ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (23-январдан 29-январга чейин)

№742 20-январь-26-январь, 2017-ж

КОЙ (21.03-20.04)
Иштериңизди бүтүрүшкөнгө жардамчылар табылат. Жумушта өз оюңуздан кайтпаңыз, чындык сиз тарапта. Байкабай жаман окуяга күбө болуп калбоо үчүн түндө жалгыз жүрбөңүз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Оор деген жаңы нерселерди өздөштүрүп, ишиңиз алдыга жылат. Бирок бирөөлөрдүн акчасын өз кызыкчылыгыңызга жумшап жиберип, кайтарып бере албай калуудан сактаныңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Кылган ишиңизге жооп берип калбаш үчүн мыйзам чеги менен болуңуз. Үйдү тазалап, ашыкчалардан арылуу менен жеңилдеп алууну ойлоңуз. Кээ бирлерде жеке мамилелер салкындайт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Азыркыдан да кызыктуу жана пайдасы көп иш табууңуз мүмкүн. Жаңы таанышуунун келечеги жок болгону менен, убактылуу рахат тартуулайт. Үйдө чырдын алдын алып үнүңүздү көтөрбөңүз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Жетекчиликке талаптарды кабыргасынан коюу менен бир топ нерсеге жетишесиз. Көңүл ачуучу кечеге чакырык аласыз. Душманды көбөйтпөө үчүн бирөөлөрдүн жолун кесип өтпөңүз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Үй-бүлөлүк түйшүк көп артылат. Туугандардын бирин карап-багуу үчүн иштен суранууңуз ыктымал. Кошумча акча иштеп табуу аракетиңиз ишке ашат. Жагымдуу жаңылык угасыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үйдөгүлөрдүн маселесин чогуу-чаран отуруп чечип, сатып алууларга акча топтойсуздар. Иште лидерлик касиетиңизди көрсөтүүчү абал жаралат, колдонуп, аброюңузду өстүрүңүз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Ашыкча мамилелерден, жаман адаттардан кутула баштаңыз. Алар алдыга жылууңузга тоскоол болот. Идеяңызды уурдап алгандарды жөн коюңуз, акыйкаттык бат эле орнойт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Каражатты туура бөлүштүрүү менен чоң нерсеге акча арттыра аласыз. Чыр окуяда ким эки жүздүү, ким калыс экени билинет. Апта жолугушуулар, романтика менен аяктайт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жалкоолонбой иштерди убагында бүтүрсөңүз, эс алууга убакыт артат. Керектөө үчүн карыз же банктан насыя алууңуз ыктымал. Стилди өзгөртүү үчүн салонго баш багасыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кооптуу чечимдерге бел байлабай туруңуз, артында өкүнүп каласыз. Кирешеңиз өсүп баштайт. Эски досуңуз жолугушууга чакырат. Электр шаймандарын оңдотуу иштери да күтүүдө.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Жаңылбаш үчүн улуулардын кеңешин угуу кажет. Интернеттеги достордон керектүү маалыматтар келип түшөт. Мал же чоң буюм сатып алууңуз мүмкүн. Апта аягында сапарга чыгасыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо