4-5 ЖАШТАГЫ БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ

№742 20-январь-26-январь, 2017-ж

4-5 жаштагы бала. Мурда жөн гана дүйнө таанып жүргөн бөбөк азыр кадимки инсанга айлануу жолунда. Көпчүлүк ата-энелер ушул куракта балага керектүү деңгээлде көңүл бөлбөй калышат. Мындан улам балада туура эмес мүнөз, адат калыптанат. Бул курактагы баланы тарбиялоодо дагы эмнелерге көңүл буруу керек? ЮНИСЕФтин тиркемесин барактайлы.

4 ЖАШТАГЫ БАЛА

ФИЗИОЛОГИЯСЫ

  • 4 жаштагы баланын сырткы келбети олуттуу өзгөрүлөт. Денеси мурдагыдай борпоң болбой, чымыр тартып, булчуң ткандары көбөйө баштайт. Бул курагында бала спорт менен алектенсе болот: сууда сүзүү, гимнастика, лыжа. Мунун баары булчуңдардын өсүшүн шарттайт жана иммунитетти көтөрөт.
  • Сүт тиштеринин саны 20 болушу кажет. Ал эми чыга элек болсо, балдар стоматологуна кайрылуу керек.

ПСИХОЛОГИЯСЫ

4 жаштагы баланын мүнөзүндө өзгөрүүлөр байкалып, аны пессимисттик ойлор курчайт. Ал "мени эч ким жакшы көрбөйт, эч кимге керегим жок" деген кепти айтат. Бул куракта балага мактоо сөздөрү керек. Жакшы жасаган нерселерин мактаңыз. Бала жакшы менен жамандын айырмасын билиши керек. Эгер бир нерсени туура эмес жасаса кыйытып айтып, жакшы болбой калганын урушпай, жумшак түшүндүрүңүз.
Жаңы нерселерди кабыл алуусу жакшырып, көп нерселерди билип калат. Бул куракта баланы маданиятка үйрөтүү керек. Балдар үчүн мультфильмдердин, концерттердин баары ага жагат. Андыктан балаңыз менен чогуу көргөнгө аракет кылып, ал тууралуу маектешиңиз. Бул жол менен балаңызга анализ жасаганды, жыйынтык чыгарганды, өз оюн билдирүүнү үйрөтөсүз.
4 жаштагы бала "эмнеге?" деген суроону бергенден тажабайт. Болжол менен күнүнө 400дөй суроо бериши мүмкүн. Андыктан анын суроосуна так, туура жооп берүүгө даяр туруңуз.
Бул куракта баланын майда жана чоң моторикасын өөрчүтүү керек. Ал үчүн үйдөн гимнастика жасаңыздар. Майда моторика үчүн пластилинден ар кандай жаныбарлардын кейпин жасаңыздар, сүрөт тартыңыздар.
Тамгаларды үйрөтүүгө болот. Оңой айтыла турган тамгалардан баштаңыз. Мисалы, "а", "о" "у" жана башкалар. Тамгаларды тартып же пластилинден жасаса болот. Мындай элестүү кабыл алуулар аркылуу бала тамгаларды тез жаттайт. Бала түшүнүктүү сүйлөп калат. Эгер көп тыбыштарды, тамгаларды туура эмес айтса, анда логопедге алып баруу керек.
Бул куракта өзүнө болгон кызыгуусу күч алат. Ал кандай болуп чоңоёрун, чоңойсо ким болорун да билдире баштайт.

5 ЖАШТАГЫ БАЛА

ФИЗИОЛОГИЯСЫ

  • Кичинекей курсагы жоголуп, бою узарып өстү. Ал мурдагыдай эле кыймылдуу. Андыктан бала балансталган жана пайдалуу азыктар менен тамактануусу керек.
  • Өзү кийинип, чечине алат.
  • Жөнөкөй математикалык эсептерди чыгарып, кыска сөздөрдү окуй алат.
  • Ата-энесине жардам бере баштайт.
  • Өзү теңдүүлөр менен баарлашат.
  • Санайт, ырдайт, бийлейт. Логикалык оюндар менен ойной да алат.

ПСИХОЛОГИЯСЫ

5 жаштагы бала өз оюн түшүндүргөндү билет, сурооңузга жооп бере алат.
Чоңдор бошобой жатса өз иши менен алек болот.
Инсандык сапаттары калыптана баштайт. Бул учурда ар бир ата-эне баласына керектүү деп эсептелген сапаттарды үйрөтүп же ошол сапаттарга үндөй алат. Кээ бир ата-энелер өзүлөрүндөгү жок сапаттарды баласына таңуулашат. Баланы мажбурлоо туура эмес. Ошондуктан жакшы сапаттар эң оболу сизде болуусу керек.
Өз ысымын, фамилиясын, дарегин, ата-энесинин ысымын айтып бере алышат жана буга баланы үйрөтүү керек.
Бала сөз куроодо синонимдерди, антонимдерди колдонот. Болгон окуяны жакшы айтып берет. Тамашаны түшүнөт жана өзү да тамашалай алат.
Баланын эске тутуусун өөрчүтүү керек. Мультфильм көргөндөн кийин айтып берүүсүн сураныңыз. Бул анын эске тутуусун өстүрөт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(5)
25.01.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер-Инфо, ушул кенешинерге тиштерине кандай кам коруу керек, ошону да кошуп жазып кеткилечи сураныч.
25.01.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisuluu7, саламатсызбы? Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз, рахмат.
26.01.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле тиштерге кантип кам корсо болот менин кызым 1жаштан отту тиштери карарып тешилип тушуп атат
26.01.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат.Сонун кенештер экен!
28.01.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тиши чыга баштаганда шеткалар бар ошолор менен пастасы жок эле акырын тазаласаныз болот. Бир жаштагы балага кадимкидей тиш щетка жана пасталар бар эртен менен кечкисин созсуз озунуз козомолго алып тишин жуудурунуз. Ал пасталарды жутса эч нерсе болбойт бирок жутурбай тукургонго уйротунуз. Менин кызым 2жаш 10ай болду. Кадимкидей тишин жууйт. 5и 1 51деп айта алат. Тамгаларды корсотсон айтат кайсыл тамга экенин бирок окуй албайт. Ыр жататып уйротуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо