АЯЛЫМДЫН ЖЕМЕСИНЕН КУТУЛУУГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ...

№222 2-8-февраль, 2007-ж.

– Кийинки учурларда төшөккө жатканда эле аялым экөөбүз урушчу болдук. Анткени, мен төшөктө алсыз болуп кеттим, аялым болсо сексуалдуу. Ошондуктан, бир айласын таап дарылануу керек болуп калды. Бирок, бир жаман жери, эч дары ичким келбейт. Ошондуктан, дарысыз эле бел кубатты жогорулатуунун жөнөкөй ыкмасы барбы деп сурайын дегем. Акин, Талас.
– Лавр майын колдонуу менен бел кубатты калыбына келтирүүгө, көтөрүүгө болот. Дарылануу үчүн 1 тамчы лавр майын 1 аш кашык аракка кошуп, эртең менен жана кечинде тамак алдында ачкарын ичүү кажет. Рецепт жөнөкөй болгону менен чарчоону дароо жазып, бел кубатты калыбына келтирип, жогорулатат.


АЛДЫМ АЯБАЙ СУУЛАНЫП КЕТЕТ...

– Эркек менен жыныстык катнашта болгон учурумда жыныс кынымдан аябай суу агып кетет. Ошондуктан, уялып, өзүмдү-өзүм басынтып, кыйналып кетем. Жан жеримдин суусун чыгарбай, айыктыра турган дары барбы? Нази, Кант.
– Мындай дары жок жана муну дарылап да кереги жок. Андан көрө сиз сүйүнүңүз. Себеби, сиз жыныстык ал-күчүңүз боюнча эң күчтүү топко киресиз. Негизи, аял өтө берилсе, жыныс органдарына кан көп келип, өтө сезгич жыныстык нерв тамырлардын учтарын дүүлүктүрөт. Ошондо веналар көөп чыгат дагы, алар аркылуу кандан жыныс кынына таптаза, майланышкан суулар чыга баштайт. Суулар жыныс кынынын ички былжырак, назик катмарын сыйрылып, жарылып кетүүдөн сактайт. Анан дагы жагымдуу, жылмакай болуп, эркектин жыргал сезимин арттырат.


9 ШАРИКЧЕ КӨППҮ?

– Мен жакында “алигимдин” терисинин алдына 9 шарикче салдырдым эле. Эркектерден укканыма караганда, бул аялды төшөктө аябай ырахатка бөлөйт экен. Бирок, аялым кубанбай эле тескерисинче, кошулганда оорутуп жатат деп мени жемелөөдө. Сыягы, 9 шарикче көп болуп жатат окшойт. Эми эмне кылам, кайра алдырамбы? Элмир, Ош
– Шарикчелер оорутууну жаратып жатса, алдырып салууң кажет. Негизи, аялды төшөктө ыраазы кылууда шарикчелердин көптүгүнөн да, башкасынан да мурда аялды өпкүлөп, сылап-сыйпап, төшөккө даярдап, жакшы көрдүрүү керек. Ошондо гана аял магдырап, ырахатка чөмүлөт.


ЭМЧЕГИ КИЧИНЕ АЯЛ СЕКСУАЛДУУ БОЛБОЙБУ?

– Аялдын эмчеги кичине болсо, жыныстык жагынан делебеси аз козголобу?
– Жок, аялдын эмчеги чоңбу, кичинеби, сексуалдык жагынан козголуусу бирдей эле болот. Ошентсе да кээ бир аялдардын эмчеги өтө сезимталдуу келет. Эмчегинин үрпүн жакшылап дүүлүктүрүп койсоң эле эрип, дене кумарына канып кетет. Аялдын эмчеги менен жыныс органдары түзмө-түз байланышта. Эмчекти эпчилдик менен дүүлүктүрсө, аялдын жыныс органдары дүүлүгүп, делебеси козголот.

Сиздердин сурооңуздарга белгилүү
дарыгер-сексопатолог
Күлчоро Аскаров жооп берди


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
28.11.2013. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лавр майын аракка кошуп канча кун ичуу керек? Жооп берип коюнуздар сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо