-

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп
НАЗАРКУЛ ИШЕКЕЕВ дайындалды. Ал буга чейин жогорку окуу жайлардын биринде проректорлук кызматты аркалаган.
-
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 2017-жылдагы алгачкы эмгек өргүүсүнө чыкты. Ал 9-январдан 14-январга чейин Кытай Эл Республикасында болорун президенттик аппараттан кабарлашты.
-
Кыргыз өлкөсүндө ПЕНСИЯНЫН орточо көлөмү 5151 сом, ал эми эң көбү 75 миң-100 миң сомго чейин жетет. Бул боюнча Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров маалымдады.
-
Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп АЙБЕК КАДЫРАЛИЕВ дайындалды.
-
2016-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча МИГРАНТТАР мекенине 1 миллиард 835 миллион доллар акча которушкан. Бул өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 18 пайызга көп. Жогорудагы маалыматты Улуттук банктан маалымдашты.
-
Акыркы 5 жылда өлкөдө эркек балдарга караганда КЫЗДАР 23,6 миңге азыраак төрөлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.
-
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп ЗАМИРБЕК ОСМОНОВ дайындалды.
-
1-январдан 10-январга чейин Бишкектеги ТРАВМАТОЛОГИЯ жана ортопедия илим-изилдөө борборуна 195 адам кайрылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришинче, алардын көпчүлүгү көчөдө жаракат алгандар.
-
Казакстан интернетке болгон бааны 2017-жылдын январынан тарта мурунку баага түшүрдү. Эми Кыргыз мамлекети секундасына 1 мегабит ИНТЕРНЕТ үчүн 13-15 доллар төлөйт. Бул маалыматты "Кыргызтелеком" ААКсынан билдиришти.
-
2, 4, 8 күн ичинде тез арадагы тартипте ПАСПОРТ алуу тарифи дээрлик 2 эсеге арзандады. Бул тууралуу "Инфоком" ишканасынын директорунун орун басары Акын Мамбеталиев билдирди.
-
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдарга 1 ай ичинде жаңы кабыл алынган БАШ МЫЙЗАМГА ылайык өлкөнүн мыйзамдарын тартипке келтирүүнү тапшырды.
-
25 жылдан бери биринчи жолу Бишкектин ТРОТУАРЛАРЫ оңдоодон өтөт. Бул үчүн шаардык бюджеттен 50 миллион сом сарпталып, оңдоо иштери май айына чейин бүтөт.
- САНАРИПТИК телерадиокөрсөтүүгө өлкө толугу менен ушул жылдын 15-майына чейин өтүп бүтөт. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg