ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (16-январдан 22-январга чейин)

№741 13-январь-19-январь, 2017-ж

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада «кайра өткөзсөмбү же сатып жиберсемби?» деген маселеге кабылбаш үчүн шашылыш түрдө буюм сатып албаңыз. Апта акырында сизди досторуңуз менен көңүл көтөргөн кече күтөт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Үйгө керектүү буюм сатып алууга жетчүдөй олжого ээ болосуз. Иште сизди жаңы долбоор күтүп турат, аткара алсаңыз карьерадан көтөрүлөсүз. Жекече эс алууга убакыт болот.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бирөөгө арачы болом деп купуя сырды билип калууңуз мүмкүн.Мамилелер жана байланыштар күчөйт. Эски досуңуз кайра сиздин чөйрөгө кошулат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Чыгармачылыкта жаңы эмгектерди жаратууга эргүү берчү апта. Бирөөлөр сыйлуу конок катары чакырышат. Коммуналдык маселелер боюнча коңшулар менен сүйлөшөсүз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада талаштуу маселелерди кабыргасынан коюп, чечишип алууга жетишесиз. Бойдоктор идеалына жакын адам менен таанышат. Дем алышта майда түйшүктөр чыгат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жылдыздар каржы жаатындагы чатактарга аралашпоону сунушташат. Ата-энеңиз сиздин акыркы күндөрү көңүл бурбай калганыңызга нааразылыгын билдиришет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жашооңузду жаңы бурулуштарга алып барган адам менен таанышып, жаңы маалыматтарды угасыз. Үйдө балдардын керектүүлөрүн алып берип, алардын сүйүнүчүнө күбө болосуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада тобокел иштер өзүн актайт, андыктан аларды колго алуудан коркпоңуз. Туугандардын айынан жан шеригиңиз менен урушуп калууга жетпеңиз. Апта аягында жаңылык угасыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Терең эмес мамилелер үзүлөт, муну мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алыңыз. Жумушта керектүү байланыш, ийгиликтүү кызматташуу күтөт. Акча сиз ойлогондон көбүрөөк болот.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Туугандардан жардам күтүп, шаабай суутарлык жооп укканда чөгүп калбаңыз. Күтө турсаңыз маселе оң жагына чечилет. Сизге көз арткандар менен тирешип калбоо үчүн куулук кылыңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Башкаларга кеңеш берүүдө да абайлаңыз, үй-бүлө очогунун бузулушуна себепкер болуп калууңуз ыктымал. Каралбай калган короо-сарайды иретке келтирүүгө убакыт табылат.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада эч кимге ишенбей, өзүңүз акыл калчап чечим чыгарчу кырдаал жаралат. Туура чечүүгө аракет кылыңыз. Акчаңызды эсептеп чыгып, карызыңыздан кутулууга мүмкүнчүлүк болот.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо