ИБРАИМОВ "МИТИНГДИ МЕН УЮШТУРГАН ЖОКМУН" ДЕЙТ

№741 13-январь-19-январь, 2017-ж

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 11-январда жаңы мэрди шайлашты. Шайлоого катышкан 43 депутаттын 29у КСДП баштаган көпчүлүк коалициянын атынан талапкер болгон Албек Ибраимовду колдоду. "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан талапкер болгон Ибраимовдун жалгыз каршылашы Нурдин Абдылдаев депутаттардын 12 добушуна ээ болсо, 2 депутат "баарына каршы" деп добуш берди. Шайлоо учурунда мэриянын алдына Ибраимовдун жактоочулары чогулуп, үн күчөткүчтөр менен "Бишкек Ибраимовду колдойт" деп кыйкырып турушту. "Аталган көрүнүш шайлоо жыйынтыгына таасирин тийгизди" деп эсептейт талапкер болгон Нурдин Абдылдаев. Күтүлгөндөй эле, Албек Ибраимов "митингди мен уюштурган жокмун" деди. КСДПнын Жогорку Кеңештеги депутаты Жанар Акаев Твиттердеги баракчасына "Ибраимов ансыз деле мэрликке өтмөк, митинг уюштуруп эмне кереги бар эле? Мындан ары митингди бийликтегилер уюштурабы эми?" деп жазып чыкты.
Эскерте кетсек, эл аралык "Merser" уюмунун иликтөөсү боюнча, Бишкек шаары дүйнөдөгү жашоо деңгээли эң төмөн 27 калаанын катарына кирген. Унаа тыгыны, жолдордун абалынын начардыгы, жарыктандыруу жана тазалык сыяктуу маселелер шаардын негизги көйгөйү болуп эсептелинет. Акыркы бир жыл ичинде шаарды жетектеп келген Ибраимов кайрадан шайланды. Эми ал жогорудагы көйгөйлөрдү чечеби?

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо