДЫК КРЕМДИН ТҮРЛӨРҮ

Крем-камуфляж

Курамына суу сиңирбөөчү силикон, боёгу бар пигменттер кирген өтө коюу тоналдык крем.
Артыкчылыгы: Беттеги бардык кемчиликтерди жашырат жана сүйкөгөндөн кийин узакка чейин кетпейт.
Кемчилиги: Бетке сүйкөө өтө кыйын, атайын каражаттар менен гана кетирүүгө болот.

Тоналдык крем-упа

Кеңири тараган тоналдык каражат катары эсептелинет.
Артыкчылыгы: Майлуу тери үчүн эң мыкты табылга. Себеби курамында бетиңиздеги майды сиңирип алуучу кошулмалар бар. Күндө колдонсоңуз болот.
Кемчилиги: Үбөлөнүп түшө бергени.

Мусс түрүндөгү тоналдык крем

Артыкчылыгы:
Сүйкөгөндөн кийин топтошуп калбайт, жалтырабайт. Жашы өткөн айымдарга жана майлуу териге ылайыктуу. Зыяндуу кошулмалары жокко эсе болгондуктан такай колдонууга болот, жеңил сүйкөлүп, жеңил жуулат.
Кемчилиги: Беттеги кемчиликтерди идеалдуу кылып жаппайт.

Тоналдык крем-флюид

Бул кремди жылдын эң аптаптуу мезгилинде колдонуу туура.
Артыкчылыгы: Курамында терини жумшартуучу кошулмалар көп. Андыктан кургак, сезгич тери үчүн ылайыктуу. Күнүмдүк колдонууга ылайыкталган.
Кемчилиги: Сепкил, безетки сыяктуу бетиңиздеги кемчиликтерди толук жашырбайт.

Твинстер


Бош убактысы аз, дайыма шашып жүргөндөр үчүн ылайыкталган.
Артыкчылыгы: Упа катары да, тоналдык крем катары да колдонсоңуз болот. Упа керек болсо кургак губка менен, тоналдык крем керек болсо нымдалган губка менен бетиңизге сүйкөсөңүз болот.
Кемчилиги: Жок.

Суюк тоналдык каражат

Артыкчылыгы:
Териңиздин өңүнөн айырмасы жокко эсе, тегиз жана оңой сүйкөлөт, оңой жуулат, кемчиликтерди жакшы жабат, кургак жана нормалдуу терилер үчүн мыкты каражат.
Кемчилиги: Курамында зыяндуу компоненттер бар болгондуктан дайыма колдонууга болбойт, жакшысы, кечки макияж үчүн кээде гана колдонгонуңуз оң.

Чакан стиктер


Майлуу кошулмаларга бай болгон бул каражат видеого же сүрөткө көп түшкөн ар бир бийкечтин сумкасында болууга тийиш.
Артыкчылыгы: Кандай кемчилик болбосун жашырат. Теринин бардык түрүнө, өзгөчө көйгөйлүү терилер үчүн ылайыктуу.
Кемчилиги: Колдон келишинче азыраак колдонуу керек. Себеби теринин дем алышына тоскоолдук жаратат.

ТОНАЛДЫК КРЕМДИ БЕТКЕ ШЫБООДОГУ КОЛДОНУЛУУЧУ КАРАЖАТТАР:

Кисть – суюк каражаттарды колдонууга ыңгайлуу. Жакшысы, жалпак формадагы кисть сатып алыңыз.


Губка жана спонждор
– тоналдык кремиңиздин териңизге жакшы сиңип, көпкө кармалуусун кааласаңыз, анда губка, спонж колдонуңуз. Губканы нымдап алсаңыз тоналдык крем териңизге идеалдуу сүйкөлөт.
Колдун жардамы менен күндүзгү макияжды сүйкөңүз. Себеби колуңузга тийген тоналдык крем жылып, сүйкөгөнгө оңой болот жана крем аз сарпталат.

ТӨМӨНКҮ КРЕМДЕР ТОНАЛДЫК КАРАЖАТ ЭМЕС!

Бийкечтер үчүн төмөндөгү бет майлардын популярдуулугу жогору. Ооба, бет май, себеби алар тоналдык крем болуп эсептелбейт. Бирок көпчүлүк бул тууралуу кабардар эмес. Анда ВВ-кремдер тууралуу маалымат.

ВВ

Англисчеден «beauty balm» сулуулук бальзамы болуп которулат. Ал беттеги безеткилерди дарылайт, күн нурунан коргойт, терини жумшартат, (бирок жумшартуучу бет майдын ордун толук баса албайт) Дайыма тоналдык кремдин астына сүйкөгөнүңүз туура.

РР

«Pink рerfect». Күлгүн түстөгү бет май. Макияж үчүн база, терини тегиздеп, бырыштарды, тактарды жашырат. Бул кремдин түсүн көрүп чочубаңыз, сүйкөгөндөн кийин териңиздин түсүнө окшошуп калат. Бардык теринин түрлөрү үчүн ылайыктуу.

DD

«Daily defense» которсок, күнүмдүк коргоо деген мааниге ээ. Беттин терисин күндөн жана чаңдан коргойт. Жашы өткөн айымдар үчүн. Эскертүү: DD-кремдер теринин тешиктерин бүтөп коюшу мүмкүн, ошондуктан такай колдонууга болбойт.

СС

«Color сontrol» түстү көзөмөлдөө дегенди түшүндүрөт. Териңиздеги түрдүү түстөгү (өзгөчө сары, кызыл) тактар менен күрөшүүчү каражат. Майлуу жана көйгөйлүү терилерге ылайыкталган эмес.

Айнура Сагынбаева, врач-дерматолог, косметолог:
– Бетиңиздин териси сезгенип, косметикалык каражаттар жакпай жаткан учуру болсо, же күнгө өтө эле күйүп калса тоналдык каражатты колдонуудан карманып турганыңыз оң. Ал эми жүзүнө безетки чыккан, аллергиясы бар айымдар атайын терисине ылайыкталган тоналдык кремди колдоно беришсе болот.

Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(23)
18.01.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайдан алса болот адресин билгендер жазып коюнуздар алдын ала рахмат.
18.01.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да тоналдык кремдер жагат. Айырмаларын билчу эмесмин. Рахмат.
18.01.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маалыматтар экен! Менда эми ушулардан сатып алам ...
19.01.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zireshka248, сураныч кайдан аласын
18.01.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кенешинерге чон рахмат, абдан керектуу маалымат экен.
18.01.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле кайдан алса болот, адресин билгендер жазып коюнуздар алдын ала рахмат.
19.01.2017. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин беттиме сепкил тушуп кетти кантип кетирсем болот кенеш бере кеткилечи
19.01.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
19.01.2017. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kim kandai tonalka koldonot?Jazyp ketkile4i.Men faberlicten koldon4umun.
Azyr murdagydai 4ykpai kaldy
Jesika түзөттү 2017-01-19 03:36:48
19.01.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jesika,Корейский кремдер эн жакшы косметологдон кенеш алып ошого жараша тандап алып пайдаланган туура болот,ой келди эле ар кайсы кремди пайдалана берген болбойт
22.01.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurkyz1977,salamatsyzby?siz korey kosmetikalaryn koldonosbu?syrain degenim 380-400somdon kordum eke birok chynygy korey kosmetikaby bile albadim sebebi murun koldonup korbogonmun.oriflame den dnevnoi nochnoi tonalka koldonup betymy buzupblip emi sakaittym.azr bir az kildattyk mn tandayin degem.kosmetologdor betyne jakkanin koldon deshet....joop jazip koisoz
23.01.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zubi.zubi, жеке маек үчүн купуя бар.
19.01.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адресин айтып койгулачы сураныч
19.01.2017. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тональный кремди кайдан алам деп сурап жатасыздарбы тушунбодумго точно если мен ойлогондой болсо любой косметика саткан жерлерлен таба аласыздарго. Баасынын айырмасы жок десениздер шанелдин тональный кремдерин алыныздар ото кымбат эмеси керек десениздер орифлеймдин тональный кремдери да жакшы эле если туура тандасаныздар.
20.01.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men avondogu BB tonaldyk kremin koldonom aiabai jakwy jytyda betke siniwida jakwy avondogu luxe tonalnyida jakwy maga aiabai jagat bazardykyn koldonboim
20.01.2017. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
The one деген фирманын фарфоровый тоналдык бетмайын колдоном.
20.01.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда орифлеймден ББ фаберликтен сс кремдерин колдонуп журом, фаберликтин тоналкасы жакшы болчу жумшак
21.01.2017. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айвндын люкс тональный креми аябай сонун башкаларга да сунуштайт элем окунбойсуз тандаганынызга
22.01.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Мери Кейдин тоналы жакты кургак беттер үчүн сонун экен !
23.01.2017. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен 6жылдан бери Мери Кейдин тональный кремин колдоном. Соонун
23.01.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бирде летуальдан алдым эле такыр жакпады бетиме.Туура эмес тандап алган окшойм
03.03.2018. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы кузундожак жагыма кызырып бир нерсе чыкан кытышып толтура мазь суйкодум кеткен жок арак суйкоса кетет дешкенинен суйкосом 1эле жолу суйкодум кети бирок ошол жер кара коко так болуп калды кантип кетирсе болот рахмат.
04.04.2018. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тональныйдыхание кайсы убакта колдонсо болот. Жайда деле боло береби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо